Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

УММАГИД: Ислам негиздери, Куран үйрөнүү (тажвид) жана араб тили курстарынын тизмеси. Сактап алыңыз!

Автору: Сезим Сагынбекова, Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 30 октябрь 2020

Окурмандардан “Куран окууну үйрөнүү (тажвид), Ислам негиздери жана араб тили боюнча кайсы курстарга барсак болот?” деп сурагандар арбын. Төмөндө биз мындай курстардын тизмесин түзүп, сиздин ыңгайыңызга жараша бөлүштүрүп койдук. Материалды өзүңүзгө сактап, башкалар менен бөлүшүүнү унутпаңыз.

null

Аялдарга арналган курстар:

1. “БИШКЕК КЫЗ КУРАН” курсу

“Бишкек кыз Куран” курсу эки айлык күндүзгү жана кечки онлайн курстарга айымдарды кабыл алат. Жумасына 5 күн бою Курани Карим, сиро, пайгамбарлар тарыхы, фикх, акыйда сабактары өтүлөт.

Жогорку билимдүү, Түркиядан, Кыргызстан Ислам Университетинен билим алган мугалимдер орус, кыргыз тилдеринде сабак берет. Андан тышкары, аялзатына арналган ар кандай вебинарлар, тренингдер өткөрүлөт. Мыкты окуган эже- сиңдилерге курстун аягында сертификат тапшырылат.

Курстун баасы айына - 500 сом.

Байланыш номерлер: 0770 614 605, 0707 613 643

(Instagram баракчасы @https://www.instagram.com/bishkek_kyz_kuran_kursu/)

2. “МУТАКАЛЛИМ” аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин курстары

16 жаштан 76 жашка чейинки кыз-келиндер, апаларга эшик ачык.

Өтүлүүчү сабактар: Курани Карим, араб тили, акыйда, фикх, сиро. Мындан тышкары, англис тили курстары да бар. Буга кошумча, айымдарга арналган тренинг, семинар, түрдүү темадагы иш-чаралар өткөрүлүп турат. Жылдын аягында курсту аяктагандарга сертификат берилет.

Баасы: 750-1000 сом

Дареги: Киркомстром Дэн Сяопин, 354.

Байланыш номерлер: 0508 020 284, 0771 288 883, 0772 317 680, 0702 768 866.

3. Кыргызстан ислам университетинин алдындагы аялдарга арналган 2 айлык курстар

Куран окууну үйрөнүү курсу жумасына 5 күн, 1 сааттан үйрөтүлөт. Окууну каалагандардын жаш курагына чектөө жок.

Курстун баасы 2 айга биригип - 1500 сом. Сабактар кыргыз тилинде өтүлөт.

Дареги: Гоголь көчөсү, 57. Кыргызстан ислам университетинин имараты.

Байланыш номер: 0705 40 25 63.

4. “НУР САЯКАТ БИЛИМ” борбору

Араб тили курсуна ар жума сайын жаңы группага каттоо жүрөт. Жумасына 3 жолу 1 сааттан өткөрүлөт. Баалары: тил билүү деңгээлине жараша 1500- 3500 сомду түзөт.

Куран курсу (12 сабак) 1 айга – 1000 сом.

Куран окууну индивидуалдуу үйрөтүүнүн баасы- 3000 сом.

Борбордун баракчасы: https://taplink.cc/nsb.kg

Байланыш номерлер: 0700 777 252, 0707 174 472

5. “Инсандык жардам” кайрымдуулук фондунун курстары жана лекциялары

Фонддун "Ан-Ниса" долбоору кыз- келиндерге Куран курстарын жарыялайт. Куран, тажвид сабактарынан сырткары фыкх, сиро, пайгамбарлар тарыхы боюнча акысыз вебинарлар, таалимдер жана марафондор болуп турат.

Сабактар жумасына 3 жолу өтүлүп, катышуучулардын ыңгайлуу убактысына карап белгиленет.

Баасы, Куранды жаңы үйрөнүп баштагандарга айына - 850 сом, улантуучуларга - 500 сом.

Байланыш номери: 0702 280 673, 0990 553 321

6. Тунгучтагы “КЫЗ КУРАН” курсу

Куран үйрөнүү курсунун 1 жылдык, 4 айлык жана 2 айлык мөөнөттөгү түрлөрү бар. Ыңгайыңызга жараша тандасаңыз болот.

Курс- 16-70 жашка чейинки кыз-келиндер жана апаларга арналат.

Курстун ичинде Куран, Тажвид, Сиро, Акыйда, Фикх, Пайгамбарлар тарыхы, Адеп-ахлак, Үй-бүлө, Бала тарбиялоо сабактары бар.

“Илим алуунун пазилети”, “Балага туура тарбия берүүнүн жолдору”, “Исламда аялзатынын орду”, “Жоолуктун пайдалары”, “Динибизде майрам”, “Жетим жылмайса - аалам жылмаят”, “Максат коюунун методологиясы”, “Курандын пазилеттери”, “25- кадр” сыяктуу ар тармактуу семинарлар өтүлөт.

Сабак жумасына 3 күн болот. Сертификат берилет.

Байланыш телефондор: 0551 201 908, 0702 700 595.

(Instagram баракчасы @ https://www.instagram.com/kyzkurankursu.kg/)

7. “ТАНЗИИЛ” онлайн Куран окуу курстары

"Нурания" курсу- Куранды тамгадан баштап эрежеси менен окуп, үйрөнөм дегендерге арналат. Сабактар жумасына эки жолу, саат 21.00дө өтүлөт.

Баасы: айына 300 сом.

"Тасхих"- бул курс окуганды жана тажвид эрежелерин билгендерге арналат. Куран окуп жатканда каталардын үстүнөн иштөө жана бат окууга үйрөнөсүздөр.

Айына- 150 сом.

Араб тилин үйрөнүү курсу. Жазганды, окуганды, сүйлөгөндү жана которгонду үйрөнөсүздөр. Куран үйрөтүү боюнча 10 жылдык тажрыйбасы бар мугалим сабак берет.

Айына: 500 сом.

8. “АЛЬ-МУСТАКБАЛ” билим берүү жана котормо борбору

Тажвид, араб тили жана англис тилин үйрөнүү курстары.

5- 15 жылдык тажрыйбасы бар БГУ жана Кувейт университетин бүткөн мугалимдер сабак берет. Үйрөнүүчүлөргө жаш куракта чектөө жок.

Сабактар орус жана кыргыз тилинде болот. Араб тилин үйрөтүүдө Аль- Мустакбаль, Аль- Муттакалим китептери колдонулуп, жалпы 8 ай окутулат. Ийгиликтүү аяктаган окуучуларга сертификат тапшырылат.

Баасы: жумасына 3 күн- 2500 сом; 5 күн- 3300 сом.

Байланыш номерлери: 0701 880 547, 0558 880 547, 0772 880 547

(Instagram баракчасы @ https://www.instagram.com/almustakbalkg/ )

9. “АЛЬ-КУРАН” онлайн окуу борбору

Куран окууну үйрөнүү, фикх, сиро сабактары.

Египетте окуган, жана Кыз куран курсун аяктаган мугалимдер сабак беришет.

Баасы: Куран окууну жаңы үйрөнүп баштагандарга 3 айга- 350 сом, улантуучуларга (тажвид, талдоо, тасхих) 4 айга- 400 сом.

Курсту ийгиликтүү аяктагандарга мактоо баракчалары берилет.

Байланыш номери: 0776 727 404

(Instagram баракчасы @https://www.instagram.com/alkuran_online/)

10. “ТОХА КУРАН” окуу борбору

Куран окууну үйрөтүү курсу.

Кыргызстан Ислам Университетинде билим алган мугалимдер сабак беришет. Сабак жумасына 3 жолу өтүлөт.

Сабактан тышкары диний сабаттуулук боюнча кызыктуу конкурс, марафондор өткөрүлүп турат.

Курстун баасы: 995 сом.

Байланыш номери: 0772 120 898

(Instagram баракчасы @ https://www.instagram.com/toha_quran_centr/)

11. “QURAN CENTER” окуу борбору

Араб тили, Куран жаттоо жана тажвид курстары.

Куранды жатка билген (хафыз), Кыргызстан ислам университети жана Эл аралык Кувейт университетин бүткөн мугалимдер сабак беришет.

Курстун программасында сиро, фикх боюнча сабактар бар. Жалпы курстар үч этаптан туруп, ар бир этап 2 айды камтыйт.

Баасы: жумасына үч жолу 300 сомдон же беш жолу 500 сомдон өтө турган группалар бар. Жекече окууну каалагандарга жумасына 3 күндүк 500 сомдон, 5 күндүк 700 сомдон сабак берилет. Курстун аягында сертификат, мактоо баракчалары тапшырылат.

Байланыш номерлери: 0773 922 333, 0508 922 333

(Instagram баракчасы @ https://www.instagram.com/quran_center_/ )

12. “NURBILIM” академиясы

Россиядагы жана Кыргызстандагы айымдар үчүн 90% практика 10 % теориядан турган "Тамгадан Куранга багыт ал" курсу онлайн форматта старт алды. Ар бир этаптын мөөнөтү 40 күндөн туруп, жумасына 4-5 жолу сабак өтүлөт. Курста Египет жана Сауд Аравия мамлекетинен билим алышкан мугалимдер сабак беришет.

Биринчи этапта тамгалар, махраж жайлар, жазуу ыкмасы, кошуп окуу, окуу эрежелерин (Танвин, шадда, мад ж.б ) үйрөнөсүз.

Куранды туура, так жана тез окууга арналган 2- этапта тажвид, талдоо, Куран сүрөлөрүн жаттоого басым жасалат. Курстун аягында 4 сүрөнү тажвид (эрежелер) менен жаттап тапшырасыз.

Илимимди тереңдетем дегендер үчүн 3- этап бар. Бул этапта “Ан-нас” сүрөсүнөн “Амма” сүрөсүнө чейинки бир параны өтүлгөн эрежелердин негизинде окуп берүү менен текшерилет.

Байланыш номери: 0702 582 559, +7 995 992 45 30.

13. Кыргызстан муфтиятынын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн курстары

Москва шаарында эмгектенип жүргөн мекендештер үчүн Кыргызстан муфтиятынын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн алдында Куран, тажвид, фикх, пайгамбарлар тарыхы сабактарын ичине камтыган курстар бар.

Сабактар жекшемби күнү саат 09.00- 15.00 аралыгында болот. Жалпы курс 6 айлык убакытты камтып, баасы айына 1500 рублды түзөт.

Дагеги: Москва шаары, Проспект Мира көчөсү 52, 3- корпус. Проспект Мира метросу.

Байланыш номерлери: +7 997 329 76 70, +7 985 961 87 50

(Instagram баракчасы @ https://www.instagram.com/kmdb.rf/ )

14. “Kalaam” Куран үйрөтүү борбору

Белгилүү диний аалым Нуман Али Хандын окутуу ыкмасы менен Куран окуу жана анын маанилерин түшүнүү үйрөтүлөт. Сабактар орус тилинде жүргүзүлөт.

Толук маалымат kalaam.ru сайтында.

Whatsapp номер аркылуу консультация алууга мүмкүн: 0555 48 80 98.

Эркектерге арналган курстар:

1. “QURAN CENTER” окуу борбору

Араб тили, Куран жаттоо жана тажвид курстары.

Куранды жатка билген (хафыз), Кыргызстан ислам университети жана Эл аралык Кувейт университетин бүткөн мугалимдер сабак беришет.

Курстун программасында сиро, фикх боюнча сабактар бар. Жалпы курстар үч этаптан туруп, ар бир этап 2 айды камтыйт.

Баасы: жумасына үч жолу 300 сомдон же беш жолу 500 сомдон өтө турган группалар бар. Жекече окууну каалагандарга жумасына 3 күндүк 500 сомдон, 5 күндүк 700 сомдон сабак берилет. Курстун аягында сертификат, мактоо баракчалары тапшырылат.

Байланыш номерлери: 0773 922 333, 0508 922 333

(Instagram баракчасы @ https://www.instagram.com/quran_center_/ )

2. Кыргызстан Ислам университетинин алдындагы 2 айлык курстар

Куран окууну үйрөнүү курсу жумасына 5 күн, 1 сааттан үйрөтүлөт. Окууну каалагандардын жаш курагына чектөө жок. Сабактар кыргыз тилинде өтүлөт.

Курстун баасы: 2 айга биригип 1500 сом.

Дареги: Гоголь көчөсү 57. Кыргызстан Ислам университетинин имараты.

Байланыш номер: 0773 209 652

3. “НУР САЯКАТ БИЛИМ” борбору

Араб тили курсуна ар жума сайын жаңы группага каттоо жүрөт. Жумасына 3 жолу 1 сааттан өткөрүлөт. Баалары: тил билүү деңгээлине жараша 1500- 3500 сомду түзөт.

Куран курсу (12 сабак) 1 айга – 1000 сом.

Куран окууну индивидуалдуу үйрөтүүнүн баасы- 3000 сом.

Борбордун баракчасы: https://taplink.cc/nsb.kg

Байланыш номерлер: 0700 777 252, 0707 174 472

4. “NURBILIM” академиясы

Россиядагы жана Кыргызстандагы мырзалар үчүн 90% практика, 10 % теориядан турган "Тамгадан Куранга багыт ал" курсу онлайн форматта старт алды. Ар бир этаптын мөөнөтү 40 күндөн туруп, жумасына 4-5 жолу сабак өтүлөт. Курста Египет жана Сауд Аравия мамлекетинен билим алышкан мугалимдер сабак беришет.

Биринчи этапта тамгалар, махраж жайлар, жазуу ыкмасы, кошуп окуу, окуу эрежелерин (Танвин, шадда, мад ж.б ) үйрөнөсүз.

Куранды туура, так жана тез окууга арналган 2- этапта тажвид, талдоо, Куран сүрөлөрүн жаттоого басым жасалат. Курстун аягында 4 сүрөнү тажвид (эрежелер) менен жаттап тапшырасыз.

Илимимди тереңдетем дегендер үчүн 3- этап бар. Бул этапта “Ан-нас” сүрөсүнөн “Амма” сүрөсүнө чейинки бир параны өтүлгөн эрежелердин негизинде окуп берүү менен текшерилет.

Байланыш номери: 0702 582 559, +7 995 992 45 30.

5. Кыргызстан муфтиятынын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн курстары

Москва шаарында эмгектенип жүргөн мекендештер үчүн Кыргызстан муфтиятынын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн алдында мырзаларга Куран, тажвид, фикх, пайгамбарлар тарыхы сабактарын ичине камтыган курстарды жарыялайт.

Сабактар жекшемби күнү саат 09.00- 15.00 аралыгында болот.

Жалпы курс 6 айлык убакытты камтып, баасы айына 1500 рублды түзөт.

Дагеги: Москва шаары, Проспект Мира көчөсү 52, 3- корпус. Проспект Мира метросу.

Байланыш номерлери: +7 997 329 76 70, +7 985 961 87 50

(Instagram баракчасы @ https://www.instagram.com/kmdb.rf/ )

6. “Kalaam” Куран үйрөтүү борбору

Белгилүү диний аалым Нуман Али Хандын окутуу ыкмасы менен Куран окуу жана анын маанилерин түшүнүү үйрөтүлөт. Сабактар орус тилинде жүргүзүлөт.

Толук маалымат kalaam.ru сайтында.

Whatsapp номер аркылуу консультация алууга мүмкүн: 0555 48 80 98.

Жаш балдарга арналган курстар

1. “НУР САЯКАТ БИЛИМ” борборунун "Муслима"долбоору

“Муслима” долбоору 9-18 жаштагы кыздарга арналган.

1- Диний сабактар: Куран- жумасына 3 жолу 1 сааттан, пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) өмүр баяны, хадис, адеп, Аллахтын 99 ысымы, намаз окууну үйрөтүү.

2- Өзүн өнүктүрүү сабактары: максат коюу жана ага жетишүү, убакытты туура пайдалануу, туура тамактануу, этика, китеп окуу.

Сабактын өзгөчөлүктөрү:

- жумасына 1 жолу сизге кызыңыздын жетишкендиктери жөнүндө маалыматтарды вотсап номеринизге жиберип турат.

- устаза күнүнө 5 жолу кызыңыздын намаз окуусун көзөмөлдөп турат. Намаз окууну адатка айлантышка жардам берет.

Баасы: 975 сом.

Байланыш номерлер: 0700 777 252, 0707 174 472

Борбордун баракчасы: https://taplink.cc/nsb.kg

2. “ТАНЗИИЛ” онлайн Куран окуу курстары

Куран жаттоо жана араб тили боюнча курстар.

Баасы: жумасына 2 жолу – 1500 сом, 3 жолу – 2000 сом.

Байланыш телефону: 0505 722 662

3. “АЛЬ-МУСТАКБАЛ” билим берүү жана котормо борбору

Тажвид, араб тили жана англис тилин үйрөнүү курстары.

5- 15 жылдык тажрыйбасы бар БГУ жана Кувейт университетин бүткөн мугалимдер сабак берет.

Сабактар орус жана кыргыз тилинде болот. Араб тилин үйрөтүүдө Аль- Мустакбаль, Аль- Муттакалим китептери колдонулуп, жалпы 8 ай окутулат. Ийгиликтүү аяктаган окуучуларга сертификат тапшырылат.

Баасы: жумасына 3 күн- 2500 сом; 5 күн- 3300 сом.

Байланыш номерлери: 0701 880 547, 0558 880 547, 0772 880 547

(Instagram баракчасы @ https://www.instagram.com/almustakbalkg/ )

5. “ТОХА КУРАН” окуу борбору

Куран окууну үйрөтүү курсу.

Кыргызстан Ислам Университетинде билим алган мугалимдер сабак беришет. Сабак жумасына 3 жолу өтүлөт. “Куран алиппеси” китеби менен жаш балдарга жеңил үйрөтүүчү ыкмалар колдонулуп окутулат.

Сабактан тышкары диний сабаттуулук боюнча кызыктуу конкурс, марафондор өткөрүлүп турат.

Курстун баасы: 995 сом.

Байланыш номери: 0772 120 898

(Instagram баракчасы @ https://www.instagram.com/toha_quran_centr/)

6. Абу- Бакр ас- Сыдык мечитинин имамынан балаңызга ислам, ыйман сабактары

Исламдын негиздерин, ыйман, сый сапаттарын, өзүн-өзү өнүктүрүү боюнча сабактарды мечиттин имамы Абдуалим Сыдыков (Instagram баракчасы @minutka_dlya_dushi) окутат. Курс 30 сабактан туруп, орус тилинде жүргүзүлөт.

Ыйман жана такыбалык, исламдын негиздери, жашоо максаттары, даарат, намаздын маанилүүлүгү жөнүндө сабактар өтүлөт. Балаңыздын жоопкерчилик, тактык, ата-энени урматтоо, убактытты туура колдонуу сыяктуу сапаттарга ээ болуусуна жардам берет.

Курс 3 айга созулуп, жумасына беш күн сабак болот. Балдар үчүн 7-10 жаш жана 11-13 жаш болуп бөлүнгөн эки топ бар. Кичинекей топто балдар, кыздар бирге окушат. Ал эми, экинчи топто 11-13 жаштагы эркек балдар окушат. Сабактын узактыгы 1 саат.

Биринчи сабак 31-октябрда, ишемби күнү башталат.

Дареги: Фрунзе 145, Алма-Ата көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан “Абу- Бакр ас-Сыдык” мечити.

Баасы: айына 1200 сом.

Байланыш номери: 0 553 234 949



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Жаӊылыктар
Намаз убактылары
26 ноябрь 2020г.
Багымдат
06:26
Күндүн чыгуу
08:07
Бешим
12:49
Аср
15:49
Шам
17:36
Куптан
18:51
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов