Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Орозо кармай албагандар садака-фидия төлөөгө милдетүү. Шарттары

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 8 май 2020

Ислам дининде “садака-фидия” деген түшүнүк бар. Бул орозого байланыштуу термин.

Орозо кармоо ислам дининин 5 түркүгүнүн бири жана ал сөзсүз аткарылышы керек болгон “парз” категориясына кирет. Бирок айрым адамдар белгилүү бир себептерге байланыштуу орозо тута алышпайт. Мисалы, орозо кармоого такыр дарамети жетпеген кары-картаңдар, узак убакыт ооругандар болушу мүмкүн. Мындай учурда орозо кармоонун ордуна алар садака-фидия төлөп беришет. Бул тууралуу бизге кененирээк Аалымдар кеңешинин мүчөсү Бактияр Токтогазы уулу айтып берди.

“Садака-фидияны орозо кармоого эч эле кудурети жетпеген адамдар гана төлөйт. Ал эми калгандары, мисалы, сапарда жүргөндөр, кыска убакыт аралыгында ооругандар орозонун казасын кармап берүү менен гана кутулат”,- деди Бактияр ажы.

Садака-фидиянын өлчөмү кандай?

Фидиянын өлчөмү орозо кармай албаган адамдын бир тое жеген тамагы менен эсептелет. Ошондой эле, садака-фитирдин өлчөмү менен да чогуу эсептесе болот. Орозо кармай албагандардын арасында жашоо деңгээли ар түрдүүлөр бар. Колунда жогураактар садака-фитирдин минималдуу баасы менен, ал эми колунда барлар максималдуу баада төлөшү абзел.

Садака – фидия кимдерге берилет?

Садака – фидия колунда жок, жардамга муктаж адамдарга берилет. Коңшу-колоң, тууган-туушкандардын арасында жашоо-шарты кыйындар болсо, же өзүңүз жардамга муткаждарды көрүп-билип жүрсөңүз, мына ушул адамдарга алып барып берсеңиз жарайт.

Азыркы тапта “Умма” ислам журналы “Кайнар Групп” ресторандар тармагы менен биргеликте “Карантин режиминдеги Рамазан Чатырын” уюштурууда. Сиз садака-фидияңызды ушул жерге кошсоңуз болот. Чогултулган каражаттар аз камсыз үй-бүлөлөр, жетим балдар, пенсияга чыккан кары-картаңдар жана жалгыз бой апаларга жеткирилүүдө. Садака фидияны азык-түлүк түрүндө төмөндөгү дарек боюнча алып келе аласыз: “Тюбетейка” рестораны, Турусбеков көчөсү, 31.

Акчалай түрдө да которуп койсоңуз болот: ЭлСом: 0990 05 11 77

Садака-фидияны качан төлөө керек?

Алдын – ала 30 күндүкүн чогултуп бир берсе болот, же күн сайын берип кутулууга мүмкүн.

Маанилүү

Эгерде орозо кармап жаткан адам Рамазан айынын ортосунда каза болуп калса, анын ушул орозодо аягына чейин кармалбай калган күндөрүн фидия түрүндө жакындары төлөп бериши зарыл.

Эгер адам ооруп орозо кармай албай каза болсо, анда ал үчүн фидия берилбейт.

Ден соолугу себептүү орозо тута албаган карыган адамдын фидия бергенге мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда андан бул милдет алынып салынат.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Жаӊылыктар
Намаз убактылары
27 май 2020г.
Багымдат
3:19
Күндүн чыгуу
5:28
Бешим
12:59
Аср
18:14
Шам
20:34
Куптан
22:12
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов