Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Балдарды мектепке даярдоо боюнча ата-энелерге 22 кеңеш

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: Edc.kg / Жарыяланды: 27 август 2019

Жаңы окуу жылынын келерине саналуу гана күндөр калды. Азыр ата-энелер балдарын мектепке даярдоого кызуу киришип жаткан чактары. Көпчүлүгүбүз “балдарды мектепке даярдоону” мектеп формасын, сумка, дептерлерди алып берүү деп түшүнөбүз. Бирок мындан да маанилүү болгону - балдарды моралдык-психологиялык жактан да даярдап, алар менен чоң кишидей олуттуу отуруп сүйлөшүү. Төмөндө Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, Баткендеги 3-эксперименталдык гимназиянын директору Гапыр Мадаминовдун “Ата-энелер, сиздер үчүн” аттуу китебинен алынган балдарды мектепке даярдоо жана алардын окуусун көзөмөлдөө боюнча эң зарыл кеңештерди сунуштайбыз.

null

Балдарды мектепке даярдоо

Ден соолук жагынан:

1- Врач кабылдоосунда болуп, консультация алуу;

2- Көз, кулак, тил жана башка органдарда оору, кемчилик болсо мүмкун болушунча дарылатуу;

3- Туура, калориялуу (жашына ылайык) тамактандыруу, жашылчаны көбүрөөк берүү;

4- Окуу процесси жүрүп турганда үй-бүлөдө чарбалык иштерге өтө көп аралаштырбоо (сабакка даярдана албай калат);

5- Денесин чыңдап, машыгып, чуркап, таза абада жүрүшү;

6- Гигиеналык жактан туура, түз отуруп, ыңгайлуу сабак даярдоосу;

7- Ашыкча көп окуп, башын, көзүн оорутуп алуусуна жол бербөө.

Моралдык даярдоо:

1- Балдарыңызга өз убагында жакшы, толук билим алуу ата-эне, эл, мамлекет, коом алдындагы жооптуу милдет экендигин түшүндүрүү;

2- Билим-тарбия алуу - өзүнүн келечеги, үй-бүлөсүнүн, келечектеги балдарынын жакшы-бактылуу жашоосу үчүн зарыл, милдет экендигин түшүндүрүү;

3- Коом, мамлекет, район тарабынан балдардын билим алышы үчүн көп каражат сарпталышы, ошолорду бекер коротпоо экендигин түшүндүрүү;

4- Мугалимдин эмгек-аракетин сыйлоо зарылдыгы;

5- Мектепте жалаң математика, физика, тарых жана башка сабактардан терең билим гана албастан, тарбияланып, өсүп, адам болуп жетише тургандыгын түшүндүрүү;

6- Мектеп мүлкү, окуу каражаттары, айрыкча китептерге этияттык менен мамиле кылууга даярдоо;

7- Окуучулар коллективинде өзүн татыктуу, жакшы алып жүрүүгө багыт берүү;

8- Мектепке барып, билим алуусуна көп адамдардын эмгеги жумшалган ошолорду актоо зарылдыгын түшүндүрүү;

9- Жакшы билим-тарбия алуу- абийир иши деп билүүсүнө жетишүү.

Психологиялык жактан даярдоо:

1- Насаат, аңгемелешүү жана башка жолдору менен окууга, билим алууга кызыгууну, ички керектөөнү калыптандыруу жана ар дайым мына ушуну сактап, өстүрүп баруу;

2- Балдарыңыз жетишпей, же “отличник” болууга жете албай жүргөндө анда өзүнө болгон ишенимин, жөндөмдүүлүгүн сактоо боюнча аракет;

3- Мектепке ар дайым ачык маанай, көтөрүңкү рух менен баруусуна жетишүү;

4- Сабак, экзамен, зачетторго ачык көңүл, өз ыктыяры, кызыгуусу менен даярдануусуна көңүл буруу

5- Эч качан “Сен жөндөмсүз”, “Элдин баласындай окуй албайсың”, “Жалкоосуң”, “Түшүнбөйсүң” же “Мектеп, билимдин эмне кереги бар, ташта китебиңди, ишти кыл” деген сыяктуу көңүлдү калтыра турган сөздөрдү айтып, капа кылбаңыз. Чындыгында, бардык эле балдарда жакшы окууга жөндөмдүүлүк бар. Кеп анын аракетинде, мектеп, үй-бүлөдөгү даярдоодо.

6- Сезүү, кабылдоо, ойлоо жана башка билим алуунун психологиялык негиздерин өстүрүү, көмөктөшүү.

Үй-бүлөдө окуучулардын сабакка даярдануусун көзөмөлдөө

1- Өз убагында сабак даярдоого киришүүсү;

2- Теле-радио, интернетке алагды болбой даярдануусу;

3- Дептер-китептеринин толуктугу;

4- Күндөлүгүндө үй-тапшырмасынын болушу

5- Үй-тапшырмалардын толук аткарылышы;

6- Математикадан иштөөсү;

7- Кыргыз тил, орус тил жана башка жазуусу;

8- Китепти үн чыгарып окуусу;

9- Түшүнүүсүн контролдоо;

10- Күндөлүктөгү бааларын текшерүү;

11- Мугалимдер, класс жетекчиси жазган ой-пикир, сунушун үйрөнүү. Жооп жазуу;

12- Үй тапшырмасын аткаруу мөөнөтүн текшерүү. (Көпчүлүгү 10-15 мүнөт эле даярдайт);

13- Окутуп көрүү;

14- Түшүнгөнүн сурап көрүү;

15- Жаздырып көрүү;

16- Сүйлөтүп угуу. Ыр, декламация айттыруу;

17- Таблица, схема, картадан суроо;

18- Китепте жаңы теманын аягында суроолор берилет. Ошолорду сурап көрүү.

19- Эреже, формула, закон жана башкаларды үйрөнгөнүн суроо.

20- Дептердеги, текшерүү иштериндеги бааларды текшерүү.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
23 сентябрь 2019г.
Багымдат
5:15
Күндүн чыгуу
6:50
Бешим
12:54
Аср
17:09
Шам
19:01
Куптан
20:33