Мусулмандардын жылсанагы боюнча кечээ, 16-ноябрда, Раби Ас-Сани айы кирип келди. Бул ай ислам календарында 4-катарда турат. “Сани” деген сөз “экинчи”, ал эми “раби” “жаз” дегенди түшүндүрөт. Ошентип, эки сөздү бириктиргенде “экинчи жаз” деген маани пайда болот. Раби Ас-Сани айында жалпы ислам дүйнөсү үчүн бир катар маанилүү окуялар орун алган.
Раби Ас-Сани айына туура келген эң маанилүү тарыхый окуялардын бири – бул Аль-Кудстун кресттүүлөрдөн (крестоносцы) бошотулушу болгон.

Хижрий жылсанагы боюнча 583-жылы Раби ас-Сани айынын 19-күнүндө (1187-жылы 4-июлда) ислам дүйнөсү үчүн өтө маанилүү окуялардын бири Хиттиндеги салгылаш орун алган.
Бул күнү Салахуддиндин башчылыгындагы мусулмандардын аскерлери Палестинадагы Хиттин деген айылда кресттүүлөрдү жеңишкен.
Бул салгылашта кресттүүлөрдүн аскерлери мусулмандардыкынан 3 эсе көп эле (мусулман аскерлери – 20 миң, кресттүүлөр – 63 миң). Мындай болгонуна карабастан мусулмандар жеңишке ээ болушкан.
Бул жеңиштин жыйынтыгы – кресттүүлөр каратып алган Аль-Кудстун (Иерусалим) жана башка аймактардын мусулмандар тарабынан бошотулуп алышы болду. Ушундай жол менен Хиттиндеги салгылаштын жыйынтыгында мусулмандар Палестинаны 400 жылдан ашык убакыттан соң кайра кайтарып алышты.
Эске салсак, мусулмандар алгач ирет Иерусалимге 637-жылы экинчи адилеттүү башкаруучу Умар ибн Аль-Хаттабдын башчылыгында киришкен. Ошол убакта шаарды византиялык башкаруучу мусулмандарга тынчтык жолу менен өткөрүп берген.
Раби Ас-Сани айында орун алган дагы бир окуялардын ичинде хижрий жылсанагы боюнча 15-жылы Абу Убайда ибн Аль-Джаррах тарабынан Хомс шаарын каратып алуу да кирет.
Бул окуянын өзгөчөлүгү, ал шаар тургундарына кайрылуу жазып, анда алардын жашоо жана мал-мүлкүнүн коопсуздугун коргооруна сөз берген.
Хижрий жылсанагы боюнча 20-жылы сахаба, улуу аскер башчы Амр ибн аль-Астын жетекчилиги астында 7 ай бою курчоого алынган Египеттеги Вавилон чеби ураган. Бул - заманбап Египеттин аймагына исламды таратууга болгон алгачкы кадамдар эле.
Раби Ас-Сани айы ар бир мусулман билип, андан сабак алуусу керек болгон мына ушундай окуялар менен коштолгон.