Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Бүгүн – Ашура. Бул кандай күн?

Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: Интернет / Жарыяланды: 9 сентябрь 2019

Курани Каримде ыйык ай деп билдирилген 4 айдын бири Мухаррам айы болуп саналат. Бул айдын 10-күнү ислам тарыхында эң маанилүү күндөрдүн бири "Ашура" күнүнө туш келет. “Ашура” деген сөздүн өзү араб тилинен “ашара” - 10-сан деген мааниге келет.

null

Дал ушул күнү Улуу жаратуучу ааламды, периштелерди жана биринчи адам - Адам алейхи саламды жараткан. Ошондой эле, бул күнү Чексиз Мээримдүү жана Кечиримдүү Аллах Таала Адам алейхи саламдын күнөөлөрүн кечирип, Нух алейхи салам жана анын жолдоочуларын топон суудан аман алып калган. Бул күнү Аллах Таала Муса пайгамбарды каапырлардын зыянынан коргоп, куткарган.

Ашура күнү орозо кармоо сүннөт болуп, эбегейсиз чоң соопторду табууга жол ачат. Ашура күнү менен кошо анын алдыңкы же кийинки күнү орозо тутуу да сүннөт. Анткени жөөттөр да ушул күнү орозо тутушкандыктан пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) аларга окшоп калбоо максатында алдыңкы жана кийинки күнүн кошуп туткан.

Пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) Ашура күнүндөгү орозонун пазилети туурасында:

“Арафат күнүндө кармалган орозо 2 жылдын күнөөлөрүн кечирсе, Ашура күнүндө кармалган орозо былтыркы жылдын күнөөлөрүн кечирет”,-деп айткан.

Абу Хурайра Аллахтын элчиси (САВ) төмөндөгүлөрдү айтканын келтирет:

“Рамазандан кийинки эң абзел орозо Аллахтын Мухаррам айындагы орозо, парз намаздан кийинки эң абзел намаз түнкү намаз” (Имам Муслим риваяты).

Ошондой эле Абдулла ибн Аббас:

“Пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) бул күндөгү (Ашура) орозо сыяктуу бир да күндүн орозосун артык көрүп, кармоого тырышканын көрбөдүм жана бул айда, тактап айтканда, рамазан айында да орозо кармоого ушундай тырышар эле”,- деп айткан.

Эгер сиз бул жылкы Ашурада орозо кармабай калсаңыз, эмдиги жылкыга ниет коюп, эсиңизге түйүп алыңыз.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
23 сентябрь 2019г.
Багымдат
5:15
Күндүн чыгуу
6:50
Бешим
12:54
Аср
17:09
Шам
19:01
Куптан
20:33
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов