Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Кантип тобо келтирүү керек? Шарттары

Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: Саид Ибраимов / Жарыяланды: 3 октябрь 2019

Бул жашоодо бардыгыбыз ката кетирип, күнөө иштерди жасап алган болушубуз мүмкүн. Айрым адамдар: “Мен оор күнөө иш кылдым, эми дубаларым кабыл болбойт. Аллах мени кечирбейт”, - деп сарсанаага батышат. Минтип ойлоо такыр туура эмес. Анткени биз Аллах Тааланын чексиз Кечиримдүү, дубаларды Кабыл кылуучу, Мээримдүү, Берешен сыпаттарын жокко чыгарып коюп жатабыз. Төмөндө биз тобо келтирүүнүн шарттарын баяндайбыз.

null

Сахих хадистердин биринде:

"Ар бир адам ката кетирүүчү, ката кетиргендердин эң жакшысы - катасына тобо кылгандар" деп айтылат.

Күнөө иш жасаганын мойнуна алып, ага өкүнүү – адамдагы эң жакшы сыпаттардан. Биз төмөндө кантип кечирим сурап, тобо келтирүү керек экендиктин шарттарын баяндайбыз:

Аллахка тобо кылып, кылган күнөөлөргө кечирим суроо – күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө биринчи кадам болуп саналат.

Аль-истигфар – бул Аллахтан күнөөлөлөрдүн кечирилишин суроо.

– Аллахумма-гфир ли – О Аллах, мени кечир.

– Астагфиру-Ллах –Аллахтан кечирим сурайм деп которулат.

Тобо келтирүү менен кечирим суроонун (истигфар айтуу) ортосунда айырма бар.

Тобо келтирүү-бул белгилүү бир шарттарды аткаруу менен ишке ашат.

1- Күнөө иштерди жасоону токтотуу

2- Чын жүрөктөн жасалган күнөө иш үчүн өкүнүү

3- Бул күнөөлөрдү кайрадан жасабоо чечимине келүү.

Ал эми кайсы бир адамга карата күнөө жасалган болсо, бул шарттарга 4-шарт дагы кошулат. Анткени ал күнөө адам акысына тийиштүү.

4- Эгер кимдир-бирөөнү таарынтсаңыз, анда анын жеке өзүнө барып, кечирим суроо, буюмун уурдасаңыз, ээсине кайтаруу, ал эми кайсы бир адамдын аркасынан жаман сөз сүйлөсөңүз, анда андан кечирим суроо абзел.

Аль-истигфар бул-кечирим суроо дубасы, ошондуктан, Аллахтан өзүң үчүн жана башкалар үчүн да кечирим суроого болот. Башка бир адамдан да ал сиз үчүн дуба кылып коюусун сурансаңыз болот.

Жараткандан кечирим сурап жатканда кечиримибиз кабыл болоруна ишенүүбүз зарыл. Анткени Анас Пайгамбарыбыздын (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) төмөнкү айткандарын келтирет:

“Аллах Таала минтип айткан: “О Адам баласы, чындыгында, сен Мага кайрылып, үмүттөнүп жатканда, сен кандай гана күнөө иш жасабагын, Мен сени кечиремин. О, Адам баласы! Эгер сенин күнөөлөрүң жааган жамгырдай көп болуп, бирок сен Менден кечирим сурасаң, Мен сени кечиремин.

О, Адам баласы, эгер сен Мага жер жүзүн каптап кеткендей күнөөлөр менен келсең да, бирок Мага гана кайрылып, Менден гана кечирим сурасаң, Мен ал күнөөлөрүңдүн баарын кечиремин!”.

Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Алланын ага салам жана салаваттары болсун) сунуштаган кечирим суроо дубасы бар:

Астагфиру-Ллаха-ллязи ля иляха илля хуа-ль-Хаййа-ль-Каййума ва атубу иляй-хи.

Мааниси: Жалгыз, Түбөлүк, Аллахтан гана кечирим сураймын жана Ага гана тобо келтиремин.

Аллахумма анти рабби, Ля илляха илля анта, халактани ва ана абдука, ва ана аля ахдика ва вадика мастатату, аузу бика мин шарри ма санату абуу ляка дини матика аляййа ва абуу бизамби вагфирли ваиннаху ла ягфиру ассунуба илля анта».

Мааниси: “О, Жаратканым, Сен менин Жаратуучумсуң, Сенден башка сыйынууга татыктуу зат жок. Мен сенин кулуңмун, Сага гана ишенип, Өзүңө гана баш ийемин. Мен Сенин айкөлдүгүңдү ар дайым сезем. Өзүмдүн күнөө кетиргенимди мойнума алам. Мени кечирчи, Аллахым, анткени кечире турчу Сенден башка зат жок.

Күнөөлөрүңдүн кечирилишин суроо Аллах Тааланын кечириминен башка дагы көптөгөн жакшылыктарына жол ачат. Ибн Аббас (Аллах андан ыраазы болсун) айткан хадисте:

“Ким ар дайым Аллахтан кечирим сураса, Аллах ага түрдүү оор кырдаалдардан чыгуу жолдорун көрсөтүп, кайгыларын жеңилдетип жана ал күтпөгөн жактан ага ырыскы жиберет”.

Жаратканыбыз чексиз Мээримдүүлүгү, Боорукерлиги менен күнөөлөрүбүздү кечирип, туура жолдо жүргөндөрдөн кылсын!



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
14 декабрь 2019г.
Багымдат
06:42
Күндүн чыгуу
08:24
Бешим
12:56
Аср
15:46
Шам
17:33
Куптан
18:48