Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Шавваль айындагы орозону кантип кармайбыз?

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 25 май 2020

Муслимден (р.а) келген хадисте пайгамбарыбыз (САВ) Шавваль айындагы орозо тууралуу бул маалыматтарды айткан: “Кимде ким Рамазан айындагы орозону толугу менен соңуна чыгарып, Шавваль айында дагы 6 күн кошумча сүннөт орозону кармаса, ал адамга 1 жыл бою орозо кармагандын сообу берилет”.

Бул нерсени, албетте, Аллах Тааланын бизге ыроологон дагы бир чоң белеги жана мээрими деп түшүнөбүз.

Шавваль айындагы орозонун маанисин жана аны кантип кармоо керектигин муфтияттын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов айтып берди.

- Шавваль айындагы орозо парзбы же сүннөт?

- Шавваль – бул Рамазандан кийинки айдын аталышы. Шавваль айындагы 6 күндүк орозо сүннөт орозого кирет. Кармаса сообун алат, кармабаса күнөөкөр болбойт.

- Сообу кандай?

- Бул орозонун сообу мындайча түшүндүрүлөт: Рамазан айындагы толук кармалган орозонун сообу 10 айга, ал эми Шавваль айындагы орозонун сообу 2 айга көбөйтүлүп берилет. Ошону менен экөө биригип, 1 жыл орозо кармагандын сообу чыгат.

- Орозо айында карызы барлар алгач карызын кармап бүтүрүшү шартпы, же биринчи шавваль орозосун кармай берсе болобу?

- Алгач карызды кармап бүтүрүп, андан соң гана Шаввалдын 6 күндүк орозосун кармоо шарт болуп саналат.

- Шавваль айындагы орозонун мааниси кандай?

- Бул орозонун адамзатка чоң тарбиясы бар. Биз бир ай бою жамандан тыйылып, бир канча кошумча ибадаттар менен алек болуп, өзгөрүүнүн туура жолуна түшүп алган соң Рамазан бүтөрү менен бул аракетибизден дароо үзүлүп калуу руханий дүйнөбүзгө жана ден соолугубузга да жакшы эмес таасир тийгизип коюушу мүмкүн. Рамазан бүткөн соң да орозонун даамын сезип, Аллахка жакындоонун аракетинде болуубузга Шавваль айындагы орозо түрткү берет.

- Бул орозону Шавваль айынын кайсы күндөрү кармайбыз?

- Айт күнү гана кармаган болбойт. Шавваль айынын ичинде өзүңүзгө ыңгайлуу каалаган күнү кармай бересиз. Катары менен 6 күн кармасаңыз болот, же болбосо үзүп-үзүп деле кармай бересиз. Сүннөт орозолор кармалчу дүйшөмбү жана бейшемби күндөрүнө туштап кармасаңыз да кошумча сооп болот.

- Кантип ниет кылабыз?

- Шавваль айындагы 6 күндүк орозону кармоого деп ниет кылабыз.

- Шавваль айындагы орозодо кайсы убакта ооз бекитип, кайра качан ооз ачылат?

- Багымдат намазынын убактысы киргенге чейин ооз бекитип, шам намазы киргенде ооз ачылат. Намаз убактыларына карап, биле аласыз.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
10 июль 2020г.
Багымдат
3:21
Күндүн чыгуу
5:33
Бешим
13:07
Аср
18:24
Шам
20:46
Куптан
22:26