Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Хроника 2015 (январь — март)

Автору: Кулпунай Бараканова / Жарыяланды: 28 июль 2015

ЯнварьМалазиянын мусулмандар жашаган аймактарында спирт ичимдиктерин сатуу токтотулат.

Малазиянын Малакка штатынын федералдык башкармалыгы тарабынан, бул аймакта спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Анткени бул штаттын калкынын 90% мусулмандар.

ЯнварьАнглияда алкоголдук ичимдиктерди сатуучу жайлар (паб) жабылат.

Либерал-демократтар партиясынан шайланган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук иштер боюнча министр Стивен Уильямс өзүнүн коомдук Палатадагы чыгып сүйлөгөн сөзүндө, мигранттар жашаган аймактарда, пабдар биринин артынан бири жабылып жатканын белгилеген. Аны ал мусулман мигранттардын ичкилик ичпегени менен түшүндүргөн.

ЯнварьХасан II мечити дүйнөдөгү эң кооз мечиттердин катарына киргизилди.

Касабланкада (Марокко) жайгашкан Хасан II мечити, дүйнөдөгү эң кооз мечиттердин катарына киргизилип, төртүнчү орунду ээледи. Биринчи кооз мечит — бул Мекке шаарындагы аль-Харам мечити, экинчиси — Медина шаарындагы Мухаммад пайгамбардын (ага тынчтык болсун!) ан-Набави мечити, ал эми үчүнчүсү — Иерусалимдеги аль-Акса мечити.

Design Boom басылмасы кабарлагандай, Эр-Рияд шаарында өзгөчө жасалгадагы мечит курулат. Ал падыша Абдалл атындагы илимий-изилдөө борборунун чет элдик кызматкерлери үчүн курулуп жаткан, жаңы турак жай аймагында жайгашат.

Мечиттин маңдайы (фасад) өтмө торчолуу оюуларды айкалыштыруу менен кооздолот. Мечит аянттан ичке бассейн аркылуу бөлүнүп турат. Мечитке кирүү үчүн тепкичтери таштан жасалган айнек көпүрөдөн өтүү керек. Ал суунун бети менен басып бараткандай сезим калтырат.

Тешикчелүү панель жана айнек менен капталган имараттын сырткы көрүнүшү, күн-түнгө жараша өзгөрүп турат. Кечинде ал жерден көтөрүлүп, жанып турган чоң чыракты элестетсе, ал эми күндүзү, көлөкө менен айкалышкан күндүн нуру ички таш дубалга чагылат.

Ички жасалга торчолуу оюу — машрабиянын (араб архитектурасынын салттуу элементи) тешиктеринен түшкөн жарык менен караңгынын алмашуусунан көркүнө чыгат.

Мечиттин төрт тарабына жана шыбына капталган тешикчелүү экрандар табигый жарыктын булагы болуп саналат. Мунаранын бийиктиги 35 метрди түзүп, мечиттин архитектурасы менен айкалышып турат.

1 февральХиджабдын Эл аралык күнү.

Ислам динин урматтоо жана ага тилектештигин билдирүү үчүн, дүйнөдөгү миңдеген аялдар көчөгө хиджабчан чыгышкан. Алардын арасында ислам динин туткан аялдардан тышкары, башка диндеги аялдар да болушкан. Хиджаб күнү экинчи жолу өткөрүлүп жатат. Алгачкы жолу Нью-Йорк шаарынын жашоочусу Назма Хан тарабынан демилгеленип, ал башка диндеги курбуларына бир күнгө хиджаб кийүүнү сунуштап, аны менен бирге, өз сулуулугун чоочун көздөрдөн жашыруу кандай экенин байкоого алган. Өткөн жылы Назманын идеясы көптөгөн өлкөлөрдөн колдоо таап, анын маалыматтык баракчалары 22 тилге которулган.

ФевральНюрнберг шаарынын жашоочулары антиисламдык уюмдарга каршы биригишти.

Германиянын түштүгүндө жайгашкан Нюрнберг шаарынын жашоочулары тынчтык жүрүшкө чыгып, алардын негизги максаты көп улуттуу жана көп диндүү шаар калкын калыптандыруу болгон. Бул тынчтык митинги шаар бийлиги тарабынан уюштурулуп, кар аралаш жаандын жааганына карабастан, миңдеген жашоочулар катышты.

ФевральЖаңы MuslimFace социалдык тармагы түзүлдү.

Мусулман бизнесмендеринин демилгеси менен жаңы социалдык тармак түзүлүп, ал мусулман баалуулуктарына жана исламдын принциптерине шайкеш келет. Анын негизги максаты, дүйнө жүзүндөгү мусулмандарды бириктирүү. Каттоодон өтүү үчүн, төмөнкү шилтемеге кирүү керек: http://www.muslimface.com/about.html

ФевральКазахстанда «Алматы — ислам маданиятынын 2015-жылдагы борбору» аттуу эл аралык конференция болуп өттү.

24−25 февраль күндөрү Алматы шаарында билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча Ислам уюмунун башчылыгында «Алматы — ислам маданиятынын 2015-жылдагы борбору» аттуу эл аралык конференция болуп өттү. Бул макамды Казахстандын түштүк борборуна, эстафета боюнча Бишкек шаары узаткан. 2015-жылдын аралыгында коом жана дин тармагында, ислам өлкөлөрүндөгү динди өнүктүрүү жана консолидациялоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлөт.

ФевральЛос-Анжелес шаарынын чет жакасында аялдардын алгачкы мечити ачылды.

Бул мечиттин ачылышынын демилгечиси, АКШнын тургуну, мусулман аял Хасна Мазнави болгон. Өзүнүн интервьюсунда, ал мечит ачууну бала кезинен кыялданып келгенин, эми ошол кыялы ишке ашканына кубанычта экенин белгилеген. АКШнын Дирборн шаарындагы мечитинин имамы бул демилгени колдоого алып, башкаларды буга урматтоо менен түшүнүүгө чакырды.

МартЯпонияда индонезиялык алгачкы мечит курулат.

Япониядагы индонезиялыктарды колдоо боюнча ACIKITA уюму, Хосню аралында (Япониянын түштүк аралы) жайгашкан Коба шаарына мечит куруу боюнча долбоорду ишке ашыра баштады. Анткени, бул аймакта он миңдеген индонезиялыктар жашайт.

МартИрандагы үй-бүлөлүк адал саякат.

Иран өзүнүн туристтик ишмердүүлүгүн кеңейтүүнү мерчепдеп жатат. Жылына Иранга 5 млн го жакын турист келет. Келечекте, Иран жылына 10 млн дон 15 млн го чейин мусулман — туристерди кабыл алууну көздөйт.

МартГарвард университетинин студенткасы Сахиила Ибрахиим Америка кошмо штаттарынын эң акылдуу 50 өспүрүмдүн катарына киргизилди.

Афроамерикалыктардын тарыхынын бир айлыгын майрамдоо учурунда, АКШнын президенти Барак Обама Сахиила Ибрахиимге гениалдуулугу үчүн жеке ыраазычылыгын билдирген. Дүйнөлүк тарыхка өз салымын кошкон бардык афроамерикалыктар эскерүү боюнча өткөрүлгөн афроамерикалыктардын тарыхынын бир айлыгын майрамдоо, АКШ менен Канадада февраль айында өткөрүлсө, ал эми Улуу Британияда октябрда майрамдалат.

МартАвстралиянын Сидней шаарында мусулман телеканалы ачылды.

Бул мусулман каналы One Path Network деп аталып, «Бирдиктүү жолдун тармагы (шериктештиги)» дегенди түшүндүрөт. Бул долбоордун демилгечилери, Сидней шаарында жашаган мусулмандар. Долбоорду ишке ашыруу үчүн бир миллион доллар керектелип, ал каражатты жыйырмага жакын мусулман бир туугандарыбыз чогулткан. One Path Network каналынын негизги максаты, мусулмандарга жана башка диндегилерге диний агартуу жүргүзүү, Австралиядагы жана дүйнөдөгү диний окуяларга түшүндүрмө берүү болуп саналат.

МартШвециянын аймагынан «Аллах үчүн» деген жазуусу бар шакек табылды.

Швейцариянын Бирка шаарчасынан байыркы викингдердин мүрзөлөрүн казуу учурунда, таңгалыштуу шакек табылган. Бул байыркы арабдар менен Скандинавиялык викингдердин ортосунда тыгыз соода-сатык байланышы болгон деген теориянын далили. Стокгольм университетинин адистери белгилегендей, шакекке салынган айнек түстүү болуп эсептелип, биздин эранын IX кылымдарында баалуу келип, аз кездешкен.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
13 декабрь 2019г.
Багымдат
06:41
Күндүн чыгуу
08:24
Бешим
12:56
Аср
15:46
Шам
17:32
Куптан
18:47