Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Мектепте иштөө үчүн жоолугумду чечишим керекпи?

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 10 июнь 2020

Суроо: Мен ислам эрежелерине ылайык жоолук салынганыма 4 ай болду. Жолдошума жардам кылып, айылда мектепке иштейин дегем. Жогорку билимим бар. Бирок мектептен жоолукка каршы чыгып жатышат. Эмне кылуум керек? Кандай кеңеш берет элеңиз? Алардын жоолукка тыюу салууга акысы барбы?

Жооп: Окурманыбыздын жазган суроосуна биз “Мутакалим” аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин жетекчиси, аял укуктарын коргоо жаатында көп жылдардан бери иш алып барып келе жаткан коомдук ишмер Жамал Фронтбек кызына байланыштык.

Жамал айым мындай тыюу салуулар Баш мыйзамга каршы келерин баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Конституциясындагы “Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери” аттуу бөлүмүнүн 16-беренесинде мындай деп айтылат:

2. Кыргыз Республикасы өз аймагынын чегинде, өзүнүн юрисдикциясында турган бардык адамдардын укуктары менен эркиндиктерин урматтайт жана камсыз кылат.

Эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес.

32-берене.

1. Ар кимге абийир жана дин тутуу эркиндиги кепилденет.

Жамал Фронтбек кызы: “Айрым билим берүү жайларында “Биздин устав боюнча дресс-код деген бар, аны сакташ керек”, -деп айтышат. Бирок эгерде ошол устав Конституцияга карама-каршы келсе, демек, уставды кайрадан карап чыгуу зарыл. Аны Коституцияга тууралоо абзел. Ал эми Конституцияда “дин эркиндиги чектелбейт жана ал кодулоого алынбайт деп так-даана көрсөтүлгөн”.

Жамал айым, ошондой эле, мындай кырдаалга туш болгон кыз-келиндер мектеп жетекчисинин үстүнөн прокуратурага же сотко кайрылганга укугу бар экенин айтып өттү.

“Биз өз укуктарыбызды билсек, аны мыйзам чегинде коргой алабыз. Ошондуктан, “жоолук менен эч жерде иштей албайт экенмин” деп отуруп калбай, аракеттенүү зарыл. “Мутакалимге” окшогон укук коргоо уюмдарына, акыйкатчыга кайрылса болот”, - дейт Жамал айым.

“Мутакалим” аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмеси окурманыбыздыкындай кырдаалга туш болгондорду ар дайым колдоп, аны чечүүгө жардам берип келет. Бирикменин инстаграмдагы баракчасы – @ppaw_mutakalim, фейсбуктагы баракчасы - ПООЖ "Мутакаллим". Жамал Фронтбек кызынын иш номери – 0555 186 565



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
6 август 2020г.
Багымдат
4:05
Күндүн чыгуу
5:58
Бешим
13:08
Аср
18:10
Шам
20:21
Куптан
21:49
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов