Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Бала тарбиялоодо Пайгамбарыбыздан (САВ) 6 кеңеш

Автору: Сезим Сагынбекова / Жарыяланды: 24 сентябрь 2020

Пайгамбарыбыз Мухаммед Мустафа (САВ): «Атанын балага калтырган эң жакшы мурасы - туура тарбиясы”- деп бала тарбиясына өзгөчө басым жасаган. Анткени ал баланын бүгүнкүсүнө да, келечегине да чоң таасирин тийгизет. Пайгамбарыбыздын (САВ) бала тарбиясы боюнча 14 кылым мурда эле өз мисалында көрсөтүп кеткен иш-аракеттеринин тууралыгын бүгүнкү илимий изилдөөлөр тастыктады. Бул макалада анын айрымдарына токтолобуз.

null

1- Бала үчүн эң маанилүүсү - сүйүү жана мээрим

Психологдор балдарга аларды жакшы көрөбүздү, сүйүүбүздү жетиштүү деңгээлде көрсөтүүбүз керектигинин маанилүүлүгүн баса белгилешет. Балдарга таттуу сөздөр менен "менин кичинекей балам", "менин арстан уулум", "менин алтын кызым" деп кайрылганыбызда бала өзүн маанилүү, керектүү жана коопсуз сезет. Баланын шагын сындырбаш керек.

Пайгамбарыбыздын (САВ) өмүр баянына көз чаптырганыбызда, анын мээримдүүлүк жана жумшактык менен тарбия берүүнүн мыкты үлгүлөрүн калтырганын көрүүгө болот.

Мухаммед Мустафанын (САВ) уулу Умар ибн Абу Салама мындай деп эскерет: "Мен Пайгамбарыбыздын (САВ) колунда чоңойгон бала элем. Тамактанып жатканда менин колум дасторкондун баардык тарабына өтүп кетер эле. Ошондо, Аллахтын Элчиси (САВ) мага мындай деп айтчу: «Менин уулум, Аллахтын аты менен башта! Оң колуң менен же. Ар дайым алдыңан тамактан!" (Бухари, Этима, 2-3; Муслим, Ашрибе, 108).

Пайгамбарыбыздын өмүр жолунан дагы бир мисал келтирсек.

Бир жолу мындай окуя болгон. Мечитте азан үнү жаңырып жатканда Мухаммед Мустафа (САВ) азанчыны туурап, шылдыңдап ойноп жаткан жөөттөрдүн жаш балдарын көрөт. Алардын ичинен бирөөнүн үнү кооз эле. Ал азанды ар кандай окуп, мыскылдап, балдарды күлдүрүп жатты. Пайгамбарыбыз (САВ) балдардын жанына басып келип: “Ассалам алейкум”,- деп салам берди да, аларга көз жүгүрттү. Бирок балдар бул кылыгы үчүн аларды урушуп жиберет деп пайгамбарыбыздан (САВ) коркушкан жок. Себеби, мээрим пайгамбары аларды урушпастан нурлуу жүзү менен жылмайып карап турган. Анан ал: “Азыр башкачараак азан айткан ким эле? Үнү абдан кооз экен, мага аябай жакты”- деп суроо узатат. Ошол замат кичинекей Абу Махсура алдыга чыгып: “Мен болчумун”,- деди. Пайгамбарыбыз (САВ) баланын алдына тизелеп отурду да, анын башынан сылап: “МашаАллах, азанды дагы бир жолу айтчы”,- деп суранды. Абу Махсура болсо: “Мен азан айтканды билбейм да”, - деди. Пайгамбарыбыз: “Анда мен биринчи айтайын, сен менин артымдан кайтала”, -деди. Бала Пайгамбарыбыз (САВ) айткандай кылды. Аллах Элчиси (САВ) Абу Махсурага карап: “Аябай жакшы окуйт экенсиң, биздин мечитке барып, ал жактагы байкелериңе дагы азан окуп бербейсиңби”,- деди. Ал дароо макул болду. Пайгамбарыбыз (САВ) жолдо катар Махсуранын башын мээрим менен сылап баратты. Мечитте азан айткан Абу Махсураны баары мактап жатышты. Мындай мээрим төгүүдөн кийин Абу Махсура исламды кабыл алып, мусулман болду. Андан кийин кичинекей азанчыга пайгамбарыбыз (САВ) Меккеде Билал (р.а) менен бирге азан айтууну сунуштады. Ошентип, ал жылдар бою Меккеде азанчы болуп кызмат өтөдү.

Пайгамбарыбыз (САВ) өзүнүн жумшак мамилеси менен бала тарбиялоонун мына ушундай эң сонун үлгүлөрүн көрсөткөн. Ал кичинекей балага дасторкондо отуруунун тартибин "Менин уулум" деп эркелетүү менен, ал эми Махсуранын азанчыны шылдыңдаганына карабай, аны урушпастан мээримин төгүү менен мамиле кылган пайгамбарыбыз (САВ) бизге өрнөк эмеспи.

Психологдор баланын башынан сылоо аны ата- энеге жакындатып, өзүнө болгон ишенимин арттырарын айтышат. Баланын башын сылоо - баланын жан дүйнөсүн сылоо.

2- Эмгекке үйрөтүү

Психолог жана жазуучу Ричард Ренде: «Ата- энелер үй жумуштары балдардын инсандык өнүгүүсүнө тоскоолдук кылат деп ойлошот. Бирок үй иштери жаш балдарды интеллектуалдык, эмоционалдык жана ал тургай карьералык өнүгүүсүнө керектүү сапаттарды үйрөтөт», - дейт.

Ислам тарбиясына кайрылганбызда да, пайгамбарыбызды (САВ) балалык чагынан билген Анастын (р.а.) айтымында, пайгамбарыбыз (САВ) балдарга бут кийимди оңдоо, даарат алуу үчүн суу даярдоо, конокторго суусундуктарды таратуу, кат жеткирүү сыяктуу тапшырмаларды берген (Бухари, Жихад 74, Вуду 16, Эшрибе 21).

Кызыктуусу, Миннесота университетинин профессору Марти Россманндын изилдөөсүнө ылайык, балдардан үй жумуштарын жасоону талап кылуу алардын чеберчилигин, жоопкерчилигин жана өзүнө болгон ишенимин туруктуу өрчүтүүгө мүмкүндүк берет.

Россманн бала бакчада 10-15 жана 20 жаштагы 84 баланын өмүрүн 4 этапта изилдеп чыккан. Натыйжада, ал 3-4 жаштан тартып өзүнө ылайыктуу үй жумуштарын жасай баштаган балдар үй-бүлөсү жана достору менен мамиле курууда, окууда жана карьерада эрте ийгиликтерге жетет деген жыйынтык чыгарган.

3- Спортко үйрөтүү

Бүгүнкү күндө дарыгерлер чың ден- соолук үчүн спорттун кайсы бир түрү менен машыгууну сунуштап келишет. Булчуңдарды чыңдоодо, семирүү коркунучун азайтууда, ой жүгүртүү потенциалын жогорулатууда жана карылык процессин кечиктирүүдө спорт маанилүү ролду ойнойт.

Сизге бир суроо бар. А сиз пайгамбарыбыздын (САВ) спорт менен машыгарын билчү белеңиз?

Бала кезинен сууда сүзүү менен алектенген пайгамбарыбыз (САВ) сууда сүзүүнү үйрөнүүгө жана үйрөтүүгө, ошондой эле жаа атуу, ат минүү жана чуркоого үндөгөн.

Атанын уул алдындагы милдеттери жөнүндө сөз кылганда да, аларды адал ырыскы менен азыктандырууга, ок атууну,сууда сүзүүнү жана күрөшүүгө үйрөтүү керектигин айткан. Ошондуктан, мындай иш-аракеттер сахабалар арасында кеңири жайылган.

Пайгамбарыбыз (САВ) күндөрдүн биринде жарышып чуркап жаткан балдарды көрүп, аларга да кошулуп жарышат. Жарыштын жеңүүчүсүнө Аллах Элчиси (САВ) төөсүн байге кылып берип, аны менен Мединанын көчөлөрүн кыдырып, маектешет. Бул окуяда анын балдарды спортто колдогондугу ачык көрүнүп турат.

4- Балага калп айтпоо

Аллахтын Элчисинин (САВ) энелердин эң көп кетирген каталарынын бирине дал келген бир хадисин кыскача баяндасак:

Мединалык бир эне баласын үйүнө алып келүү үчүн "кел, мен сага бир нерсе берем" деп чакырат. Окуяга күбө болгон Алланын Элчиси (САВ): "Балага эмне бересиз?"- деп сурайт. Апасы курма бергиси келгенин айтканда, пайгамбарыз (САВ) эскертет: "Этият болуңуз, эгер сиз балаңызга убада кылгандай бир нерсе бербесеңиз, анда туура эмес кылган болосуз ...”- деп ата-эненин балдарга карата чынчыл болуусун эскертет.

Баланын алдындагы чынчыл мамиленин маанилүүлүгүн илимий изилдөөлөр тастыктады. “Developmental Science” журналына жарыяланган профессор Лесли Карвердин изилдөөсүнүн жыйынтыгында, ата-энеси алдап жүргөнүн билген 5-7 жаштагы балдар жашоосунда көп калп айта тургандыгы аныкталган.

«Чоңдор балдарга айткан сөздөрүн көзөмөлдөшү керек. Эң кичинекей калптын да бала үчүн кесепети бар”,- дейт Калифорния университетинин профессору Лесли Карвер.

5- Илимге үйрөтүү

Мухаммед Мустафа (САВ) неберелерине жана жашы кичине сахабаларга турмуш сабактарын үйрөтүү менен бирге дин илимин да көз жаздымда калтырбастан мээримдүүлүк менен үйрөтөр эле. Анын небереси Хасан (р.а.) пайгамбарыбыздын (САВ) айткандарын эскерип мындай дейт:

"Хасан! Беш убак намазды үзгүлтүксүз окугула. Шектүү көрүнгөндөн алыс бол, шектүү болбогон нерсени өзүңө багытта. Анткени чындык адамдардын жан дүйнөсүнө тынчтык берет. Калп тынчсызданууну жаратат” (Тирмизи, Кыямат 61).

Ибн Аббастан риваят кылынган дагы бир хадисте: «Жаш кезде алган билимиң ташка тамга баскандай, карыганда алган билимиң сууга сүрөт тарткан сыяктуу. Балдарыңарга жаштайынан илим үйрөткүлө",- деп айтылат. Себеби баланын жүрөгү таза жана асыл, жакшыны да, жаманды да алууга даяр.

6- Берешендикке үйрөтүү

Адамдын эң асыл сапаттарынын бири- улуу пайгамбарыбыздан (САВ) мурас калган берешендик, жоомарттык жана кең пейилдик.

Абу Хурайра (р.а.) Мухаммед Мустафанын (САВ): “Берген кол алган колдон жогору турат. Берериңди оболу өзүң багууга милдеттүү адамдардан башта” – дегенин риваят кылып баяндайт.

Башка бир хадисте:

"Жоомарт адам Аллахка, бейишке жана адамдарга жакын, тозок отунан алыс. Сараң адам Аллахтан, бейиштен жана адамдардан алыс, тозок отуна жакын» деп келет (Тирмизи, Бирр, 40/1961).

Кыргыздарда да “Берешендин жайы бейиште, сараңдар калат кейиште” деген накыл сөз бар. Илгертен ата- бабаларыбыз балдарга бергендин ырыскысы түгөнбөстүгүн үйрөтүп, сүннөт жолун улашкан.

Психологдордун айтымында, балада менчиктик аң-сезими 2-3 жашында өөрчүп баштайт. Ата- эне балага ошол кезинен баштап берешен болууну үйрөтүшү керек. Мисалы, оюнчуктарын башка балдар менен бөлүшүп ойнотуу жакшы жыйынтык берет. Бирок бул учурда баланы күчкө салуу, же урушпоо керектигин психологдор эскертет.

“Nature Communications” журналында берешендик адамга бактылуулук алып келээри, адам садака кылганда мээсинде бактылуулук гормондору бөлүнүп чыга баштарын жазып чыгышкан. Мындай тыянакка Американын Түндүк-Батыш Университети, Германиянын Любек Университетинин жана Швейцариянын Цюрих Университетинин да адистери изилдөөнүн жыйынтыгында келишкен.

Изилдөөчүлөр ыктыярчыларды экспериментке катышууга чакырып, аларды эки топко бөлүшөт. Катышуучулардын ар бирине белгилүү бир суммадагы акча берилгенин элестетүүнү суранышкан. Биринчи топтогу адамдар акча башкаларга жумшалат деп убада бериши керек болсо, экинчи топко киргендер өзүлөрүнө жумшашы керек болчу. Төрт жумалык изилдөөдө

акчаны башкаларга жумшаган адамдарда бактылуулук, кубануу сезимдери көбүрөөк болгондугу байкалган.

Андыктан, бактылуу баланы тарбиялагыңыз келсе, эң оболу, аны берешен болууга үйрөтүңүз.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
20 октябрь 2020г.
Багымдат
5:47
Күндүн чыгуу
7:21
Бешим
12:46
Аср
16:28
Шам
18:15
Куптан
19:47