Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Бүгүн мусулман жыл санагы боюнча Жумада аль-уля айы кирди

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 27 декабрь 2019

Бүгүн мусулман жыл санагы боюнча Жумада аль-уля айы кирип келди. Ислам жыл санагы 12 айдан турса, жумада аль-уля 5-ай болуп саналат. “Жумада” сөзү араб тилинен которгондо “катып калуу” дегенди түшүндүрөт. Арабдар 5-айды мындай атап койгондугунун себеби, бул айда суу тоңуп, кыш мезгили келет.

null

Жумада аль-уля айында болгон окуялар:

1- Бул айда пайгамбарыбыз Мухаммеддин (САВ) тууганы Али жарык дүйнөгө келген.

2- Пайгамбарыбыздын сахабасы жана багып алган уулу Зайд ибн Харис согушта кайтыш болгон. Хижранын 8-жылы Пайгамбарыбыз Зайд ибн Харисти Муттагы согушта аскер башчысы кылып дайындаган. Дал ушул согушта Зайд ибн Харис дүйнөдөн кайтат.

3- Пайгамбарыбыздын (САВ) тууганы Жафар ибн Абу Талиб да ушу согушта кайтыш болгон.

4- Жумада аль-улянын 29-күнү Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (САВ) сахабасы, эр жүрөк Халид бин Валид кайтыш болгон.

5- Пайгамбарыбыздын (САВ) чоң атасы Абдул Мутталиб дүйнөдөн өткөн (ислам келгенге чейин).



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
26 февраль 2020г.
Багымдат
06:09
Күндүн чыгуу
07:43
Бешим
13:15
Аср
17:02
Шам
18:51
Куптан
20:06
Жаӊылыктар