Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Кадыр Маликов: "Профилактикалык максатта спирт ичимдигин ичүүгө болбойт"

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 22 апрель 2020

Медицина кызматкерлери, наркологдор карантин маалында спирт ичимдиктердин колдонуу мурункуга салыштырмалуу өскөнүн айтышууда. Бул көрүнүш Кыргызстанда гана эмес, дүйнө жүзүндөгү көптөгөн өлкөлөрдө байкалган.

25 жылдык тажрыйбасы бар врач-нарколог Эмил Камчыбеков алкоголь ичимдиктерин колдонгондор 2 эсеге көбөйгөнүн айтты:

“Буга адамдардын эмоционалдык абалы себеп болууда. Керели кечке ишсиз үйдө отургандар ар кайсы нерсени ойлоп депрессия болушат, бизнестери артка кеткендер бар, үй-бүлөлөрү бузулгандар, акчалары түгөнүп ачка калгандар жана башка ушул сыяктуу себептер адамдарды спирт ичимдиктерин ичүүгө түртөт”,-деди ал.

Диний аалым Кадыр ажы Маликов айрым адамдардын арасында жаңылыш стереотиптер бар экенин баса белгиледи:

“Кээ бирлеринде “коронавирусту алдын-алуу үчүн, профилактикалык максаттар менен спирт ичимдиктерин ичип койсо болот” деген стереотиптүү ойлор бар экен. Мындай ойдун чындыгы жок. Бул жөн гана шылтоо, өзүн-өзү алдоо. Тескерисинче, спирт ичимдиктерин колдонуу ден соолукка гана зыянын келтирбестен дагы башка толгон көйгөйлөрдү жаратат. Мисалы, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун күчөшүнө чоң түрткү берүүдө. Алкоголь колдонгон адам өзүнө эле эмес, коомго да чоң зыян тийгизип жатканын түшүнүшү керек. Спирт ичимдиктерин колдонуу эч кандай көйгөйдү чечпейт. Адам өзүнө эле чоң жамандык жасаган болот. Карантинден соң спирт ичимдиктерине болгон көз карандуулук күчөшү мүмкүн”, - деди ал.

Ыйык Рамазан айы - оңолуунун, жашоону туура нукка өзгөртүүнүн айы. Кыйынчылыктан соң сөзсүз жеңилдик келерин унутпай, утурумдук сыноолорго алдырып жибербей, баарын сабырдуулук менен жеңүүгө аракеттенели. Спирт ичимдиктери тыюу салынган, ал ислам дининде арам категориясына кирет. Андыктан аны колдонууга (ичүүгө) эч бир нерсе шылтоо боло албайт.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
27 май 2020г.
Багымдат
3:19
Күндүн чыгуу
5:28
Бешим
12:59
Аср
18:14
Шам
20:34
Куптан
22:12
Жаӊылыктар
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов