Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

XX кылымдагы илимий ачылыштарды Куран аяттары эбак эле баяндап койгон

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 27 февраль 2019

Шамал. Бул жөн эле эркин, башаламан аба кыймылы эмес. Балким Аллахты тааныткан макулук. Мыйзам менен чектелген. Бир тартипке баш ийдирилген. Эң негизгиси, өзүнүн милдети бар. Хижр сүрөсүнүн 22-аятында: “Биз чаңдаштыруучу (жамгырлуу) шамалды жөнөтөбүз”, - деп айтат Аллах Таала.

null

Азыркы күндүн илимпоздлору шамалдын бул кызматы тууралуу эмне дейт? Келиңиздер, карап көрөлү.

Ар бир өсүмдүктүн гүлдөрүндө энелик чаңчалар жана аталык чаңчалар бар. Качан гана булар чаңдашканда мөмө пайда болот. Бул чаңдашуу процесси шамал аркылуу ишке ашат. Башкача айтканда, гүлдөгү чаңчалар шамал менен учуп барып, экинчи гүлгө тиет да, анын натыйжасында мөмө байлай баштайт. Аллах Таала бул чаңчаларды ушунчалык жеңил кылып жараткандыктан, шамалда деле учуп кете берет. Натыйжада, жер бетиндеги миллиарддаган өсүмдүктөрдүн тукуму ушул биз байкабаган шамал аркылуу ишке ашууда.

Шамалдын чаңдаштыруучу өзгөчөлүгү себеп болуп, ушундай ырыскылар пайда болуп, биздин алдыбызга келүүдө. Аятта болсо, чаңдаштыруучу шамал деп шамалдын бул өзгөчөлүгү ачык эле айтылууда.

Шамалдын дагы бир өзгөчөлүгүн айтып өтөлү. Баарыбыз жамгырлуу булуттар шамал аркылуу келерин билебиз. Бирок ошол эле кезде шамалдын жамгыр менен байланышкан дагы бир өзгөчөлүгү бар.

Ал мындайча: Жер бетиндеги бүткүл суулардын бетинде көбүктөнүү аркылуу аэрозол деп аталган аба бөлүкчөлөрү пайда болот. Бул бөлүкчөлөр шамал айдап келген чаңдар менен аралашып, атмосфера катмарынын үстүнө ошол эле шамалдын жардамы менен чыгат. Натыйжада, ал жерде бууланган суу менен биригип, коюулашат. Эгерде бул бөлүкчөлөр болбогондо бууланган сууда булут пайда болмок эмес. Мынакей, бууланган суу менен аба бөлүкчөлөрүнүн чаңдашуусу аркылуу жамгырлуу булуттар пайда болууда. Булуттан пайда болгон тамчылар көлөмү боюнча өтө кичинекей (диаметри - 0.01-0.02 мм). Мындай кичинекей салмак алардын абада кармалып, андан соң булуттун пайда болуусуна шарт түзөт. Буга шамал да себепчи болуп ишке ашып жатат. Куранда айтылган чаңдаштыруучу шамалдын дагы бир мындай кызматы, чынында, акыл ээси болгон адамды таң калтырбай койбойт.

Рум сүрөсүнүн 46-аятында шамал тууралуу мындай айтылат:

“Силерге жакшылык даамын таттыруу үчүн кубандыруучу шамалдарды жиберип, Өз берешендигинен ырыскы издөөлөрүңөр үчүн Өз буйругу менен кемелерди жүргүзүп койгону- Анын белгилеринен. Балким, (Аллахка) шүгүр кыларсыңар”.

Эч нерсеге ишенбейм деген адам бул илимий акыйкатка да ишенгиси келбесе, демек, көйгөй - адамдын башында. 14 кылым мурун илим-техника өнүгө элек мезгилде 20-21- кылымда гана ачыкка чыккан бир илимий ачылыштын айтылышы жана Куранда жазылышы Куран шек-күмөнсүз шамалды жараткан жана аны башкарган Аллах Тааланын сөзү экендигин далилдейт.

“Жаасийа” сүрөсүнүн 5-аятында:

“Түн менен күндүн алмашуусунда, Аллахтын асмандардан жамгыр жаадырып, өлгөн жерге ал аркылуу жан бергендигинде жана шамалдарды башкаруусунда акыл калчаган эл үчүн белгилер бар”, -деп айтылат.

Аллахтын каалоосу менен шамал башаламан эмес, белгилүү бир багытта, белгилүү бир күч менен согот.

Аллах шамалды биздин жашообуз үчүн мээримдүү бир кызматчы кылып берген. Анын артынан бизге нечелеген түрдүү-түрдүү ырыскылар келүүдө. Демек, шамал өз милдетин аткарууда. Дегеле айлананы карасак, бүткүл жаратык өз милдеттерин аткарууда. Алар биз үчүн кызмат кылууда. А биздин милдетибиз эмне? Албетте, Аллахка моюн сунуп, Ага кызмат кылуу, баш ийүү, Ага ибадат кылуу.

Маалымат булагы: “Бейиш нуру” ютуб каналындагы видеонун негизинде жазылды.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
21 октябрь 2019г.
Багымдат
5:48
Күндүн чыгуу
7:23
Бешим
12:46
Аср
16:27
Шам
18:14
Куптан
19:45