Мусулмандардын жылсанагы боюнча 1442- жыл келди. Бүгүн Мухаррам айынын 1- күнү. Мухаррам - Исламдагы 4 ыйык айлардын (Ражаб, Зуль-хижжа, Зуль-каада, Мухаррам) бири болуп саналып, бул айларда жасалган жакшы иштердин сооптору көбөйтүлөт. Ал эми күнөө иштердин даражасы да оорлотулат. Андыктан, бул айда ар кандай күнөө иштер, аларга алып барчу жолдордон оолак болгон оң.
Мухаррам айында ибадаттарды көбөйтүп, орозо кармоого аракет кылуу керек.
Анткени Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) Аллахтын элчисинин (Алланын ага салават-саламдары болсун) Рамазандан кийинки эң абзел орозо Аллахтын Мухаррам айындагы орозо, парз намаздан кийинки эң абзел намаз түнкү намаз деп айтканын келтирет.
Ар айда 3 күн орозо тутуу сүннөтүн Мухаррам айында да калтырбай кармоого ниеттенүү керек.
Мухаррам айынын 10-күнү ислам тарыхында эң маанилүү күндөрдүн бири "Ашура" күнүнө туш келет. “Ашура” деген сөздүн өзү араб тилинен “ашара” - 10-сан деген мааниге келет.
Дал ушул күнү Улуу жаратуучу ааламды, периштелерди жана биринчи адам - Адам алейхи саламды жараткан. Ошондой эле, бул күнү Чексиз Мээримдүү жана Кечиримдүү Аллах Таала Адам алейхи саламдын күнөөлөрүн кечирип, Нух алейхи салам жана анын жолдоочуларын топон суудан аман алып калган. Бул күнү Аллах Таала Муса пайгамбарды каапырлардын зыянынан коргоп, куткарган.
Ашура күнү орозо кармоо сүннөт болуп, эбегейсиз чоң соопторду табууга жол ачат. Ашура күнү менен кошо анын алдыңкы же кийинки күнү орозо тутуу да сүннөт. Анткени жөөттөр да ушул күнү орозо тутушкандыктан пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) аларга окшоп калбоо максатында алдыңкы жана кийинки күнүн кошуп туткан.
Пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) Ашура күнүндөгү орозонун пазилети туурасында:
Ошондой эле Абдулла ибн Аббас: