Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Бактылуу эненин 10 алтын эрежесин жазып алыңыз

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 2 апрель 2020

Кош бойлуулук, эне болуу, нарситеге туура кам көрүүгө байланыштуу алтын эрежелер Бишкекте уникалдуу форматта өтүп жүргөн “Кош бойлуу мусулман айымдарынын жолугушуусунда” айтылат. Салтка айланган иш-чара быйыл да уюштурулуп, 3-ирет өттү. Бул жолугушуу коомдук активист Индира Аданова тарабынан негизделген.

%article_title%

Баланын ыймандуу, дени сак, акылдуу болуп чоңоюшу ар бир ата-энени, өзгөчө энени бактылуу кылат. Мындай болушу үчүн эмнелерди билүү керек. Жолугушууда атайын чакырылган коноктор, кесипкөй адистер өз билими менен бөлүшөт.

Ата-эненин балага жасаган чоң жакшылыгы – бул мыкты таалим -тарбия. Ал эми балаңызга тарбия берүү качан, кантип башталат?

Иш-чарага атайын конок катары чакырылган “Айымзат” кайрымдуулук клубунун негиздөөчүсү жана директору Жибек Азизова дал ушул темада сөз сүйлөдү.

1- Өмүрлүк жолдошту туура тандоо – бала тарбиялоодогу алгачкы кадам

“Балабызды биз өзүбүзгө өмүрлүк жар тандап жатканда эле тарбиялап баштайт экенбиз. Болочок жолдошубуз кандай адам? Адеп-ахлагы кандай? Анын байлыгы же келишимдүү келбетине гана эмес, билимге умтулуусу, эмгекчилдиги, тазалыгы, адамдарга жасаган мамилеси жана башка ушул сыяктуу сапаттарына өзгөчө маани беришибиз керек”.

2- Кош бойлуу кезде көп дуа кылуу, Куран аяттарын үзгүлтүксүз угуу.

“Пайгамбарыбыз Мухаммедге (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) эң биринчи түшкөн аяттар – бул “Икро” сүрөсүндө. Бул сүрөдө биз, адамдар, уюган кандан жаралгандыгыбыз айтылат. Боюбузга бала бүткөн күндөн баштап ал 40 күн тамчы суу сыяктуу эле болот. 40 күндөн кийин ал уюган канга айланат. Андан кийин этке айланып, Аллах Таала периштени жиберип: “Ушул баланын тагдырын жаз”,- деп айтат. А биз балабыздын тагдыры жазылып жаткан ушул мезгилде эмне менен алек болобуз? Албетте, боюбузга бүткөндүгүнө жетине албай сүйүнөбүз. Андан соң кош бойлуулуктун сыноолорун башыбыздан өткөрө баштайбыз. Балким талгак болгондугубуз менен алышып, “эмнени жесем, эмне кылсам, кимге кандай мүнөзүмдү көрсөтсөм” деген ойлорго көбүрөөк маани берип коеттурбуз. Бирок биз бул учурда эң негизги нерсени – дуа кылууну күчөтүшүбүз керек. Балабыздын тагдыры жазылып жаткан кезде дуа кылбай коюу – чоң жаңылыштык. Балага жан берилгенге чейин дуа кылууну күчөтүүбүз абзел. “Бакара” сүрөсүн көп угушубуз зарыл. Эгер билсеңиздер, Аллах Таала адамдар менен кошо жиндер ааламын да жараткан. Жиндер ааламы: “Жер бетине дагы бир мусулман келе жатат”,- деп чоң паникага түшүшөт. Колдорунан келишинче бизге чабуул жасай башташат. Боюбуздан түшүргөнгө аракеттенишет. Чын эле, кош бойлуулуктун алгачкы 3-4 айына чейин аялзаты өзүн абдан жакшылап карашы керек, анткени ушул мезгилде бойдон түшүп калуу ыктымалдуулуктары көп болот. Мусулмандын эң күчтүү куралы дуа экендигин эстен чыгарбай, Жаратканга жакшы тилектер менен кайрылалы”.

3- Кош бойлуулук кездеги тарткан бардык кыйынчылыктарыңыз үчүн эсепсиз сооптор жазыларын билүү бизге чоң куч-кубат берет.

“Хадистерде кош бойлуу аялга күндүзү орозо кармап, түндө ибадат кылгандай тынбай сооп жазылары айтылат. Ал эми төрөт башталганда, толгоосунда, аялдын тарткан азабынын сообун Аллах Таала Өзүм берем, ал сооптун канчалык экендигин адамдар да, периштелер да билбейт деп айткан. Жараткандын бул убадаларын кош бойлуулук, андан соң төрөт учурундагы кыйынчылыктарда оюбуздан чыгарбай эстөө бизге эбегейсиз күч-кубат, сабырдуулук жана чексиз шүгүрчүлүк берет”.

4 – Баланын бизде акысы бар экендигин, ал үчүн Кыямат күнү жооп берерибизди билүү биздин жоопкерчилик сезимибизди күчөтөт.

“Азыркы заманда ар кандай шылтоолорду айтып, баласын эрте эмчектен чыгарып салган энелер бар. Бул-чоң жаңылыштык. Анткени наристени 2 жыл эмизүү – бул анын Жараткандан алган акысы. Балабыздын акысына кирип албайлы. Өтө эле олуттуу себептер болбосо, 2 жыл наристени эмизбей койсоңуз жолдошуңуз менен Аллах Тааланын алдында бул үчүн жооп бересиз. Балаңызга берген сүтүңүздүн ар бир тамчысы үчүн да сооптор жазыларын унутпайлы. Мына ушундай эсепсиз келип жаткан сооптордон биз кантип баш тартабыз. Балабыз эмечек эмем деп чуркап келсе, “ушул тажатты, болду” деп урушуп, аны түртүп жиберүү биздин энелик касиетибизге жарашпайт эмеспи. Баланы көбүрөөк эмизүү анын саламаттыгына өтө пайдалуу экендигин доктурлар айтышат”.

5- Балага айтсаң түшүнбөйт, ага үлгү болуп гана тарбия бере алабыз.

“Дагы бир маанилүү жагдай, урматтуу энелер, биз Аллахтын акыркы элчиси, пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) үммөтүн тарбиялап жатканыбызды унутпайлы. Балабызга ал бул дүйнөгө эмне үчүн келгенин, каякка барарын түшүндүрүп, Жаратканы, пайгамбары, Кураны менен тааныштырып коюу - биздин негизги милдет. Бул нерсени биз үлгү болуп гана түшүндүрө алабыз. Балага айтсаң түшүнбөйт, ал эми өзүң ошол нерсени жасап көрсөтсөң, ал да сени туурай баштайт. Мисалы, сиз намаз окуп жатсаңыз, сөзсүз, бала да жаныңызга келип, сиз менен кошо намаз окуйт”.

6- Бала менен сүйлөшүү – сиздерди жакындатат

“Балабызды мектепке, же бала бакчага берип коюп, өзүбүз кечке иштейбиз. Ооба, бул - муктаждык, жашоо. Бирок, канча чарчап жатсаңыз да, кечинде жок дегенде 20 мүнөт бала менен сүйлөшүп, анын бүгүнкү күнү кандай өткөнүн сурап коюу балаңызды алыстатып албоону алдын алат”.

Кош бойлуу мусулман айымдардын жолугушуусуна “Jade Gift” интимдик гиманстика мектебинин негиздөөчүсү Рахат Кенжебек да чакырылып, аялзатынын төрөттөн кийинки калыбына келүүсү, эненин ден соолугуна байланышкан алтын кеңештери менен бөлүштү.

7- Дени сак аял – бактылуу үй-бүлө.

“Аялзатынын физикалык, психологиялык, руханий саламаттыгынын чың болушунан үй-бүлөдөгү атмосфера көз каранды. Бир сөз менен бактылуу үй бүлө болуш үчүн аялдын ден соолугу чың болушу зарыл деп айтмакмын. Мына ушунун маанисин аял, биринчи кезекте, өзү жакшы түшүнүүсү зарыл. Ал жалкоо болуп, ден соолугуна кайдыгер мамиле жасап, баары өтүшүп кеткенде гана доктурга кайрылып жатканы чоң көйгөйлөрдү жаратат. Ооруган, бактысыз апасын көрүп чоңойгон бала бактылуу болобу? Аялдын энергиясы айлана-чөйрөгө, өзгөчө өз үй-бүлөсүнө колоссалдуу таасир берерин унутпайлы.

Урматтуу айымдар, 30 жашта ден соолук эч качан 18 жаштагыдай, 70 жашта 50 жаштагыдай болбойт. Ар бир курактын өз баасы болот. Анын сыңары, биринчи төрөттөн соң калыбына келүү эртерээк болушу мүмкүн. Бирок, экинчи, үчүнчү жолкуда ден соолуктун калыбына келүүсү улам кыйындап баштайт. Мындай болбошу үчүн сиздер ар бир төрөттөн соң ден соолугуңарга чоң жоопкерчилик менен кам көрүшүңөр керек. Мисалы, мен адис катары аялдардын көпчүлүгүндө төрөттөн соң заараны кармай албоо көйгөйүнүн бар экендигин айта алам. Анткени, жамбаш булчуңдары алсыздашып кеткен. Демек, төрөттөн соң аял тиешелүү көнүгүүлөрдү жасаган эмес. Негизи эле спорт менен дайыма машыгуу зарыл, ал эми эне болгон соң андан бетер жоопкерчилик менен спортко көңүл буруңуздар”.

%article_title%

Айымдар, эч качан оор нерсе көтөрбөгүлө

Оор көтөрүү аялдын ден соолугуна эбегейсиз чоң зыян келтирерин эстен чыгарбагыла. Сейилдөө бактарында бир канча баласы менен оор сумкаларды көтөрүп алган аялдарды көп көрүп калам, анан калса өзү кош бойлуу. Айымдар, өзүңөргө ыңгайлуу шарт түзгөнгө аракет кылгыла. Оор көтөргөнүңөр үчүн ден соолугуңар менен өтө кымбат төлөп каларыңарды унутпагыла”.

9- Организм 2-3 жыл эс алышы керек

“Төрөттөн соң организмдин калыбына келүүсүнө жок дегенде 2 жыл берүү зарыл. Идеалында бул 3 жыл болуусу керек. Эгер бул аралыкты сактабасаңыз, кийин ден соолугуңузду кантип, канча убакытта кайра калыбына келтирериңизди элестетип көрүңүз. Өзүңүздүн Жараткандан берилген базалык ресурсуңузду, энергияңызды баалап, аны өлтүргөндүн ордуна, күчтөндүргөндү үйрөнүңүз”.

Эмне үчүн айфон же кирпик өстүрүү арзан, ал эми аялдын ден соолугу кымбат?

“Биз аялдардын төрөттөн соң калыбына келүүсүнө жардам берген, мисалы, ошол эле заараны кармай албоону алдын алып, профилактикалык чараларды көргөн гимнастикаларды сунуштайбыз. Биздин кызматтын баасын сурап, кымбат экен деп кеткендер көп. Бирок ошол эле учурда аялдар андан да кымбат баага телефон сатып алышат, кирпик, тырмак жасатышат. Аялдардын өз ден соолугуна инвестиция кылбай жатышы ойлондурат. Демек, биз приоритеттерибизди кайрадан карап көрүшүбүз керек. Ден соолугу начар, өзүнө ыраазы болбогон, өзүн кабылдай албаган, өзүнө ишеними жок аялзаты үй-бүлөдө бактылуу боло албайт. Мындай болбошу үчүн билим алып, аялзаты өзүнө инвестиция жасоону биринчи орунга коюуга аракеттенүүсү зарыл”.

Адал тамак-аштар боюнча эксперт Адина Байсылдаева энелерди тамак-аштын руханий тарабына да өзгөчө маани берүүгө чакырды.

10 – Сиз балаңызды тамак-аш менен да тарбиялайсыз.

“Белгилүү аалым Имам Газали энелер тарбиялуу болуп жана адалдан гана тамактануусу керектигин айткан. Бул эки нерсе сүт аркылуу наристеге өтөт. Демек, энелер наристесин өзүнүн адеп-ахлагы жана кантип тамактанып жатканы менен да тарбиялайт. Булардын бардыгы наристеңиздин мүнөзүнө, жүрүм-турумуна таасир этерин билчү белеңиз?

Азыркы кезде тамак-аштын түрү көп. Сыртынан кооз көрүнгөнү менен курамында арам кошулмаларды камтыган, ден соолукка зыян берген азык-түлүктөр четтен чыгат. Сатып алып жаткан продуктынын курамын кунт коюп карап чыгуу бүгүнкү күндө өтө актуалдуу.

Жөнөкөй мисал келтирейин, бала йогуртту көп жейт эмеспи. Тилекке каршы, Кыргызстанда мына ошол бала көп жеген йогурттардын көбү адал эмес, курамында шектүү кошулмалар көп. Бирок биз буга маани бербей, наристелерибизге шектүү йогурттарды сатып берип жатабыз. Анын ордуна айранга өзүбүз жасаган кыямдан аралаштырып, йогурт жасап, ушул сыяктуу альтернативдүү жопторду тапсак болот да. Бирок азыр, 21-кылым ылдамдыктын заманы болуп, биз тез жана оңой жасалганына качырабыз.

Эгер балаңыз гиперактивдүү, тынчы жок, уйкусу начар, агрессивдүү болуп жатса, анын тамак-ашына сөзсүз көңүл бөлүп көрүңүз”, - деген кеңештерин айтты адал жаатында экперт, психолог Адина Байсылдаева.

Кош бойлуулук, эне болуу, эненин кадыры менен байланышкан канчалаган аят жана хадистер бар. Булардын бардыгы бизди эне болууга биринчиден жоопкерчиликтүү карап, экинчиден шыктандырып, дем берүүсү абзел. Уюштруучу Индира Аданова ар бир кош бойлуу мусулман аялзаты бул учурдагы кыйынчылыктарды, талгак болуу, денесинин оорлошуусу, кыймылдаганда кыйналганы, андан соң төрөт маалындагы жаны көзүнө көрүнө кыйналган учурлар, толготуу, бала төрөлгөн соң өткөргөн уйкусуз түндөр, булардын бардыгын азап-тозок деп кабылдабай, Аллах Тааланын мээрими экенин, бул эмгектер үчүн эбегейсиз, сиз ойлоп көрбөгөн сооптор жазыларын эстен чыгарбоо керек дейт.

“Мен бул иш-чараны мына ушул нерселерди эскертип айтып туруу үчүн да уюштурдум. Анткени динибиздеги бул маалыматтар аялзатына кадимкидей эбегейсиз күч, сабырдуулук жана кайрат берет. Аялзатынын кыйынчылыктарга болгон мамилесин өзгөртүп коет. Башка катардагы кош бойлуу айымдардын клубунда мындай маалыматтар дайыма эле айтыла бербесе керек, - деди Индира айым.

Иш-чаранын жүрүшүндө пайдалуу кеңештерден тышкары, наристени алдыга көтөрүп ороо (слинг) жана төрөттөн соң ар кандай ооруларды алдын алуу үчүн бел, курсак тарапты ороо (бенкунг) боюнча адистер мастер-класс көрсөтүп беришти.

“Yamama” бренди кош бойлуу жана бала эмизген аялдар үчүн ыңгайлуу кийимдер коллекциясын тартуулады.

Индира Аданова бул иш-чаранын өтүшүнө колдоо көрсөткөн демөөрчүлөргө терең ыраазычылыгын билдирди: “Эгерде мурун иш-чараны өткөрүүгө демөөрчүлөрдү өзүм издесем, бул жолкусунда жардам колун сунгусу келгендер өздөрү кайрылып жатышты. Бул мени абдан кубандырды. Бардыгына терең ыраазычылыгымды билдирем”, деди ал.

Кош бойлуу мусулман айымдардын жолугушуусу 3 жылдан бери Бишкек шаарында өтүп келет. Анда айымдарга профессионалдардан пайдалуу кеңештер айтылып, түрдүү мастер-класстар көрсөтүлүп, көптөгөн белектер ойнотулат.



Намаз убактылары
19 апрель 2024г.
Багымдат
4:30
Күндүн чыгуу
6:14
Бешим
13:01
Аср
17:48
Шам
19:52
Куптан
21:07
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов