Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Жума күнү “Аль-Кахф” сүрөсүн окуу – сүннөт. Бул сүрө эмне жөнүндө?

Автору: кыргызчалаган - Сезим Сагынбекова / Жарыяланды: 15 октябрь 2020

Мен Бруней-Даруссалам султандыгында жашап жүргөн кезимде бейшемби күндөрү кимдир-бирөөнү көчөгө алып чыгуу мүмкүн эмес болчу. Качан болбосун бардыгы : "Бүгүн жума түнү, үй-бүлөбүз менен бирге “Кахф” сүрөсүн окуйбуз",- деп жооп беришет эле. Жума күнү Ыйык Курандын он сегизинчи сүрөсүн окуу сүннөт болуп саналат. Өзүңүздөр билгендей, исламга ылайык, Шам намазынан кийин жаңы күн башталат. Ошондуктан, бейшемби күнкү кечти – “Кахф” сүрөсүн окууга арноо керек.

“Кахф” сүрөсү сегиз бөлүккө бөлүнгөн, аларга көз салып көрөлү.

Жума күндөрү “Кахф” сүрөсүн окууда чоң ырайым бар, анткени ишенимдүү хадистерде айтылгандай, ал адамды кийинки жума күнүнө чейин коргойт, ошондой эле Дажжалдын келишинен жана анын зыянынан сактайт.

"Ким “Кахф” сүрөсүнүн биринчи он аятын үйрөнсө, ал Дажжалдын (көздүн жоосун алган) азгырыгынан корголот".

Бул сүрө эмне жөнүндө? Андан кандай сабак алсак болот? Ислам аалымы Наоман Али Хан аны 8 маанилик бөлүккө бөлгөн.

Биринчи бөлүм:1- 8-аяттар. Бул - Аллах Тааланын Курандын пенделерине түшүрүлгөндүгү жана анда эч кандай катачылык (кемчилик же туура эместик) жок экендиги, бул такыбалар үчүн жол көрсөтүүчү жана "Аллахтын баласы бар" деген калпты жайгандарга эскертүү экендиги жөнүндө баяны. Ошондой эле, Аллах бизди кийин кумга айланып калчу бул дүйнөнүн сулуулугу менен сынары да айтылат.

Экинчи бөлүм: 9-26-аяттар. Бул аяттарда залим башкаруучунун бутпарастык идеологиясын таануудан баш тартып, шаардан качып, үңкүргө жашынган жаштар жөнүндөгү окуя баяндалат. Аллах аларды 300 жылдан ашык уктаган абалда калтырган. Алар шаарга адилеттүү падыша бийликке келгенде гана ойгонушкан. Адамдар бул белгини ойгонгон жаштардын бири базарга барып, өз доорундагы тыйын менен соода кыла баштаганда байкашкан. Наабайчы эски тыйындарды көрүп, таң калып, айланасындагыларга баарын айтып берет. 300 жыл уктаган жаш жигитке элдер ал жашаган шаар жана падыша жөнүндө суроолорду беришип, баары анын эски тарыхтын адамы экендигин түшүнүшөт. Адамдар Аллахтын бул белгисине абдан таң калышат. Өзүн кудай элестеткен заалым падыша өлүп, анын сөөктөрү эчак чирип жок болуп, ал эми такыба адамдар куткарылып, сакталып калганына таң калышат.

Үчүнчү бөлүм: 27-31-аяттар. Бул жерде биринчи баян менен абдан тыгыз айкалышкан Аллах Тааланын баяны болот. Муну төмөнкү мисалдардан көрө алабыз:

Эгер биринчи баянда Аллах Куранда эч кандай катачылык жок экендигин айткан болсо, экинчи баяндын башында Аллах Анын сөзү өзгөрүлбөс экендигин айтып жатат. Мына ушундай түрдө Аллах Куран өзгөрүлбөстөн түшүрүлгөндөй эле, аны тышкы факторлор менен өзгөртүү да мүмкүн эместигин көрсөтүүдө.

Экинчи айкалыштык: Эгер биринчи баян Ыйык Куран китеби үчүн Аллах Таалага ыраазычылык сөздөрүнөн башталса, ал эми экинчи баян Аллахтын бул китепти окуу буйругу менен башталып жатат. Ошентип, Аллах Таала Куран китеби үчүн ыраазы болуп эле койбой, Аны окуп, Ага баш ийишибиз керектигин айтууда.

Үчүнчү айкалыштык: Эгер биринчи баянда Пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) бардык адамдарды сүйгөндүгү үчүн ыйман келтирбегендерге катуу кайгырып, алардын ачуу тагдырынан корккондугу жөнүндө айтылса, экинчи баянда болсо Аллах Таала чындык Ал аркылуу гана маалым болорун билдирүүдө.

"Айткын:" Чындык силерге Аллах тарабынан берилүүдө (аны мен ойлоп тапкан жокмун). Ким ишенгиси келсе ишенсин, ким каалабаса ишенбесин”.

Бул - бизге баардыгы Алланын каалоосу менен болору тууралуу эскертүү. Биз Аллахтын динин жеткирүү үчүн колдон келгендин бардыгын жасашыбыз керек, ал эми жыйынтык, туура жол бир гана Аллахтан болот.

Төртүнчү бөлүм: 32-45- аяттар. Бул жерде кайрадан тарых тууралуу кеп болот. Бул жолку окуя- Аллах Мээримин төгүп, ага эки кооз бакча берген адам жөнүндө. Бирок, бул адам Аллахтын берген ырыскысына ыраазычылыгын билдирүүнү унутуп гана тим болбостон, өлгөндөн кийин жашоонун бар экенине күмөн санап баштайт. Бул үчүн жаза катары, анын бакчасы талкаланат. Ал адам абдан өкүнөт, бирок анын өкүнүчү кеч болуп калган эле. Анын өкүнгөнү ага эч кандай пайда алып келбейт.

Ал: "Эч кимди Раббиме шерик кылбасам жакшы болмок эле!" - деп кайгырат. Ал кишинин мындай учурда ага жардам колун суна турган адамдары жок эле, ал өзүнө өзү да жардам бере албай калган. Мындай учурларда Аллах гана жардам бере алат. Эң мыкты сыйлык жана эң жакшы жыйынтык – бир гана Аллахта” (18: 42-44).

Бешинчи бөлүм: 45тен 59-аятка чейин. Негизинен, бул аяттарда Сурак күнү сүрөттөлөт: адамдар кантип тирилип, Алланын алдына келишет, эсеп китеби алардын колуна кантип берилип, күнөөкөрлөр тозок отун кантип көрүшөрү айтылат. Ошондой эле, Алланын буйругуна баш ийбеген Иблис жөнүндө да баяндалат.

Алтынчы бөлүм: 60- 82-аяттар - Муса (а.с.) жана Аль-Хидр (а.с.) жөнүндөгү окуя.

Муса пайгамбардан (а.с.) жер жүзүндөгү адамдардын эң илимдүүсү ким деп сурашканда, ал өзүнүн эң билимдүү экендигин айтат. Анткени ал өзүн ошол убакта жашаган жалгыз пайгамбармын деп эсептеген. Аллах ага кээ бир нерселер жөнүндө көбүрөөк маалыматы бар Хидр деген адамдын бар экендигин билдирет. Муса (а.с.) ал адам менен таанышуу үчүн жолго чыгат жана Кудайдын акылмандыгы кээде жөнөкөй адамдар жаман деп эсептеген нерселерде жаткандыгын билет.

Жетинчи бөлүм: 83- 98- аяттар - Зуль-Карнайндын тарыхы.

Бул жерде Аллах илим жана бийлик тартууланган улуу падыша тууралуу окуяны баяндайт. Ал падыша жер кыдырып, адамдарга жардам берип, чындыкты жана жакшылыкты жайылткан адам болот. Ал чоң дубал тургузуп, адамдарды Яджуж жана Маджуж уруусунан коргоого жетишкен. Белгилей кетчү нерсе, дубалды Зуль-Карнайн айрымдарынын сөзүн да түшүнбөгөн адамдар менен бирге курган. Элдер аны жаман адамдардан куткарып, эбегейсиз зор дубал кургандыгы үчүн Зуль-Карнайнды макташкан, бирок ал аларга:

"Бул менин Раббимдин ырайымы!"- деп жооп берген (18:98).

Сегизинчи бөлүм: 98-110га чейин. Бул жерде Кыямат күнү, каапырлар үчүн жаза жана такыба адамдар үчүн чексиз сыйлык бар экендиги тууралуу баяндалат. Сүрө эки керемет аят менен аяктаган:

“[Эй, Мухаммед!] Эгер Эгеңдин сөздөрүн (жазуу) үчүн деңиз сыяга айланса, ага дагы бир ошончону [дагы бир ошончолук чоңдуктагы деңизди] кошсок, чындыгында, Эгеңдин сөзү түгөнөрдөн мурда деңиздер түгөнмөк”,- деп айт (18:109).

“Айт [Мухаммед]: Чындыгында, мен деле силер сыяктуу адаммын. Мага силердин кудайыңар бир гана Кудай (Аллах) экени кабардалууда. Ким Эгесине жолугууну үмүт кылса, анда ал жакшы амалдарды жасап, Эгесине жасаган ибадаттарында Ага эч кимди шерик кошпосун!”,- деп айткын (18:110).

Ыйман келтиргендер үчүн чоң маани жана сабакты камтыган “Аль-Кахф” сүрөсүнөн кыскача сүрөттөмө гана берүүгө аракеттендик. Сөзсүз, бүгүн кечинде шашпастан, окуяларга жана баяндарга бай ушул кооз сүрөнү окууңузду сунуш кылабыз.

Макаланы жазууда колдонулган булактар:

Ислам аалымы Наоман Али Хандын “Аль-Кахф” сүрөсү боюнча лекциялары;

“Islam Today” сайтынан алынган “Кахф” сүрөсүнүн Исламдагы 10 сыры” макаласы;



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Жаӊылыктар
Намаз убактылары
26 ноябрь 2020г.
Багымдат
06:26
Күндүн чыгуу
08:07
Бешим
12:49
Аср
15:49
Шам
17:36
Куптан
18:51
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов