Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Менин биринчи Рамазаным

Автору: Жылдыз Шаршенбекова / Жарыяланды: 1 август 2015

Тамак-аш, суу жана жыныстык кызыгуу сыяктуу дене муктаждыктары жана каалоолор, адамдын жашоосундагы эң күчтүү факторлор болуп эсептелип, адамды дене муктаждыктарына жана өз каалоосуна көз каранды кылып коёт. Ошондуктан мусулман адам жылына бир жолу, диний башатын өрчүтүү үчүн, бул муктаждыктарды канааттандыруудан карманып, жаныбардык башталышты ооздуктоосу зарыл. Ачкачылык, суусоо жана жыныстык кармануу сыноолору, адамды дене муктаждыгынан жана жаныбардык керектөөдөн бошонууга түрткү берип, диний максаттарга жана баалуулуктарга умтулуусун шарттайт. Ошентип, Рамазан — бул сиз өзүңүздү Кудуреттүү Жартканга жана диний өрчүтүүгө багыттап, кайталангыс мүмкүнчүлүккө (аны сиздин туура колдонгонуңуздан көз каранды) ээ болуучу ай.

Жакында Рамазан (Орозо), эгер сиз бул кудуреттүү айда, орозо кармоону чечсеңиз, Ыйык Куранда орозо жөнүндө айтылган хадиске көңүлүңүздү бурабыз:

Эй, ыймандуулар! Силерден мурдагыларга буйрулгандай эле, силерге да орозо кармоо буйрулду. Бул орозо силердин такыба болууңар үчүн (буйрулду)

«Бакара» сүрөөсү, 183- аят

Демек, Ыйык Куранда көрсөтүлгөндөй, бардык мусулмандарга, аны менен бирге Мусанын (Моисей — Тооратта) жана Исанын (Мариянын уулу, Иисус — Инжилде) коомдоруна да орозо кармоо буйрулду. Ошондуктан, Ыйык Рамазан айындагы орозо исламдын беш түркүгүнүн бири болуп эсептелип, ар бир дин тутуучунун милдети. Ушул берекелүү Рамазан айынын, Кадыр түнүндө, жети катар асмандын биринчи деңгээлине Куран жөнөтүлүп, адамдарга түз жолду көрсөткөн жетекчилик катары эсептелет.

Рамазан айы — бул айда адамдарга туура жол болуп, ушул туура жолдун жана жакшы менен жаманды ажыратуучунун ачык далилдери болуп (көрсөтүлүп) Куран түшүрүлдү......

«Бакара» сүрөөсү, 185-аят

Орозо терең мааниге ээ

Орозо − ыйык Рамазан айынын кыргызча аталышы. Ал «руз» («күн») деген перс сөзүнөн келип чыгып, бир күндүн аралыгында орозо кармоо дегенди түшүндүрөт. Арабдарда орозо «саум» же «имсак» деп аталып, «өзүн-өзү тыюу» деп которулат. Кээде бул түшүнүк кеңири жана терең мааниге ээ.

Орозо кармоо учурунда, биринчиден дене муктаждыктарын канааттандыруудан — тамак-аш, суу ичүү, нике мамилелеринде өзүн-өзү тыюу керек. Бирок көптөгөн дин тутуучулар, бир күн аралыгында ачка болуу менен өзүнүн диний милдеттерин аткарып жатам деп, жаңылыш ойлонушат. Мындай орозо толук деп эсептелинбейт! Мусулмандан «тилине тыюу салуу», мисалы ушактан жана ачуу сөздөн, «кулагына тыюу салуу» - ушак сөзгө көңүл буруудан, «көзүнө тыюу салуу» - азгырыктарды кароого, «колуна тыюу салуу» - дин тутуучуга туура келбеген иш-аракеттерди жасоого чек коюу талап кылынат. Ыйык Куранда Исанын энеси Мариянын адамдар менен сүйлөшүүсүнө тыюу салынгандыгы жөнүндө аңгеме бар.

Эгерде орозонун максаттары жөнүндө айта турган болсок, андан көптөгөн даанышмандыкты тапсак болот. Мисалы, бай адам орозо кармаса, ачка жүргөн жакыр адамдын абалын түшүнүп, орозо кайрымдуулукка жана ырайымдуулукка үйрөтөт. Ал коомдогу социалдык тилектештикти тарбиялоого шарт түзөт. Аны бардыгы тутканга милдеттүү — байлар жана кедейлер, бийлик башында тургандар жана катардагы жарандар. Орозо — дагы бир жолу, бардык адамдар социалдык абалына жана улутуна карабастан, Аллахтын алдында бирдей экенинин далили. Акырында, орозо адамдарды бардык нерселерди сарамжалдуулук менен колдонууга үндөйт (исламда ысырапкорлукка жол жок). Адам жөнөкөй нерселерди (сууну, тамак-ашты) баалап, өзүнө зарыл өлчөмдөгү азыкты гана колдонуу керек экендигин түшүнөт.

Рамазан айындагы орозонун өзгөчөлүгү

Мусулмандардын орозо кармоосунун өз өзгөчөлүктөрү бар. Исламда негизги маани НИЕТКЕ берилет. Сыйынуучу да, орозо тутуучу дагы «ниет» кылышы зарыл - исламда белгиленген тартипте, орозону тутуу. Демек, дин тутуучу орозону Жлгыз Аллахка сыйынуучу катары ниет кылышы керек. Орозону Жараткандын буйругу, биринчи кезекте ал үчүн кармап жаткандыгын, Рамазан айынын аралыгында унутпашы талап. Ошондуктан Рамазан айындагы орозонун мындай «ниети», ханафит, шафиит, ханбалит укуктук мектептеринин талабына ылайык, ар бир күндүн эртең мененки намазынын азаны (фажр) айтылганга чейин коюлушу керек.

Рамазан айынын дагы бир өзгөчөлүгү, «мөөнөтү өзгөрмөлүү» - аны жыл сайын ай календары менен эсептеп, 29 же 30 күнгө (кээде 28) созулат. Орозо, христиандардыкынан айырмаланып, 24 саатка созулбайт. Бирок күндүз тамак жана суу ичкенге, жыныстык катнашка барууга тыюу салынат. Күн баткандан кийин, уруксат берилет. Христиандардан айырмаланып, күн баткандан кийин, мусулмандар эт жегенге уруксат. Чындыгында, көпчүлүк мусулмандар тамакты көп жеш керек деген, жаңылыш ой менен, тамак-ашты ченемсиз даярдашып, ысырапкорлукка жол беришет. Исламда ашкере көп тамак жегенге, соргоктукка тыюу салынган. Тамакты ичүү адеби бар: столдон жеңил ачкаарын сезими менен туруу керек. Өзгөчө кечки ооз ачаардан кийин.

Орозо тутуучу билиши керек

Орозонун келиши менен сиз милдеттүүсүз:

1. Кудайдын өкүмүнө ылайык, орозо кармоого жүрөгүңүздүн каалоосу жана чечкиндүүлүк болушу үчүн ниет кыласыз. Мында төмөнкү сөздөрдү сыйынуу катары (дуба) окуйсуз: «Навайту ан асума савма фард миналь-фаджри иляль-магриби халисан лил-ляхи та‘аля». Кыргызча мааниси: “Рамазан айындагы орозону, чын жүрөгүмдөн Аллахтын ыраазычылыгы үчүн, күн чыккандан тартып, күн батканга чейин кармоого ниет кылдым”. Бул ниетти орозо бүткүчөктү, ар күн сайын сухурдан (саарлык) кийин (күн чыкканга чейин 1,5-2 саат мурун) окуйсуз.

2. Өзүнө-өзү тыюу салуу. Күндүз — күн батканга чейин (шамга чейин) тамак-аш, суу ичүүдөн жана жыныстык катнаштан өзүңүздү тыясыз.

Орозо учурунда, 29 же 30 күн аралыгында, мусулмандар таңдан күн батканга чейин тамак, суу ичүүдөн, чылым чегүүдөн жана жыныстык катнаштан өздөрүн тыят. Исламдагы орозонун өзгөчөлүгү, тамактын курамы чектелбестен, аны кабыл алуу убактысы чектелет.

Бул муктаждыктардан чектелип эле тим болбостон, мусулмандар орозо айында Аллахка сыйынууга көп убакыт бөлүшөт. Күнүмдүк беш маал намаздан тышкары, Ыйык Рамазан айында гана окулуучу, Тарабих (20 ирекеттен турат) деп аталуучу кошумча намаз аткарылат.

Кечки ифтарда:”Аллахумма лякя сумту, ва бикя ааманту, ва ‘аляйкя таваккяльту, ва ‘аля ризкыкя афтарту, фагфирлии йя гаффаару маа каддамту ва маа аххарту”-деп дуба окуу сүннөт болуп эсептелет. Кыргызча мааниси: «Оо Аллах, сага ишенип, сага таянып, сенин ыраазычылыгың үчүн орозо кармадым, сен берген азык менен ооз ачтым. Оо Кечиримдүү, кетирген жана кетире турган күнөөлөрүмдү кечире көр!»

Ооз ачууну суу жана жуп сандагы жаңы же кургатылган курма менен баштоо сүннөт. Эгерде курма жок болсо, ооз ачууну татуу азыктар же суу менен баштаса болот. Такталган хадистерге ылайык, Мухаммад пайгамбар (ага тынчтык болсун!) ооз ачууну жаңы же кургатылган курма менен, алар жок болсо жөнөкөй суу менен баштаган.

Орозонун ден-соолук үчүн пайдасы

Медицинада далилденгендей: бир ай аралыгында, күндүз ачка болуу организмден бардык шлактарды чыгарат. Пайгамбар бир хадисинде мындай дейт: «Орозо кармасаңар, ден-соолугуңар оңолот». Күндүзгү тамак сиңирүүдөн бошогон ашказан, шлактарды өзү жоюп-жоготот. Ооз ачып жатканда, туура тамактануу зарыл. Кечке ачка жүргөн организмге зыян келиши мүмкүн. Ошондуктан ооз ачууну, сүннөт боюнча — курмадан же балдан баштоо керек. Андан кийин суу ичип, бир нече убакыттан кийин салат жесе болот. Ошондон кийин гана башка тамактарды кабыл алыш керек. Бирок ашыкча жеп албаңыз. Ашказанды үч бөлүккө бөлүңүз: суу, тамак жана аба.

Орозонун жан дүйнө үчүн пайдасы

Орозонун эң башкы максаттарынын бири күнөөлөрдөн арылуу. Пайгамбардын (ага тынчтык болсун!) хадистеринде айтылат: «Кимде-ким чын жүрөгүнөн жана ошондой эле оңолууга, Кудайга жакындоого аракет кылып орозо кармаса, анын күнөөлөрү кечирилет».

Рамазан айы үч бөлүккө бөлүнөт. Демек, ушул бөлүктөргө жараша, дин тутуучу күнөөлөрүнөн арылууга умтулат. Алгачкы он күндүк араб тилинен которгондо «Ырайымдуулук» деген маанини түшүндүрөт. Аллах бул күндөрү, орозонун жеңил болушу үчүн ырайымын тартуулайт. Кийинки он күн «Кечирүү» деп аталып, мында кээ бир күнөөлөр «кечирилет». Акыркы он күн «Оттон коргоо»: бул мезгилде орозо кармоо татаалданышып, анын сыйлыгы катары, Кудай тозок отунан коргойт. Бул он күндүктүн маанилүү күнү — Кереметтүү түн (Кадыр түн). Рамазан айынын 27-түнүндө Куран түшүрүлгөн. Ал түн ыйык деп эсептелип, Куранда «миң ай ибадат кылгандан, жогору тураары» айтылат. Кадыр түндө Аллахтан тыюу салынбаган бардык нерсени, анын ичинде күнөөлөрдүн кечирилишин сураса болот.

Бардык күнөөлөр кечирилеби?

Аллах менен адамдын өз ара мамилеси менен байланышкан күнөөлөр бар. Мисалы, адам тарабынан диний ырым-жырымдардын, кылык-жоруктардын аткарылбашы, өзүнө зыян келтирүүчү кылык жоруктарды жасашы (Аллах тыюу салган азыктарды жана суусундуктарды колдонушу). Кудуреттүү Жараткан, эгер кааласа мындай күнөөлөрдү кечип жиберет. Бирок, башка адамдын укугуна тиешелүү күнөөлөр дагы бар. Мисалы, өлтүрүү, талап-тоноо, бардык адилетсиздиктер. Аллах бул күнөөлөрдү кечиш үчүн, күнөө кылган адам, жабыркаган адамдан барып кечирим сурап, айыбын жууп, материалдык зыяндардын ордун толтурушу зарыл.

Орозо кармабай турган учурлар

Рамазан айында орозо кармоо — ар бир мусулмандын милдети. Эгерде белгилүү шарттарына байланыштуу (оору, кош бойлуулук, бала эмизүү, оор жоготуу) орозо кармай албаса, ислам уруксат берет. Анын негизи болуп Ыйык Курандын аяты эсептелет:

...Силерден ким (орозо мезгилинде) ооруп калса, же сапарга аттанса, анда ал күндөрдүн ордуна башка күндөрдө толуктап берет...

«Бакара» сүрөөсү, 184-аят

Эгерде ооруп жатсаңыз, орозо кармоону же кармабоону, бир дагы имам же окумуштуу чече албайт. Аны сизди дарылап жаткан дарыгер гана айтышы мүмкүн. Эгерде ал «болбойт» деген чечим чыгарса, шариат боюнча дароо орозодон бошотулат. Анткени, ислам өзүнө-өзү зыян келтирүүгө, жада калса диний ырым-жырымдарды аткарып жатып дагы, тыюу салат.

Ден-соолугуңузга байланыштуу, орозо кармай албай калсаңыз, фидия- атайын төлөм беришиңиз керек. Бай мусулмандар үчүн 30 кембагалды тамактандыруу милдети. Тактап айтканда, Рамазандын ар бир күнүндө, бирден кембагалды тоюндуруу зарыл. Бирок мында да бөтөнчө укуктар каралган. Бир хадисте мындай деп айтылат. Пайгамбарга (ага тынчтык болсун!) бедиун келип, өзүнүн алсыздыгынан орозо кармай албай жаткандыгын айтып, даттанат. Ал эми кембагалдарды тоюндурууга мүмкүнчүлүгү жоктугун билдирет. Анда пайгамбар (ага тынчтык болсун!) ага бир ууч курма берип: «Айылыңдагы кембагал адамдарга таратып бер» - дейт. «Менден кембагал эч ким жок»-деп муңаят кембагал. «Анда үйүңө барып, үй-бүлөңдү тоюндур» - деп Мухаммад бедуинди үйүнө жиберет. Аллах эч качан адамды жарга такабайт. Эгерде адам оор кырдаалда калып, өзүнүн милдеттерин аткара албай калса дагы күнөөлөрүн кечирет. Мында дагы исламдын ырайымдуулугу байкалат.

Сиз орозо кармап жатып, дарыгердин кеӊеши менен, аны токтотууга туура келсе, оорудан айыккандан кийин, каза күндѳрдү толуктайсыз. Жакшысы, каза күндѳрдү кыш мезгилинде толуктоо жеӊилирээк. Анткени, кышында күн кыска келип, оорчулук жаратпайт.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
27 июнь 2019г.
Багымдат
3:08
Күндүн чыгуу
5:25
Бешим
13:05
Аср
18:25
Шам
20:49
Куптан
22:33
Жаӊылыктар
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов