Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Дезинфекция үчүн курамында спирт бар каражаттарды колдонууга болобу?

Жарыяланды: 23 март 2020

Дезинфекция үчүн курамында спирт бар заттарды колдонууга болобу? Бул суроо мусулмандарды эң көп ойлондурган маселелердин катарына кирет. Бул маселеге Аалымдар кеңешинин мүчөсү, профессор Кадыр ажы Маликов жооп берет.

Аллах Таала Куранда минтип айтат:

"Эй, момундар! Арак, кумар, (сыйынуу үчүн) кадалган таштар жана жаанын огу менен төлгө тартуу - шайтандын ыплас иштери. Андан сактангыла! Мүмкүн кутуласыңар..." ("Аль Маида' сүрөсү, 90-91-аяттар).

Ыплас деген сөз "нажас", "таза эмес" деген маанини түшүндүрөт.

Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) минтип айткан:

Мас кылуучу нерсенин баары (аз, же көп болгонуна карабай) - тыюу салынган! (Имам Аль Бухаринин жыйындысынан, 4087).

Башкача айтканда, бардык спирт ичимдиктери (наркотиктер дагы) мас кылуу максаты менен аз санда колдонулса да, арам болуп саналат. (1 стакан же бөтөлкөбү, айырмасы жок).

Ал эми спиртти ичүү үчүн эмес, сырткы колдонууга уруксат берилген!

Ислам укугунун негиздерине (усуль ал фикх) ылайык, арам 2 ге бөлүнөт: 1- Харам ли затихи (продуктунун өзүнө тыюу салуу), мисалы, чочконун эти. 2- Харам ли гойрихи (кыйыр маанидеги таасирге тыюу салуу), мисалы, алкоголь. Тактап айтканда, алкоголду түрдүү максат менен, анын ичинде дезинфекция үчүн медициналык максатта да колдонууга болот. Бирок ичүү максатында колдонууга болбойт. Анткени ал мас кылат.

Нажас деген сөз Куранда кыйыр түрдөгү ыплас деген мааниге келет. Мисалы, ар кандай нерсе идол (бутпарастардын жасалма кудайы) катары колдонулушу мүмкүн. Мисалы, устун, же уй (индуизмде), бул нерсе уй нажас, ыплас деген түшүнүккө келбейт да.

Бадаи' ас-Санаинин ханафи фикхинде (укугунда) 6/458 имам Абу Ханифа менен имам Абу Юсуфтун (рахматуллахи алейхим) ойлору айтылган: Бардык мас кылуучу спирт ичимдиктери, өлчөмүнө карабастан, ичүүгө тыюу салынган. Бирок ал нажас (ыплас) болуп саналбайт. Тагыраагы, эгерде ал кийимге, же сыйынуучу жерге төгүлүп кетсе, анда ал намаздын тууралыгын (сыххат) бузбайт.

Анын үстүнө, шариатта өзгөчө кырдаалдар учурунда өзүңдүн жана айланадагылардын ден соолугун коргоо максатында жеңилдетүүчү жана уруксат берүүчү эрежелер бар.

1."Зурурат тубихуль махзурат"- (жашоого өтө керектүү зарылчылыктар тыюу салынганга уруксат берет), мисалы, өлүм менен чочконун этин пайдаланууда тандоо турса, өмүрдү сактап калуу үчүн чочконун этин пайдаланууга уруксат берилет.

2. "Аль машакка тажлибуль тайсир" (кыйынчылыктар жеңилдиктерди тартат). Мына ушундай фикхтин эрежелери көп. Эң башкысы, логиканы иштетүү керек.

Коомдун жакшылыгын жана коопсуздугун сактоого багытталган шариаттын максаттарына ылайык биз өзгөчө кырдаалдагы чараларга бардык: жума намазга тыюу салдык жана башка бир катар чектөөлөрдү киргиздик. Сауд Арабиясында Мекке менен Мединада 2 ыйык мечит жабылды. Мына ушундан кийин кимдир-бирөө курамында спирт бар дезинфекциялоочу каражаттарга кантип тыюу салат?

Мисал келтирейин, медреседе бир окуучу мындай суроо берди: "спирт нажас (ыплас) болуп саналабы?" Мугалим:"Ооба" деп жооп берди. Анда окуучу сөзүн улады: "Анда кандайча? Сиз жаңы эле маркер менен тактага Куран аяттарын жазбадыңызбы. Белгилүү болгондой, маркердин курамында спирт бар да. Андай болсо сиз Куран аятын ыплас (нажас) нерсе менен жаздыңызбы? Бул күнөө болуп эсептелбейби???"

P.S. Мугалим шашып жатып туура эмес жооп берип алганын билди. Мындай кырдаалда фикхтеги эрежелерге (ислам укугунда) сокур түрдө (таклид аьма) ээрчибестен, фикхтин эрежелери жана шариаттын максатын жана заманбап коомдогу абалды эске алып, жыйынтык чыгаруу зарыл.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
9 июль 2020г.
Багымдат
3:20
Күндүн чыгуу
5:32
Бешим
13:07
Аср
18:24
Шам
20:46
Куптан
22:27