Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Курман айт намазы окулбаса, курмандыкты чалуу кайсы убакыттан башталат?

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 27 июль 2020

Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу 31-июлдагы Курман айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбай турган болду. Бул тууралуу муфтият кабарлады. Демек, Курман айт намазы окулбай турган болсо, анда курмандык качан чалынат?

%article_title%

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин жообу:

Адатта, Курман айтта амалдардын эң биричиси, күн найза бою көтөрүлгөндөн кийин айт намазын окуу жана элге кайрылып диний насааттарды айтуу (хутба окуу), курмандык чалуунун жол жобосун үйрөтүү, андан соң курмандык чалуу менен башталат.

Алланын элчиси (ага Алланын саламы жана салаваты болсун): “Бул күндүн эң биринчи амалы айт намазын окуу, андан соң курмандык чалуу”,— деген.

Эгерде кимдир бирөө айт намазы окулганга чейин курмандыгын чалып койгон болсо, ал курмандыкка өтпөй калат.

Жундаб ибн Абдулладан риваят: “Пайгамбарыбыз (ага Алланын саламы жана салаваты болсун): “Ким намаз окулганга чейин (курмандыгын) чалып койгон болсо, ордуна башкасын кайрадан чалсын. Ал эми ким (намаз окулганга чейин) чала элек болсо (намаздан соң) чала берсин”, -деп айтты”. Имам Бухарий жана Имам Муслим риваяты.

Ал эми Курман айт намазы окулбай турган учурда курмандык союу важиб болгон мусулман бир туугандарыбыз курмандыгын кантип чалат? “Раддул мухтар” китебинде бул жөнүндө:

«Вокиат китебинде»: «Эгерде шаарда өзгөчө кырдаал же абал болуп, айт намазын окуп берүүгө бир дагы (вали) жоопкер адам жок болсо, адамдар таң аткандан кийин курмандык чалышса уруксат болот. Мына ушул тандалып алынган сөз. Анткени шаар мындай учурда курмандык чалуу убактысы боюнча талаа жана айыл-кыштак өкүмүнө айланат. «Фатава кубро» китебинде да дал ушундай айтылган. Ошондой эле ушул сөзгө фатва берилген. «Сирожия» китебинде да ушундай келген».

“Эгерде суук, суу ташкыны жана калың кар сыяктуу табият кырсыктары айт намазы окулуусуна тоскоолдук пайда кылса, анда күн чыгып найза бою көтөрүлгөндөн соң айт намазы хутбасы менен кошо окулуп бүткүдөй убакыт өткөндөн кийин курмандык чалына берет” —  “Ал-Муфассал фил фикхил ханафий”, Мухаммад Мажид Итр.

Эгер шаарда бир фитна (аскердик абал, табигый кырсыктар-пандемия ж.б.) пайда болсо, султан (жетекчилик) тарабынан адамдарга айт намазын окуп берүүчү жооптуу имам болбосо, анда ал шаар курмандык чалууда айт намаз окулбаган айыл-кыштактын өкүмүндө болуп калат да, таң жүргөндөн баштап курмандыктарын чалса болот. Ошентсе да мындай абалда айт күнү түш оогондон кийин курмандыгын чалуу жакшыраак. (Бадаайи санаайи) 

КОРУТУНДУ: Мына ушул фатва китептеринде айтылган маселелерге таянып, жогорудагы китептерде айтылган абалдар биздин учурдагы эпидемиялык абалыбызга окшоштугу болгондуктан, өлкө боюнча эртең менен күн чыккандан соң саат 07:30 дан кийин курмандыкты союга уруксат берилет.

Эскертүү: Курмандыкты чалуу убактысы 2020-жылы 31-июль, 1-август жана 2- август күнү дигер намазына чейин чалууга болот. Каалоочулар ушул көрсөтүлгөн даталардын каалаган мезгилинде чалса болот.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
23 ноябрь 2020г.
Багымдат
06:23
Күндүн чыгуу
08:03
Бешим
12:48
Аср
15:51
Шам
17:38
Куптан
18:53
Жаӊылыктар