Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Рамазандагы пайдалуу телекөрсөтүүлөрдү сааты менен жазып алыңыз

Автору: Алтынбек Айбек уулу / Сүрѳттѳр: Интернет / Жарыяланды: 8 май 2019

Ыйык Рамазан айында мусулмандар ички жан дүйнөсүн байытып, руханий азык алып калганга аракеттенишет. Бул жаатта массалык маалымат каражаттары да жардамчы болот. Төмөндө биз кайсы телеканал жана радиолордо орозого байланышкан кандай программалар, саат канчада көгүлтүр экранга чыгарын тактап, тизмесин түзгөнгө аракеттендик.

null

1- Орозо темасында гана эмес, жалпы эле диний темаларда өтө кызыктуу берүүлөрү бар “Марва” телеканалын көбү билсе керек. Аталган телеканалдын журналисттери “Раййан” теледолбоорунун алкагында бир катар пайдалуу берүүлөрдү даярдашат. Күн сайын 19:00дон 21:00го чейин сиз бир катар пайдалуу теледолбоорлорго күбө боло аласыз.

2- Диний ишмер жана белгилүү журналист Мыктыбек ажы Арстанбек ар ишемби күнү 21:00дө “Мыктыбек Арстанбек” деп аталган ютуб каналынан түз эфирден орозого байланыштуу суроолорго жооп берет.

3- Азия ТВ телеканалында ар дүйшөмбү жана жума күндөрү саат 20:00до “Орозодо орошон ойлор” аттуу 30 мүнөттүк телеберүү орун алат. Берүүнүн максаты: Рамазан айына карата элдин орозого тийиштүү укуктук сабатсыздыгын жоюу жана орозо тууралуу элге кенен маалымат берүү.

4- Эгер орозо тууралуу адистердин кенен баяндамаларын уккуңуз келсе, ар күнү саат 21:30да New ТВ каналын коюңуз. Бул убакта эфирге чыкчу “Ободо орозо”программасында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан адистер келип орозого байланышкан ар кыл темада баян курушмакчы.

5- Ар күнү 5-каналда 21:50дө түз эфирден “Отуз күндүк орозо” телеберүүсүн көрүңүз. Анда дин аалымдары орозого байланыштуу ар кыл суроолорго жооп берет.

6- Пирамида телеканалынан “Отуз күндүк орозонун пайдасы” аттуу берүү күн сайын 19:30да болот эфирден кетет.

7- 24ТВ телеканалынан “Куттуу орозо” аттуу берүү Рамазан айы бүткөнчө күн сайын саат 19:20дан ооз ачууга чейин коюлат.Анда алып баруучу менен дин адиси Рамазан айы тууралуу маек курушат. Ошондой эле, хадистердин негизинде тартылган видеороликтер көрсөтүлөт.

Мындан тышкары, ушул эле каналда ар бейшемби күнү саат 17:05те “Ыйман - жан дүйнө азыгы”аттуу берүү Орозбек Мусакеевдин алып баруусунда болот. Ар жума күнү саат 16:05те азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин алып баруусунда “Муфтий баяны” берүүсү көрсөтүлөт.

8- Муфтияттын онлайн радиосунда 24 саат бою орозо боюнча маалыматтар берилип турат. Радионун шилтемеси - https://muftiyat.kg/onlineradio.html#player1?catid=0&trackid=0

9- Биринчи радиодо күн сайын 12:50 дөн 13:00го чейин “Орозодо 30 күн” уктуруусу жаңырат. Ошондой эле, ар жума күнү “Жума хутбасы” 22:00дөн 23:00гө чейин уктурулат.

10- ЭлТр телеканалында күн сайын 19:50дө "Куттуу Рамазан" телекөрсөтүүсү болот. Андан соң ооз ачуу убактысында азан айтылат.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
24 май 2019г.
Багымдат
3:23
Күндүн чыгуу
5:30
Бешим
12:59
Аср
18:12
Шам
20:31
Куптан
22:08
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов