Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Таңдын керемети

Автору: Айкол Болотбекова, которгон- Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: Интернет / Жарыяланды: 21 январь 2019

Сиздин таңыңыз кандай башталат? Эч нерсеге жетишпей шашкалактагандан, балким уктап калдым деп өзүңүзгө жинденген абалдабы? Эгер сиздин ойгонгондогу алгачкы мүнөттөрүңүздүн сүрөттөлүшү дал ушундай болсо, аны тезирээк өзгөртүүңүз керек. Анткени күндүн алгачкы сааттары сиздин ийгилигиңизди аныктайт. Биз сиздер менен Хэл Элроуддун “Таңдын керемети” аттуу китебиндеги пайдалуу кеңештери менен бөлүшөбүз.

null

Хэл Элроуд адаттагы ойгонуп жүргөн убактыңыздан минимум 1 саат эрте ойгонууга кеңеш берет. Эгерде сиз мурун саат 6да ойгонуп келсеңиз, эми саат 5те турууга аракет кылыңыз. Эгерде 7 де ойгончу болсоңуз, 6да турганга аракеттениңиз. Ушул 1 саат аралыгында 6 тапшырманы аткарганга бүткүл күчүңүздү жумшаңыз. Бул 1 саат убакыт жана 6 тапшырманы Хэл Элрод “куткаруучу айлана” деп атаган.

1) Жымжырттык же тахажжуд намазы

Жымжырттык – куткаруучу айлана комплектиндеги алгачкы практика. Жан жыргаткан жымжырттык сиздин күнүңүзгө бейпилдик, тактык жана дааналыкты алып келет. Автор бул убакытта медитация жасоону сунуштайт. Мусулмандар болсо намаз окуса болот. Жымжырттыкта Аллахка ибадат кылуу кандай гана ырахат! Эгерде сиз таң эрте саат 5, же 6 да туруп, намаз убактысы кире элек болсо, тахажжуд намазын окуганга сонун мүмкүнчүлүгүңүз бар. Ойлоп көрүңүз, эгер сиз күн сайын тахажжуд намазын окусаңыз жашооңуз кандай гана жакшы тарапка өзгөрөт. Кыш мезгилинде түн 6,30га чейин уланганга дейре тахажжуд намазын окубаганыбыз кандай гана аркетсиздик.

2) Аффирмация же зикр

Жан жыргаткан жымжырттыктан соң Хэл Элрод аффирмация жасоону сунуштайт.

Аффирмация бул сиз өзүңүз түзүп алган белгилүү бир фраза. Ал фразаны бир нече жолу кайталоодон кийин талап кылынган образ адамдын сокур акылында (подсознание) сакталып, жашоонун жакшы жакка өзгөрүлүшүнө түрткү болот. Келиңиздер, муну автордун өзүнүн мисалында карап көрөлү. Хэл Элрод 20 жашында коркунучтуу жол кырсыгына кабылып, мээсин эс тутумга жооп берүүчү бөлүгү жапа чеккен. Бирок ал аффирмация деген эмне экенин билип алган соң, күн сайын анын мээси дарыланууга жана күндөн күнгө жакшы болууга жөндөмдүү керемет орган экендигин кайталай берген.

Хэлдин айтымында, бул көнүгүүдөн кийин анын эс тутуму жакшыра баштаган. Бир нече айдан соң ал үчүн мүмкүн эместей саналган эске тутуу жөндөмү болуп көрбөгөндөй деңгээлге жеткен.

Ислам практикасында зикр деген таң калычтуу иш-аракет бар. Бул - Аллах Тааланы улуктаган белгилүү бир сөздөрдүн бир нече ирет кайталанышы.

Намаздан соң ар дайым айтылчу зикрлер төмөнкүлөр: Субханналах (Аллах Кемчиликсиз), Альхамдулиллях (Аллахка мактоолор болсун), Аллаху Акбар (Аллах Улук).

Сиз ушул зикрлерди айтуу менен баштасаңыз болот. Элестетиңиз, эгер сиз ар бир таңыңызды Аллахты улуктоо, анын бергендерине шүгүр кылуу менен баштасаңыз, кандай сонун өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Сиз Аллах Улук экендигин бүткүл жан дүйнөңүз менен таанып, ал бардыгын эң мыкты деңгээлде аткарарын, сизди чексиз сүйөрүн жадыңызга бекем түйүп алсаңыз, өзүңүзгө болгон ишеничиңиз артып, чечкиндүү боло баштайсыз. Анткени сиз Аллахтын каалоосу жана жардамы менен башкалар мүмкүн эмес деген нерсеге жетүүгө болоруна ишенесиз. Сиз үчүн чоң нерседей туюлган иш Аллах үчүн чаңдын салмагынчалык да болбошу мүмкүн.

3) Визуалдаштыруу

Визуалдаштыруу практикасы, же ойдун көнүгүүсүн көбүнчө спортчулар таймаштан алдын колдонушат. Адамдар боло турган окуяларды жана каалаган жыйынтыктарга жетип жаткандарын майда деталдарына чейин элестетет. Бул иш-аракет максатты өтө так коюп, позитивдүү ойлорду жана энергияны тартууга жардам берет.

Биз көбүнчө өткөндү, каталарыбызды көп ойлоп, көп негативди жашообузга киргизип алабыз. Мунун ордуна ойлорубузга эркиндик берип, эң жакшы нерселер алдыда бизди күтүп турганына ишенсек кандай сонун болот. Кыялдануу, ишенүү, үмүттөнүү да бул дуа сыяктуу. Адатта биз намаздан соң көзүбүздү жумуп, өтө каалап турган нерсебизди элестетебиз. Бирөөлөр Акыретте Аллах Таала аларга салам айтып, ыраазы болуп жатканын элестетсе, башкалары бүткүл үй бүлө мүчөлөрү менен намаз окуп жатканын, айрымдары өзүлөрү эңсеген жумушка орношушканын элестетишет.

Таң эрте болгону 5 мүнөт убактыңызды бөлүп, эңсеген масатыңыздын так картинасын элестетиңиз. Эң башкысы, ал нерсе болуп жаткандай элестетиңиз.

4) Китеп окуңуз

“...(Эй, Мухаммед!) Аларга: “Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?”,-деп айт...”

(“аз-Зумар” сүрөсү, 9-аят)

Сиз күнүнө канча бет китеп окуйсуз? Акыркы жолу китеп бетин качан ачтыңыз эле? Адатта биз китеп окууну кечкиге калтырып коебуз. Ал эми кечинде чарчап, уктап калабыз. Ошентип, китеп окуу дагыц кийинки күнгө калып кетет. Эми сиздин “чарчадым”, же “убактым жок” деген шылтоолоруңуз болбойт. Анткени, мындан кийин сиз китепти таң эрте окууга үйрөнөсүз. “Таңдын керемети” китебинин автору күнүнө эң аз дегенде 10 бет китеп окууга чакырат. Эгер сиз үчүн бул кыйыныраак болсо, 5 беттен баштасаңыз болот. Бара-бара көбөйтүп кетесиз. Мисалы, Куран китебинен баштаңыз. Эгер сиз Куранды оригиналында окуй албай жатсаңыз, анда тезинен курска жазылыңыз. Ага чейин Курандын түшүндүрмө котормосун окуп туруңуз. Пайгамбарлардын, Сахабалардын тарыхы, же болбосо өзүн өзү өнүктүрүүгө багытталган китептерди окуңуз. Эң башкысы, китеп сиз билбеген жаңы көрүнүштөрдү ачып, жаңы идея жана түшүнүктөрдү берүүсү зарыл.

5) Дене көнүгүүсүн жасаңыз

Эртең мененки дене көнүгүүсү таңыңыздын башталгыч негизи болуусу кажет. Эгерде сиз аны бир нече мүнөт гана жасасаңыз да ал сиздин энергияңыздын деңгээлин көтөрүп, ден соолугуңузду, өзүңүзгө болгон ишенимиңизди чыңдап, эмоционалдык абалынызды тең салмактап, эффективдүү ой жүгүртүү, кунт коюучулугуңузду күчтөндүрөт. Эртең мененки дене көнүгүүсүнүн пайдасы ушунчалык чоң. А биз аны четке кагып жатабыз.

6) Күндөлүк колдонуңуз

Бардык нерсени башыбызда кармоо кыйын. Тапшырмалар менен максаттар кагазды жакшы көрөт. Ошондуктан, уктардан алдын эртеңки күнгө карата пландарды жазып алганыңыз оң. Ал эми ойгонгондо аларды дагы бир сыйра карап коюну унутпаңыз. Балким толуктоочу же өзгөртүүчү жерлери да болуп калышы мүмкүн.

Пландарды кагазга же телефондогу блокнотуңузга жазып иштесеңиз, күнүңүздүн жалпы картинасын так жана деталдарына чейин көрүп, аларды аткаруу үчүн ар бир мүнөтүңүзду текке кетирбей колдонуп каласыз.

Анда эмесе, биз менен биргеликте өзгөрүүгө даярсызбы? Ойготкуч саатты 5ке коюп, жашооңузду өзгөртчү ажайып таңды жакшы маанай менен тосуп алыңыз.



Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
25 апрель 2024г.
Багымдат
4:18
Күндүн чыгуу
6:05
Бешим
13:00
Аср
17:52
Шам
19:59
Куптан
21:14