Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Депутат Айнуру Алтыбаева Аялдар кеңешинин атынан Оштогу Рамазан Чатырында 250 адамга ооз ачырды

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: "Умма" журналы / Жарыяланды: 3 июнь 2019

Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргыз Республикасынын Аялдар кеңешинин төрайымы Айнуру Алтыбаева бул күндөрү Ош шаарынын борборунда иш алып барып жаткан “Рамазан Чатыры” кайрымдуулук долбооруна катышты.

1-июнда, Рамазан чатырынын 16-күнү, Айнуру Алтыбаева башында турган Аялдар кеңеши 250 мейманга дасторкон жайды. Ага аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн апалар, кыз-келиндер сыйлуу конок болушту.

“Бул улуу күндөрдө соопчулук иштерди кылабыз деп ниеттенгенбиз. Эл менен бирге отуруп, ооз ачкан бул өзүнчө керемет. Сүйктүү Кыргызстаныбызда тынчтык, аманчылык болсун. Ар бир үй-бүлөгө бакыт каалайм”, - деди Айнуру Алтыбаева.

null

Ооз ачуу кечесин көркүнө чыгарып, алып баруучулук милдетти Чайковский атындагы искусство мектебинин директору Мукарам Мадаминова алды.

Кошумчаласак, бул күнү Рамазан Чатырынын ишке ашышына колдоо көрсөткөн, улуттар аралык достуктун, Кыргызстандагы аялдардын ынтымагына бекемделишине салым кошуп келе жаткан айым, Оштогу «Уш садоси» коомдук-саясий гезитинин башкы редактору, филология илимдеринин кандидаты Сахиба Шакирова «Умма» журналынан ыраазычылык каты менен сыйланды.

null

Ошентип, ынтымак, меймандостук, береке, мусулман маданияты менен таанышуу аянтчасына айланып, бул долбоорго салым кошкон ар бир адамдын жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун алган Рамазан чатыры соңку күндөрүн жыйынтыктап бара жатат. 4000ге чукул адамга Рамазан айы боюнча унутулгус майрамдык маанай тартуулаган чатыр чын дилден чыккан бата, дуба-тилектерге толду. Чатырдын коноктору «кийинки Рамазанды чыдамсыздык менен күтөбүз» деген аруу тилектерин айтышты.

null

Бул жылы “Рамазан Чатыры” Ош шаардык мэриясы жана Бабур атындагы драм театрдын колдоосу менен уюштурулду. Рамазан Чатырынын башкы максаты - Ыйык Айдын урматына колунда жок, муктаж адамдарга биргелешкен кайрымдуулук ооз ачуу тамактарын уюштуруу. “Рамазан Чатыры”, мындан тышкары, түрдүү конфессия жана улуттар арасында диалог түзүүгө көпүрө болуп, достук атмосферасында биргелешкен ооз ачуу иш-чараларын уюштуруу менен өз ара байланыштарды чыңдоого салым кошот.

null



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
21 октябрь 2019г.
Багымдат
5:48
Күндүн чыгуу
7:23
Бешим
12:46
Аср
16:27
Шам
18:14
Куптан
19:45
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов