Мусулмандардын жыл санагы боюнча, 6-февралда Жумада ас-сани айы кирип келди. Бүгүн Жумада ас-сани айынын 3-күнү. “Жумада” деген араб сөзү “кургап калган жер” маанисине колдонулат. Жумада аль-уля жана андан кийинки Жумада ас-сани айлары Аравияда кургакчылык болчу айлардан.
Жумада ас-сани айында болуп өткөн окуялар:
1- Жумада ас-Сани айынын 22синде бейиштеги аялдардын баштоочусу, пайгамбарыбыз Мухаммеддин (САВ) сүйүктүү кызы Фатима Захра жарык дүйнөгө келген. Ал өзүнүн адеп-ахлагы, мүнөзү жагынан Пайгамбарыбызга ушунчалык окшошуп турар эле. Фатимага көзү тирүүсүндө эле анын бейиштик болору кабарланган.
2- Жумада ас-сани айынын 5инде Жабраиль периште алгач ирет Пайгамбарыбызга көрүнгөн. Бул окуя Хира үнкүрүндө болгон.
3- Жумада ас-сани айында Пайгамбарыбыздын сахабасы, 4 халифтин бири Абу Бакр Ас-Сыддык бул дүйнө менен кош айтышкан. Ал дагы көзү тирүүсүндө бейиш убадаланган 10 сахабанын ичине кирген.
Жумада ас-Сани айында мына ушундай окуялар орун алган. Эң башкысы, бул ай ыйык рамазан айынын келерине болгону 3 ай калганын эскертип турат.