Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Тамак жасоо боюнча сүннөттөн 5 негизги эреже

Автору: кыргызчалаган - Сезим Сагынбекова / Жарыяланды: 27 октябрь 2020

Көпчүлүк учурда даамдуу тамактан кийин тамакты даярдаган адамга ырахматыбызды айтканыбызда, адатта "Мен тамакты сүйүү менен жасадым",- деген жоопту угабыз. Бул жөн гана сөз сыяктуу туюлат, бирок андай эмес. Тамактын тамшанткан даамынын бүткүл сыры дал ушул жерде. Достор менен ушул темада баарлашып жатып, тамактын даамы ага колдонулган азыктардан гана эмес, кандай маанайда бышырылып, кандай дуба кылганыбыздан да көз каранды экендигин байкадык. Анда эмесе сиз да исламга ылайык тамак жасоонун негизги эрежелерин билип алыныз.

%article_title%

1) Алгач даарат алуу керек

Даарат алуу денеңизди гана эмес, жан дүйнөңүз менен акылыңызды да тазалайт. Даараттуу абалда тамак бышырып жатканда көңүлдү бир жерге топтоо оңой болуп, шайтандын азгырыгынан сактанасыз.

Пайгамбарыбыздын (САВ) сахабасы Умар (р.а.):

"Чындыгында, толук даарат шайтанды сенден алыс кылат",
- деген.

2) Аллахтын ыраазычылы үчүн ниет коюңуз

Тамак жасоодо ниетиңизди кайсы бир адамдардын сизге суктануусу үчүн эмес, а Аллахтын ыраазылыгына жетүү үчүн гана деп койсоңуз, анда тамак жасоо процесси толугу менен ибадат катары эсептелет. Тамагыңыздын даамын таткандардын эч кимиси сизге ыраазычылыгын билдирбесе дагы, сиз ансыз да эң чоң сыйлыкка ээ болгонуңузду билесиз.

Андыктан, тамак бышырардан мурун төмөнкү дубаны айтуу сунушталат:

- Раббим, мен сенин ыраазычылыгың үчүн, ушул тамакты даярдайм. Оо, Улуу Аллахым, ушул тамак аркылуу бизге акыл, ырааттуулук, билим, күч, ден-соолук бер! Аллахым, кыяматта ушул тамак үчүн жооп берүүнү жеңилдет".

3) Дуа жана зикр кылыңыз

Ниетти айткандан кийин "Бисмиллахи Рахмани Рахим" (Ырайымдуу жана Мээримдүү Алланын аты менен) деп айтып, тамак жасап башташ керек. Тамак бышырып жатканда Курандан сүрөлөрдү окуп, дуба кылуу максатка ылайыктуу. Куран окуу менен суунун курамы өзгөрөрү далилденген. Адам 60-80% суудан турарын билебиз. Жаман таасир алган суу кандай чыпкалардан өтпөсүн терс зарядды сактап калат. Демек, тамактын даярдалышы адамдын ички жан дүйнөсүнө да таасирин тийгизет. Биз ырахаттануу жана напсибизди кандыруу үчүн эмес, денебизди керектүү энергия менен камсыздоо, сулуулук жана күч-кубатыбызды арттыруу үчүн тамактанаарыбызды эсибизден чыгарбашыбыз зарыл.

4) Ысырап кылбаңыз

Тамак бышырууга канча азык керек болсо, ошончосун гана колдонуңуз. Аллах ысырапкорчулукту жактырбасын унутпаңыз.

"Ичип-жегиле, бирок текке кетирбегиле, анткени Ал ысырапкорчулукту сүйбөйт". [ал - Арааф 7:31]

5. Сизге керектүү азык-заттарды тартуулап, жакындарыңызга өз колуңуз менен тамак жасоого мүмкүнчүлүк берген Аллахка шүгүр келтириңиз

Аллахтын бизге күн сайын берчү бардык жакшылыктары жөнүндө ойлонуңуз. Чын жүрөктөн "АльхамдулилЛах" деп айтыңыз.

Эң башкысы, ушул эрежелердин бардыгы сизге бардык жаман ойлордон алыс болууга жана тамакты сүйүү менен даярдоого жардам берет. Бул, албетте, тамактын даамына жана анын пайдасына таасирин тийгизет. Көңүлсүз жана жаман ойлор менен жасалган тамак адамдын жүрөгүн айлантып, өзүн оор сезүүгө алып келиши мүмкүн экени далилденген. Улуу окумуштуу Шейх Бахауддин ан-Накшбанди ачууланган, же жек көргөн абалда бышырылган тамакты жегенден толугу менен баш тарткан.

Бир күнү ал Газбутка барганда ага бирөө тамак алып келип берет. Бахауддин ал кишиге тамакты бышырган адам башынан аягына чейин ачууланган абалда болгонун, ошондуктан, аны жегенге болбостугун айтат. Чындыгында, мындай нерседе ырайым жок, тескерисинче, шайтан мындан өзүнө жол табат.

Сүйүү менен тамак бышырып, бул процессти толугу менен кооз ибадатка айландырыңыз.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
26 ноябрь 2020г.
Багымдат
06:26
Күндүн чыгуу
08:07
Бешим
12:49
Аср
15:49
Шам
17:36
Куптан
18:51
Жаӊылыктар