Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Сүннөт боюнча уктоо. 7 кеңеш

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 11 октябрь 2019

Уйкуңуз канбай, бир күн бою энергиясыз жүрөсүзбү? Мунун айынан иштериңиз оюңуздагыдай бүтпөй, бир күнүңүздү туура колдонуунун ордуна эптеп эле уктап алсам деген ойлор басып жаткандыр... Мындай абал көбүбүзгө эле тааныш болсо керек. Мунун баары - биздин “Уйку” деген маанилүү нерсеге туура көңүл бурбай, шалаакы мамиле кылып жатканыбыздын кесепети.

null

Уйку бул Аллах Тааланын пенделерине берген эң чоң жакшылыктарынын бири экенин билесизби? Ал эми Аллах Таала көрсөткөндөй уктоого баш коюп, сүннөттү аткаруу аркылуу биз ибадат кылганга барабар болобуз.

Аллах Таала “Наба” сүрөсүнүн 9-аятында:

“Уйкуңарды эс алуучу убак кылдык” деп айткан.

Анткени адам уктап тургандан кийин анын денесиндеги бардык мүчөлөрү эс алып, көңүлү көтөрүлүп, Аллага көбүрөөк ибадат кылууга энергиялуу болуп калат.

Уйку адептери:

1- Биринчиден, мусулман адам эч бир себепсиз уйкуну кечиктирбөөсү керек. Болушунча эрте уктоо түнкү тахажжуд жана таңкы багымдат намазын окууну жеңилдетет. Абу Барза (Аллах андан ыраазы болсун), Алланын Элчиси (Алланын ага салам-салаваттары болсун) куптанды окуудан мурун уктоону жана андан кийин сүйлөшүп олтурууну жактырбаганын айткан.

2- Сүннөт боюнча уктаардын алдында намаздын алдындагыдай эле даарат алып, тишти мисвак менен тазалаган оң.

3- Уктоого баш койгондо оң каптал менен жатуу керек. Бул тууралуу:

“Дааратчан төшөгүңө уктоо үчүн жатсаң анда оң капталың менен колуңду жазданып жат”,- деген бир топ хадистер бар.

Курсак менен көмкөрөсүнөн жатууга тыюу салынат. Пайгамбарыбыз көмкөрөсүнөн жатууну Аллах жакшы көрбөйт деп айткан.

4- Мүмкүн болушунча жүзүбүздү кыбыла тарапка буруп жатуу. Кыбыланы тээп жатууга болбойт.

5- Уктоо алдында уйку дубасын окуу.Алланын элчиси (Алланын салам-дубалары болсун) айтты:

"Уктоо үчүн төшөккө жатсаң анда намазга даарат алганыңдай даарат алгын жана оң капталың менен жатып бул сөздөрдү айткын: Оо Кудайым! Напсимди Сага моюн сундурдум, ишимди Сага тапшырдым, азабыңдан коркуп, кечиримиңе үмүттөнөм, баш калкалоо Сага гана болот, кутулууну Сен гана бересиң, түшүргөн китебиңе жана жөнөткөн элчиңе ишендим”. (Бухарий 6311)

Ал-Бара бин Азибдин (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) уктоого камынган кезде ал оң капталына жатчу да, анан минтип айтчу: “О, Аллах мен өзүмдү Сага тапшырдым (Сага толук моюн сундум), жүзүмдү сага бурдум (бүткүл турпатым менен тооба кылдым), иштеримди Сага тапшырдым (иштеримдин чечилишин Сага тапшырдым) жана сенин алдыңда корккондугумдан жана өз ыктырым менен Сага тобокел кылдым. Сенден качуунун жана кутулуунун Өзүңдөн (тиленүүдөн) башка жолу жок! Сенин түшүргөн Китебиңе (Ыйык Куранга), Сенин жиберген Пайгамбарыңа (Мухаммад алайхи саламга) ыйман келтирдим! “Аллахума, инниасламту анфси, илай-ка, ка важжтаху важхи илай-ка, ва фаватту амри илай-ка ва алжа’ту захри илай-ка рагбатан ва рахбатан илай-ка. Лаа малжа’а ва лаа манжа мин-ка илла илай-к! Аманту биКитаби-ка аллази анзалта ва-набиййи-ка аллази арсалта”. Андан соң Ал-Бара бин Азиб Пайгамбарыбыздын минтип кошумчалаганын айтат: Ушуну сен ар кечинде айтуучу өзүңдүн эң акыркы сөзүң кылып алгын” (Бухарий, Муслим). Хузайфанын (андан Аллах ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат: “Аллахтын элчиси (Ага Аллахтын салам жана салавататры болсун) түнү уктоого камынып, жуурканына кирип жаткан кезде, оң алаканын оң жагына төшөп, анан мындай дечү: “О, Аллах, Сенин ысымың менен өлөмүн жана Сенин ысымың менен тирилемин” (Би-сми-ка, Аллахума, амуту ва ахйа). Анан ал ойгонгон кезде минтип айтчу: “Бизди өлтүргөндөн кийин кайра тирилткен Аллахка мактоолор болсун, кайра тирилгенден кийин Ага кайтып барабыз!” (Ал-хамду ли-Ллахи аллазии ахйа-на мин ба’да ма амата-на, ва илай-хи-н-нушуурур!) (Бухарий).

6- Уктаардын алдында, ошондой эле, «аль-Курси», «аль-Ихляс», «аль-Фалак» жана «ан-Нас», «Аль-Кафирун», «аль-Мүлк» сүрөлөрүн жана «аль-Бакара» сүрөсүнүн акыркы 2 аятын окуса болот. Пайгамбарыбыз бул сүрөлөрдү окуган соң 2 алаканына үйлөп, жүзүнөн баштап бүт денесин 3 ирет сүртчү. Алла Элчисинин хадистеринде айтылгандай, жогорудагы сүрөлөрдү окуган адамга таң аткыча эч кандай зыян келбейт жана башка көптөгөн зыяндардан сактайт. Мисалы, уктоо алдында “Аль-Мүлк” сүрөсүн окуу кабыр азабына калканыч болот. Ал эми «аль-Курсини» окуган адамга шайтан жакындай албайт.

Истигфар айтууну да унутпоо зарыл. Анткени бул амал менен адам бейиште жогорку тепкичке жетет.

7-Уктардын алдын өзүңдөн өзүң 1 күндүн отчетун алып, кетирген күнөөлөрүң үчүн Аллахтан кечирим тилөө маанилүү. Ал эми кимдир-бирөө сени капа кылган болсо, аларды сен да кечирип, экинчи ирет бул негативдүү ойлордон өзүңдү бошотуу адамдын өзүнө эле пайда келтирет.

ИншаАллах, уйкуга да олуттуу көңүл буруп, анын сүннөттөрүн аткаруу менен денебизди, жан дүйнөбүздү эс алдырып, 2 дүйнөдө тең жеңишке жетишкен болобуз.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
19 ноябрь 2019г.
Багымдат
06:19
Күндүн чыгуу
07:58
Бешим
12:47
Аср
15:54
Шам
17:41
Куптан
18:56
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов