Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

УММАГИД: Ислам негиздери жана Куран үйрөнүү боюнча курстардын тизмеси

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 9 октябрь 2019

Куран окууну үйрөнүү, ислам негиздери, адеп-ахлак боюнча сабактар кайда өтүлөт деп сурагандар арбын. Төмөндө биз Бишкекте жайгашкан ошондой борборлорду, кыска мөөнөттүү окуу курстарын тизмеледик.

null

1- “Төмөнкү Жал окуу борбору”.

Бул жерде туура даарат алып, намаз окуу, Куран окуу үйрөтүлөт. 2 айлык жана 6 айлык курстар бар. 9- класстан жогору кыз-келиндер кабыл алынат. Акысы айына 500 сом.

Аталган окуу борбору Бишкек шаардык казыяты тарабынан көзөмөлдөнүп, окутуулар ханафи мазхабынын негизинде жүргүзүлөт.

Дареги: Төмөнү Жал. Байланыш номери: 0705 88 07 05

2- “Байчечекей” окуу борбору.

Намаз окуу, Куран окууну үйрөтүү боюнча курстар өтүлөт. Студент кыздар жазылса болот. Айына 700 сом.

Аталган окуу борбору Бишкек шаардык казыяты тарабынан көзөмөлдөнүп, окутуулар ханафи мазхабынын негизинде жүргүзүлөт. Байланыш номери: 0703 49 58 01.

3- “Ихлас окуу борбору”.

Тамгаларды таануу, Куран, акыйда, хадис, адеп-ахлак сабактары. Курска мектепти аяктаган гана кыз-келиндер кабыл алынат. Айына 1000 сом. Аталган окуу борбору Бишкек шаардык казыяты тарабынан көзөмөлдөнүп, окутуулар ханафи мазхабынын негизинде жүргүзүлөт.

Дареги: 8- кичирайон. Байланыш номери: 0774 548 003

4- “Мутакаллим” аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин аялдарга арналган курстары.

16 жаштан 76 жашка чейинки кыз-келиндер, апаларга эшик ачык. Өтүлүүчү сабактар: Курани Карим, араб тили, акыйда, фикх, сиро, кошумча лекциялар.

Жылдын аягында сетрификат берилет. Баасы: 500 сом.

Дареги: Киркомстром Дэн Сяопин 354. Байланыш номери: 0707 294 099.

5- “Мутакаллим” аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин аялдарга арналган курстары.

"Мутакалим" коомунун мугалими Полотова Сарбал аптанын ар жекшемби күндөрү саат 12:00до ислам негиздери, адеп-ахлак темаларында лекцияларды өтөт. Кирүү акысыз.

Дареги: Киркомстром Дэн Сяопин 354. Байланыш номери: 0508 020 284, 0771 288 883, 0772 317 680, 0702 768 866.

6- Кыргызстан ислам университетинин алдындагы эркектерге жана аялдарга арналган 2 айлык курстар.

Куран окуу үйрөтүлөт. Жаш куракта чектөө жок. Дареги: Гоголь көчөсү, 57. Кыргызстан ислам университетинин имараты. Байланыш номерлер: 0773 209 652 (эркектерге), 0705 40 25 63 (аялдарга).

7- “Инсандык жардам” кайрымдуулук фондунун кыз-келиндерге арналган лекциялары.

Ар ишемби жана жекшемби күндөрү саат 10:00дон 14:00го чейин Куран окууну үйрөтүү жана диний темадагы сабактар өтүлөт.

Ошондой эле, ар ишемби күнү саат 13:45тен 14:30га чейин диний темадагы баяндар берилет. Акысыз. Дареги: 3-линия,6-үй (“Азия Молл” соода борборунун арткы тарабы). Байланыш номери: 0702 603 145.

8- Жалдагы "Кыз Куран" курсу каалоочуларды 2 сааттык Куран курсуна чакырат.

Жумасына 5 күн бою Куран сабагы жана акыйда, адеп-ахлак, сиро боюнча сабактар берилет. Баасы: айына – 500 сом.

Дареги: Ахунбаев – Репина, 200. Байланыш телефондору: 0770 614605, 0707 613643.

Биздин редакция издеп, сураштырып тапкан окуу борборлору жана курстар ушулар болду. Эгер сиз мындай окуу борборлорун билсеңиз комментарийде бөлүшүңүз же бизге жеке кат жазыңыз. Электрондук дарегибиз – ummamagkg@gmail.com.

Жогорудагы курстар тууралуу кошумча суроолоруңуздарды көрсөтүлгөн номерлерге чалып билип алсаңыздар болот.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
14 декабрь 2019г.
Багымдат
06:42
Күндүн чыгуу
08:24
Бешим
12:56
Аср
15:46
Шам
17:33
Куптан
18:48