Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Компьютердик оюндарга көз карандуулуктан кантип арылуу керек?

Автору: Владимир Школьный / Жарыяланды: 15 январь 2019

Шаардагы компьютердик оюн клубдарына кирип көрдүңүз беле? Эгер кирип көрсөңүз, сизди андагы көрүнүш ирээнжитиши мүмкүн. Клубдун ичинде мектеп окуучусунан тарта жашы ортолоп калган адамдарга дейре монитордун бетине үңүлүп, атышы-мушташып жаткан оюндарды ойноп жатканын көрүүгө болот. Мындай оюндар адамдын алтындай убактысын алып, бардык тараптан аны артка тартат. Өзгөчө мектеп окуучулары мындай оюндарга тездик менен берилип, андан чыга албай калган абалдарга кептелишет. Мындай учурда эмне кылуу керек? Макалада ушулар айтылат.

Алгач чакан мисал менен баштайлы:

Ильяс, 11 жашта, 5-класстын окуучусу. Жүрүм-турумунан: бир нече айдан бери ооруп жүрөт. Алсыз, башы бат-бат ооруйт, тамакка табити жок. Туугандарынын байкоосунда, мектепке баруу каалоосу жок.

Үй-бүлө жетиштүү жашайт: атасы-бизнесмен, апасы- мамлекеттик кызматкер. Ильястан улуу эжеси бар. Үй-бүлө мүчөлөрүн сурамжылоого алганда, бала акыркы жылы сабакты начар өздөштүрүп, мектепке барбай койгон же андан качкан учурлар болгон.

Ата-энесинин айтымына караганда, балага компьютер сатып беришкен. Ал компьютерде каалашынча отуруп, ойноп же башка балдар менен чат аркылуу сүйлөшөт. Туугандарынын баланы виртуалдык дүйнөдөн чыныгы дүйнөгө багытоо боюнча кылган аракети текке кетип, өз натыйжасын бере элек.

Акыркы бир жарым эки аптанын ичинде, баланын саламаттыгы начарлап, педиатрга жана психологго алып келишкен.

З Балага бир нече ирет психилогиялык талдоо жүргүзүлгөндөн кийин, анда оюнга көз карандылыктын алгачкы этабы башталганы аныкталып, ата-энесине айкын сунуштар берилген. Алар төмөнкүчө:

‒ үй-бүлө үчүн бирдей күн тартибин иштеп чыгуу жана бардык үй-бүлө мүчөлөрүнүн аны так аткарышын көзөмөлдөө;

‒ балага пайдалуу жумуш аткаруу үчүн кошумча тапшырмаларды берүү;

‒ шыгына жараша спорттук секцияларга же ийримдерге катыштыруу;

‒ компьютерде отуруу убактысын чектөө (бул жаштагы балдар 40 минутага чейин гана отурса болот);

‒ таза абада сейилдөө убактысын көбөйтүү.

Эң башкысы — баланын үй-бүлө мүчөлөрү менен болгон карым-катнашын жолго коюу. Бардык үй-бүлө катыша турган иш-чараларды уюштуруу. Мисалы, табиятка баруу, шаар кыдыруу же болбосо, оюн түрүндөгү кечки баарлашуу. Бала менен канчалык жеке баарлашып, ага жумшак мамиле кылып, өз пикириңизди таңуулабай түшүндүрсөңүз, анын ички дүйнөсү, жүрөк өйүгөн маселелери, кыялдары жана үмүтү жөнүндө тереңирек биле аласыз.

Ильястын жүрүм-турумун жөнгө салуу боюнча, психологдун ата-эне менен биргеликте иштеп чыккан бирдиктүү стратегиясы акырындап ишке аша баштады. Ата-энеси баласынын келечегине кайдыгер карабай, аны тарбиялоо ишине жигердүү катышышты. Натыйжа көпкө күттүргөн жок, 20-30 күндөн кийин өз жемишин берип, баланын саламаттыгы оңолуп, өзүн жакшы сезе баштады.

Эске ала турчу жагдай, бала формалдуу пикир алышуу чөйрөсүндө жашап жатып, өзүн-өзү көрсөтүүгө аракет кылат.

Эгерде бала үй-бүлөдөн, мектептен же курдаштарынын арасынан пикирлеш адамын таба албай калса, эмне кылышы керек? Мына ошол учурда чыныгы дүйнөдөн, виртуалдык дүйнөгө өтүү башталып, алкоголдук же наркотикалык көз карандылык сыяктуу эле, оюнга болгон көз карандылык жаралат.

Өзүңдөгү виртуалдык дүйнөгө болгон көз карандылыгыңды кантип аныктайсың? Эгерде үч суроого так жооп берсең аныктоого мүмкүн: Чыныгы жана виртуалдык жашоого канча убакыт коротом? Бул оюндарды эмне үчүн ойнойм? Аларга мен канча акча сарптайм?

Статистика боюнча, эгерде компьютердик оюндарга жумасына 20 саат убакыт жана айына 500 сом корото турган болсоңуз, кыйыр түрдө оюнга көз карандылык жаралганын билдирет.

Психологдун көз карашы боюнча, компьютердик оюндар, аны ойноп жаткан адамдын психикасын дүүлүктүрөт. Канчалык дүүлүктүрүүчү факторлор күчтүү болсо, оюнга алаксуу, андан канааттануу ошончолук жогорулайт. Анын көп убакыт таасир тийгизиши, психикага таасир тийгизбей калат. Дүүлүктүргүчкө карата ыңгайланышуу жүрүп, оюнчу оюндан канааттануу ала албай калат.

Компьютердик оюндарды иштеп чыгуучулар муну түшүнүшөт дагы, өзүнүн аудиториясын кармап туруу үчүн, таасир берүүчү факторлордун сапатын жогорулатып турушат. Бул окуянын татаалданышы, сүрөттөлүштөрдүн жакшыртылышы жүрүп, оюнчунун фантазиясын өркүндөтөт. Ушул жол колдонуучуга терс таасирин тийгизет. Оюндарды иштеп чыккан сценаристердин фантазиясын ооздуктоого мүмкүн эмес. Алар жалпы адамдык баалуулуктарга, тыюу салынган нерселерге көңүл бурбастан, адамды өз дүйнөсүнө азгырат.

Оюндун классикалык түшүндүрмөсүндө, адам канча ойногон сайын, ага берилип, иллюзияларды башкарып калат. Алардын негизги максаты көбүрөөк оюнда отуруу. Ошондуктан көптөгөн оюндар оюн эмес эле, адамды транс абалына алып келүүчү процесс деп айтканга толук негиз бар. Оюн процессинде психологиялык көз карандылык жаралат. Оюнга аралашкан адам, бара-бара чыныгы жашоону кабыл алуу сезиминен ажырайт.

Оюнга көз карандылыктын калыптанышынын дагы бир фактору — адамдын мүнөзү. Бул тизмекке депрессиялык абалга бат берилүү, таарынчаактык, стресске туруктуулуктун жоктугу, тынчсыздык, өзүн төмөн баалоо жана башкалар.

Мындай көз карандылыктан жабыркаган адамдар, көпчүлүк учурда курдаштары, карама-каршы жыныстагы адамдар менен тил табыша албай, жамаатка начар ыңгайланышат. Өздөрүнүн эмоциясын көрсөтүүдө, жакындары менен мамиле кылууда татаалдык жаралып, чөйрө менен өз ара мамиле кылууну интернеттен же оюндардан издешет.

Оюнга көз карандылыктын калыптанышы үй-бүлөдөгү тарбия жана мамиле менен да байланыштуу. Көпчүлүк учурда үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы мамиленин бузулушу, пикир алышуудагы татаалдык негизги себептерден болуп калат. Ушулардын бардыгы адамдын виртуалдык дүйнөгө кирип, туруктуу көз карандылыктын пайда болушуна алып келет.

Оюн процессинде адамды эмне өзүнө тартат? Негизинен:

- ойноп жаткан адамдын жеке оюнуна башка эч кимдин аралаша албагандыгы;

- виртуалдык дүйнөдөгү процесстердин чындыкка жакындыгы;

- чыныгы курчап турган чөйрөдөн алысташы;

- жыйынтыгына карабастан, оюн процессинде каалаган чечимди кабыл алуу мүмкүнчүлүгү;

- оюндагы кылык-жоруктарына суроо-сопкуттун жоктугу, жоопкерчиликсиздик;

- убакыттын өтүшү менен кетирилген каталарды оңдоо мүмкүнчүлүгү.

Мындан кантип кутулууга болот?

Биринчиден, интернетти өчүрүп салуу менен эле маселе чечилбейт. Аны жазалап, «эрмегинен» ажыратуунун зарылчылыгы жок. Бул аракет баланын үйдөн качып кетишин шартташы мүмкүн.

Экинчиден, оюнга болгон көз карандылыкты жеңүү үчүн анын себептери менен күрөшүү зарыл. Компьютердик оюндарга көз каранды болуп калган баладан анын компьютерин же интернетин алып койсоңуз, баланын психикасында боштук пайда болуп, аны толтурууга жол издей баштайт. Эгерде аны толтурбаса, ал «боштуктарды» баланын аң-сезиминде калыптанып калган оюн каармандары жана окуялар ээлейт.

Үчүнчүдөн, оюнга болгон көз карандылыктан кутулууда ата-эненин, туугандардын катышуусу талап кылынат. Эгерде адистин кеңешисиз натыйжага жетүүгө аракет кылсаңыз, төмөнкү кеңештерди эске алыңыз:

1. Көз каранды болуп калган адамга мажбурлабастан компьютердик оюндардын зыяндуулугун түшүндүрүү.

2. Көз каранды адамга оюн бизнесинин жаман жактарын көрсөтүп, өзүнүн жеке инсандыгына кайтып келүүсүнө жардам берүү. Ойноп жаткан адам жалган идеалдарга, ишеничтерге алданып, өз жашоосун уурдатып жиберет. Эң маанилүүсү, аны кайрадан чыныгы жашоого кайтарып, турмуштук көз карашын жана ой максаттарын калыптандырууга түрткү берүү.

3. Кийинки этап — баланын чыныгы жашоодо орун алышы. Аны виртуалдык дүйнөдөн чыгарып, чыныгы жашоого аралаштыргандан кийин, ал кайра артка кетпеши үчүн жакындары, достору, ата-энеси жапатырмак ишке киришүүсү зарыл.

4. Өзүн-өзү көзөмөлдөөгө үйрөтүү. Көптөгөн оюнчулар өздөрүнүн алектенүүсүнүн жаман жактарын билишет, бирок эмоцияларын көзөмөлдөй алышпайт. Буга жетишүү өтө татаал, бирок аракет кылуу керек. Анткени, өзүн-өзү көзмөлдөө оюнда эле эмес, социалдык чөйрөдө дагы чоң мааниге ээ.

Балабы, өспүрүмбү же чоң эле адамбы бул «оюндун сазынан» өз алдынча чыгып кетиши мүмүкүн эмес. Ал гана эмес, өз жашоосун жакшы нукка буруп, оюндан чыккандар, кайра ага кайрылып барышы да мүмкүн. Ошондуктан бул жерде жакын адамдардын ролу өтө зор.

Ортодо адамдын келечек тагдыры тургандыгын бир да минута эстен чыгарбай, анын чыныгы жашоого, коомго кайтып келишине бар аракетти жумшоо абзел!



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
23 октябрь 2019г.
Багымдат
5:50
Күндүн чыгуу
7:25
Бешим
12:46
Аср
16:24
Шам
18:11
Куптан
19:42