Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Ырыскылар кайда жашырылганын билесизби?

Автору: Сымбат Эсенкан кызы / Сүрѳттѳр: Интернет / Жарыяланды: 14 январь 2019

Көпчүлүк адамдар бул жашоодо бай жана ийгиликтүү болгулары келишет. Айлыгы көп жумушта иштеп, сапаттуу, кымбат кийим кийип, балким, акыркы үлгүдөгү машина айдоону самашаттыр. Айрымдары бул нерсеге өтө оңой жол менен жетишсе, башкалары күнү-түнү иштегенине карабай, көздөгөн максатына жете алышпайт. Мунун себеби эмнеде? Бул жерде кеп ырыскы маселесине барып такалат.

null

Ырыскы бул –көп кырдуу түшүнүк. Ырыскыны тек гана материалдык баалуулук эмес, Жараткан тарабынан берилген жакшылык, дээр, шык, абал, нээмат деп билсек болот. Бир сөз менен айтканда ырыскы – Аллахтын бизге өмүрүбүз боюнча берилген нээматтары. Аллах Тааланын 99 атынын бири Ар-Раззак, ырыскы берүүчү деген маанини түшүндүрөт.

Куранда бул тууралуу:

“Мен жин жана адамдарды Өзүмө сыйынуулары үчүн гана жараттым. Мен алардан (эч кандай) ырыскы каалабаймын жана алар Мени азыктандыруусун да каалабаймын. Аныгында, Аллах- ырыскы Берүүчү жана Ал - Күч-кубаттын Ээси”, -деп баяндалат.

Ырыскынын эки түрү бар экенин белгилеп кетүү зарыл.

1. АЧЫК ЫРЫСКЫ. Адамдын жашоосу, ден – соолугу үчүн керектүү азык– зат, үй бүлө, байлык жана башкалар. Ырыскынын бул түрү адамды жалган дүйнөдө эле коштоп жүрө алат.

2. ЖАШЫРЫЛГАН ЫРЫСКЫ. Бул Аллах Таала менен байланыш, Аны таануу, Ага жакындоо, ошондой эле жүрөктөгү Нур. Ырыскынын бул түрү мусулманды акыретте да коштоп жүрөт жана ага түбөлүк бакыт тартуулайт.

Адам ырыскынын ага келүүсүн ар кандай кабылдайт. Мисалы, Жаратканга ишенбеген адам ырыскыны “Өзүмдүн күчүм, акылым, шыгым менен таптым” деп жаңылыш ойлойт. Ал эми, чыныгы мусулман “Ар бир жандыкка ырыскыны Аллах Таала гана берет” деп терең ишенет.

Албетте, адамдар мээнет кылбастан ырыскыга жете алышпайт. Анткени, Аллах Таала ырыскыга жетүүнүн ар кандай себептерин да кошо жараткан. Ал себептер бир жагынан мээнет кылуу, аракеттенүү, эрте туруп ырыскы издөө жана иштин жолун таба билүү болсо, экинчи жагынан Аллах Таалага дуба кылуу, Ага гана таянуу жана такыбалык кылуу да ырыскынын себептеринен болуп, анын түрдүү эшиктерин ачып берет. Ырыскынын ачкычтары тууралуу көптөгөн аят – хадистер келген.

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам - салаваттары болсун) намаздын аягында мындай деп сурачу: “Оо, Аллах, мени куфурлуктан, жакырчылыктан жана кабыр азабыңдан сактооңду сураймын” (Насаи).

Анда эмесе, төмөндө ырыскынын айрым ачкычтарын тизмектейбиз:

1. АЛЛАХ ТААЛАГА ИБАДАТ КЫЛУУ. Ибадат кылуу – бул эртеден кечке мечиттен чыкпай ибадат кылуу дегенди түшүндүрбөйт. Анткени, намаз окуунун, зикир чалуунун өзүнүн белгиленген убакыттары бар. Ошондой эле зекет берүүнүн, ажылык кылуунун да өзүнүн белгиленген убакыттары бар. Бирок, адам кандай жерде, кандай абалда болбосун, жүрөгүн Аллахка арнап, аны эстеп жүрүү менен да ибадат кылган болот.

Хадис-кудсиде мындайча баяндалат: “О Адам баласы! Өзүңдү Мага ибадат кылууга арна, Мен сенин жүрөгүңдү байлыкка толтуруп, денеңе тынчтыкты орнотом. Мени эстөөдө кайдыгер болбо. Эгер мени унутуп баштасаң, Мен сенин жүрөгүңдү жакырчылыкка бөлөп, денеңди чарчоо жана кыйынчылыктарга, жан дүйнөңдү тынчсызданууга толтуруп коем.

2. АТА – ЭНЕГЕ ЖАКШЫЛЫК КЫЛУУ ЖАНА ТУУГАНЧЫЛЫК БАЙЛАНЫШТАРДЫ БЕКЕМ КАРМОО. Ата – энеге жакшылык кылуу бул- жалгыз Аллах Таалага сыйынуудан кийинки эле орунда турган Курандагы буйрук. Ата – энеге жакшылык кылуу жана алар менен жылуу мамиледе болуу – ар бир мусулмандын милдети. Эгерде адам ата – энесине жакшы мамиле кылып жана туугандары менен байланышта болсо, анда анын ырыскысы көбөйтүлүп берилет. Бул туурасында Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салам - салаваттары болсун) минтип айтат: “Кимди анын өмүрүнүн узарышы жана ырыскысынын көбөйүшү кубандырса, анда ата – энесин сыйласын жана туугандык байланышты үзбөй кармасын” (Ахмад).

3. АЛЛАХ ТААЛАГА ТОБОКЕЛ КЫЛУУ. Тобокел кылуу боюнча Куранда бир аят бар. Бул тууралуу Аллах Элчиси (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) Абу Зарга (р.а) мындай деп айткан: “О, Абу Зар, эгерде бардык адамдар ушул аятты колдоно билгенде, бул алардын дүйнө жашоосунда жетиштүү болмок”. Ал аят мындай: «Ким Аллахтан корксо, анда Ал аны кыйынчылыктан чыгарат жана ал күтпөгөн жактан ырыскысын берет. Ким Аллахка тобокел кылса, Ал (Аллах) ага жетиштүү. Чындыгында, Аллах Өз ишин аягына чыгарат. Аллах ар бир нерсенин өлчөмүн белгилеп койгон» (Талак 2,3-аят).

Пайгамбарыбыз Мухаммед (Аллахтын ага салам жана салаваттары болсун) мындай деген: “Эгер силер Аллахка тобокел кылсанар, ал уясынан ачка учуп чыгып кайра ток кайтып келген чымчыктарга берген сыяктуу эле силеге да ырыскы берет”.

4. АЛЛАХ ЖОЛУНДА САДАКА КЫЛУУ. Садака – бул мусулмандын ыйманынын бекем экенин билдирген амалдардын бири. Себеби, мал – дүйнөнү жакшы көрүү жана аны жыйнап көбөйтүү – бул адамдын табиятында бар нерсе. Эгерде, ким Аллахтын ыраазычылыгы үчүн табиятына каршы туруп, мал – мүлкүнөн садака берсе, анда бул анын ыймандуулугуна далил болот.

Аллах Таала айтты: “Айткын: “Чындыгында, Раббим Өзү каалаган пенделерине ырыскыларын кеңейтет жана кимге кааласа тарытат. Эмнени садака кылсаңар, анын ордун толтуруп берет, жана Ал эң жакшы ырыскы Берүүчү” (Саба сүрөсү, 39-аят).

Ошондой эле, адам садака берүү менен ооруган жакындарынын айыгуусуна себепкер болот. Анткени, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Оорулууңарды садака берүү менен дарылагыла” ,- деп айткан.

5. ТАКЫБАЧЫЛЫК. Такыбачылык – бул Аллах Тааладан корккон жана Аны сүйгөн абалда жүрүү жана Анын буйруктарын аткарып, тыйган иштеринен тыйылуу. Такыбачылык көбүнчө адамдын жүрөгүнө байланышкан иш – аракеттердин бири болуп эсептелет. Аны адам “Мен такыбамын” деп тышкы жүрүм – туруму менен көргөзө албайт. Эгер ал Аллахтан чын жүрөктөн коркуп, Аны сүйсө, ал такыбачылыкка жетишет жана ага ырыскынын эшиктери ачылат. Бул тууралуу Аллах Таала айтты: «...Ким Аллахка такыбалык кылса, анда Ал аны кыйынчылыктан чыгарат жана ал күтпөгөн жактан ырыскысын берет...» (Талак 2,3-аят)

6. АЛЛАХ ТААЛАНЫН БЕРГЕН НЭЭМАТЫ ҮЧҮН ШҮГҮРЧҮЛҮК КЫЛУУ. Адам колундагы нээматтары үчүн Аллахка шүгүр кылса, анда Аллах Таала ал нээматтарды сактап жана Өзүнүн фазилети менен андан да көбөйтүп берет. Аллах Таала айтты: «Силердин Раббиңер жарыя кылды: “Эгерде (Мен берген нээматтарга) шүгүр кылсаңар, анда Мен силерге (андан дагы) көбөйтүп берем» (Ибрахим, 7-аят).

7. КҮНӨӨЛӨР ҮЧҮН ИСТИГФАР АЙТУУ ЖАНА АЛЛАХКА ТООБО КЫЛУУ. Аллах таала Нух пайгамбардын өз коомуна күнөөлөрүнө кечирим суроосуна үндөп даават кылып айтканы туурасында мындай деп айтат: “Мен айттым: “Раббиңерден кечирим сурагыла, чындыгында Ал - Кечирүүчү. Ошондо Ал силерге нөшөрлөгөн жамгыр жаадырат жана мал-мүлк, балдарыңарды көбөйтүп, силерге бактарды өстүрөт жана дарыяларды агызат” (Нух сүрөсү, 10-12-аят).

Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) минтип айткан: «Кимде-ким ар дайым истигфар айтып жүрсө (кечирим сураса), анда Аллах аны бардык кыйынчылыктардан чыгарат, бардык тынчсыздануулардан куткарат жана анын ырыскысын ал күтпөгөн жактан берет» (Абу Дауд).

8. АЖЫЛЫК ЖАНА КИЧИ АЖЫЛЫКТЫ АТКАРУУ. Пайгамбарыбыздын хадисинде: “Ажылык менен умраны дайым аткарып тургула. Анткени алар кедейлик менен күнөөлөрдөн тазалап турат. Ал эми мыкты аткарылган ажылыкка Бейиштен башка сыйлык жок”.

9. ДУА (ДУБА-ТИЛЕК). Алла элчиси багымдат намазынан соң Жараткандан ырыскы сурап, атайын дуба менен кайрылчу: “О, Аллах! Чындыгында, мен Сенден пайдалуу билим, ырыскы жана сен кабыл кыла турган жумуш сурайм”. (Аллахумма инни ас’алюка ‘ильман нафи‘ан ва ризкан таййибан ва ‘амалян мутакаббалян).

10. СООДАДА ЖАНА ИШКЕРЛИКТЕ ЧЫНЧЫЛ ЖАНА АДИЛЕТ БОЛУУ. Пайгамбарыбыздын хадисинде мындайча баяндалат: Соодалашып жаткан эки адам өз ара ортолорунда чынчыл жана адилет болушса, анда Аллах алардын соодасына береке берет. А эгер алар өз ара ортолорунда бир нерсени жашырып, алдай турган болушса, анда алардын соодасынан ырыскы кетет.

Урматтуу окурман, ар бир пендеге ырыскы бир гана Аллахтан берилет. Бирок, анын жогоруда көрсөтүлгөн себептерин аткарып, ырыскы ачкычын табуусу абзел. Аллах Таалам, бардыгыбызга эки дүйнөнүн ырыскысын мол берсин!



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
20 сентябрь 2019г.
Багымдат
5:11
Күндүн чыгуу
6:47
Бешим
12:55
Аср
17:14
Шам
19:07
Куптан
20:39