Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Кыргызстандын тунгуч муфтийи 80 жашка толду

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 23 июнь 2020

Аалымдар Кеңешинин ардактуу мүчөсү, Кыргызстандын тунгуч Азирети муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахманов 20-июнда 80 жашка толду.

null

Кыргызстандагы диний билим берүүнүн башаты Кимсанбай ажынын ысымы менен байланыштуу.

Алгачкы медресе

Кыргызстандагы эң биринчи медресе Бишкек шаарында Кимсанбай ажынын аракети менен ачылган. Бул медресени ал 1993-жылы Ислам инситутуна айлантып, окуу программаларын да жогорку даражага көтөрүп, ага «Азрети Али» наамын берген. Ушул эле жылы Кимсанбай ажынын демилгеси менен Кыргызстандын облустарында да бир катар медреселер ачылган.

Алгачкы ажылык сапар

1991-жылы Кимсанбай ажы баш болгон 450 кишиден турган топ алгач ирет Кыргызстандан Сауд Аравиясына ажылыкка барышкан.

Элдин руханий өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Кимсанбай ажыга Президент Сооронбай Жээнбековдун энчилүү сааты тапшырылды. Президенттин аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев Кимсанбай ажыга президенттин куттуктоосун жана ыраазычылыгын айтты.

Кимсанбай ажы Абдурахманов 1940-жылдын 10-июлунда Өзбекстандын Фергана облусундагы (Кыргызстандын Баткен шаарынан 15 километр алыстагы) Жанабад айылында жергиликтүү кыргыз үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

Ал 1957-жылы орто мектепти аяктап, 1959-жылы Өзбекстандын Бухара шаарындагы “Мир-и Араб” ислам медресесине окууга кирген. 1962-1966-жылдарда Советтер Союзунун Ыраакы Чыгышында аскердик деңиз флотунда кызмат өтөп, аскерден кайткан соң “Мир-и Араб” ислам медресесиндеги окуусун улантып, 1971-жылы ийгиликтүү бүтүргөн.

• 1971-1976-жылдарда Ташкендеги Борбордук Азия жана Казакстан мусулмандарынын диний башкармасында «Советтик Чыгыштын мусулмандары» журналынын редакциясында адабий кызматкер болуп эмгектенген.

• 1976-1980-жылдары ал Иорданиянын борбору Иордан (Үрдүн) шаарындагы Үрдүн мамлекеттик университетинин Шарият факультетинде окуп, аны ийгиликтүү бүтүрүп, Иорданиянын падышасынын колунан Ислам шариатынын адиси деген дипломду алган.

• 1980-1982- жылдары “Советтик чыгыштын мусулмандары” журналынын редакциясында журналдын араб тили жана өзбек тили вариантынын редактору болуп иштеген.

• 1982-1986-жылдары Кимсанбай ажы Бухара шаарындагы “Мир-и Араб” ислам медресесинин директору болуп иштейт.

• 1987-1989-жылдары Борбордук Азия жана Казакстан мусулмандарынын диний башкармасынын «Фатва» бөлүмүндө эмгектенип, 1990-жылдын мартынан 1992- жылдын сентябрына чейин Кыргызстан мусулмандарынын казыятынын төрагасы — Казы болуп кызматын кылат.

• 1992- жылдын август айынын аягында Кыргызстан мусулмандарынын 1-Курултайы болуп, эгемендүү Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармасын түзүп, анын төрагасы (Муфтий) болуп Кимсанбай ажы Абдурахманов дайындалат.

• 1996-жылдын декабрында Кимсанбай ажы Кыргызстандын Муфтийи кызматынан алгачкы жолу бошоду.

• 2000-жылдан 2002-жылдын сентябрына чейин Кимсанбай ажы экинчи жолу Кыргызстан мусулмандарынын Муфтийи болуп кызмат кылды.

• 2002-2007-жылдары Кимсанбай ажы Бишкек шаарындагы Махмуд Кашкари мечитинде имам-хатиб болуп иштеди.

• 2008-жылдын апрелинен баштап, Бишкек шаарындагы жаңы курулган Мусакан төрө мечитинде имам-хатиб (башкы имам) болуп үзүрлүү кызмат өтөөдө.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
6 август 2020г.
Багымдат
4:05
Күндүн чыгуу
5:58
Бешим
13:08
Аср
18:10
Шам
20:21
Куптан
21:49
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов