Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

ӨПКӨ: "Азыркы ооруда баарынан көп мен кыйналдым"

Автору: "умма" журналы / Жарыяланды: 3 июль 2020

Азыркы оор кырдаалда дем ала албай канчалаган мекендештерибиз жан берип жатышат! Ооруп жаткандардын баарына шыпаа тилейбиз. Баарынан көп зыянга учураган өпкө адамзатка кайрылып, бул кырдаалдан сабак алуусун өтүнөт.

Мен сенин өпкөңмүн!

null

Оо, досум! Адегенде керилип чалкаңан жатчы, мен бир аз кеңейип, ичиме көбүрөөк аба баткыдай болсун. Менин ичиме канчалык көп аба толгон сайын сенин дагы мээң ошончолук жакшы иштеп, менин айткандарымды эсиңе түйүп алганга жакшы шарт түзүлөт.

Кычкылтекти абадан алып, канга өткөрүп берип жаткан “Өпкө” деген ички органың мен болом.

“Өпкө” деп мактанчаактарды айтып коесуңар, аларды билбейм дечи, мактанган жаман жосун, бирок мен мактануу менен Жаратканды мактагым келет. Ансыз деле менде текеберленейин, менменсинейин деген ой жок. Бардык мүлк Ага тиешелүү. Мен болгону озуйпам менен сага кызмат кылуу үчүн көөдөнүңө орнотулган органыңмын жана Жараткандын ырайымдуулугун, берешендигин чагылдырып турган күзгүңмүң.

Жаратканым мени ичине аба толтуруп, ал абаны канга өткөрсүн деп, кандагы калдык болгон көмүр кычкыл газын сыртка чыгарсын деп жараткан. Акыры бир күн абанын бүгүнкүдөй кирдей турганын билгендиги үчүн өзүн-өзү коргосун деп мага “өзүн-өзү жаңылоо” механизмин берип койгон тура. Ошондуктан, көпкө чейин арызданбай иштей берем.

Мага абаны ташып турган мурун көңдөйү, коко, кекиртек жана бронх аттуу аба жолдорунун ичи абадагы чаңдарды тосуп, сыртка карай шыпырган, кургак абаны нымдаган жана былжыр суюктук бөлүп, микробдорду кармаган клеткалар менен капталган.

Сен уктап жатканда дем алуу системаңдагы аба жолдорунда орун алган шыпыргынын талчалары сен күндүз жуткан абадагы чаңдарды жармаштырып, былжыр суюктуктун жардамы менен сыртка чыгарышат. А аны сен эртең менен турганда какырып саласың. Ал какырык ошол чаңдардан топтолгон. Аны кандай азаптуу жол менен алып чыкканымды билсең гана...

Тамеки чеккендер болсо, ар бир түтүн соргонунда ошол клеткаларымдан 800-1000ге жакынын өлтүрүшөт. Көп өтпөй, аба аркылуу келген зыяндуу заттарды сыртка карай шыпыра албай калам.

Эң мыкты тандалма академиктер чогулса да, өпкө деген бир бөлүгүмдү да жасай алышпайт. Өзүм тууралуу сага дагы бир аз айтып берейин.

Денеңдин муктаждыгы болгон кычкылтекти өзүмө алып, канга өткөрүп берем. Мээңден бутуңдун учуна чейин бардык денеңдин клеткалары ошол кычкылтек менен жашап келе жатат. Ичимде жалпы аянты 100 метр квадрат кеңдикке ээ болгон 300, 000, 000 кичинекей баштыкча (альвеола) бар. Башкача айтканда, ал баштыкчалардын аянты чоң теннис аянтчасына, же болбосо сени жабдып турган териңден 50 эсе чоң дегенди билдирет.

Жаратканым сенин кичинекей өпкөңө ушунчалык аянтты сыйдырып, “Сыр-Дарыядан кең туруп, сыр аякка баткан суу” дегендей эле керемет жаратыптыр. Ийненин учундай болгон баштыкчалар ар бир дем алганыңда канга кычкылтек өткөрүп берип турат.

Кээде туура эмес дем аласың!

Сенин кемчиликтериңдин бирөөсү – бул оозуң менен дем алганың. Мурундан кирген аба жылуу, кирлерден тазаланган жана нымдалган болот. Ошондо суук тийбей, инфекциялык оорулардан алыс болосуң. Оозуң менен дем алганыңда муздак жана кургак абадан чаң менен микробдор чыпкаланбай туруп мага кирип, бронхиттен пневмонияга чейинки бир топ ооруларга себепчи болот.

Кээде сени жөтөлтүп, кыйнап койгон жерим бар. Ооба, сени кыйнап жаткандырмын, бирок катуу басым менен микробдорду сыртка чыгарбасам, алар бронхаларга тыгылмак дагы, ден соолугуң менен кош айтышмаксың.

Эстечи, ушул күнгө чейин канча жолу жөтөлүп, канча жолу какадың? Албетте, санай албайсың. Ошонун ар бири сенин ажалдын оозунан кайра тарктаның болуп эсептелет. Силер “жөтөл” деп атап койгон иштин башкача аты мендеги чаңды сыртка чыгарып, “балээден кутулуу” деп аталат.

Мен жакшы иштесем сенин жашооң да жеңил болот. Ал үчүн табиятка кам көр, абаны кирдетпе, тамеки чекпе, ачууланба. Ачууланганың да мага терс таасирин тийгизип, дем алууда кыйналасың.

Таза абалуу жерлерде терең-терең дем алып, мага таза кычкылтек жиберип тур. Азыртадан өзүңдү жакшы карап, оорубаганга аракет кыл!

Ар бир дем алганымда жана дем чыгарганымда “Ху” деген үнүм менен зикр кылынган Жаратканым туурасында дагы да көбүрөөк ой жүгүрт. Ар кандай учурда күтүүсүздөн демимди токтотуп коюшум мүмкүн экенин эстеп, Кудурети чексиз Жаратканга шүгүр кыл!

Макаланын маалымат булагы - "Өзүңдү оку!" китеби.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
6 август 2020г.
Багымдат
4:05
Күндүн чыгуу
5:58
Бешим
13:08
Аср
18:10
Шам
20:21
Куптан
21:49