Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Кыш мезгили - ыймандуу адамдардын жазы

Жарыяланды: 8 декабрь 2020

Пайгамбарыбыздынﷺ көрүнүктүү сахабасы Умар ибн Хаттаб (Аллах андан ыраазы болсун): "Кыш- такыбаларга тартууланган белек”,- деген. Бул макалабызда сиздерге “ыймандуу адамдын жазы” делген кышта кыйынчылыксыз бейишке жетелеген ибадат, амалдардын айрымдары менен бөлүүшүүнү туура көрдүк.

Чындыгында кышында орозо кармоо бул- оңой сыйлык

Кыш мезгилинде жасала турган эң оңой амалдардын бири бул- орозо кармоо!

Кышында күндөр ушунчалык кыска болгондуктан, орозо кармоо кыйынчылык туудурбайт. Рамазан айындагы карыз же дүйшөмбү, бейшемби күндөрү туткан сүннөт орозолорду тутканга эң сонун убакыт.

Бул тууралуу пайгамбарыбызﷺ: “Чындыгында кышында орозо кармоо бул- оңой сыйлык”. (Ахмад)

Андан тышкары, Пайгамбарыбызﷺ орозо кармаган адам жөнүндө мындай дейт: “Орозо кармаган адамдын кубанычка бөлөнгөн эки учуру бар: бири орозо убакытсы бүтүп оозун ачканда, экинчиси орозосунун сообунан улам Раббисине жолукканда” (Аль-Бухари жана Муслим)

Демек, мурунку тутулбай калган орозолоруңузду тутуп же кошумча нафил орозо кармап Алланын ыраазычылыгына ээ болуңуз.

Парз намаздан кийинки эң жакшы нерсе- түнкү намаз

Бул жыл мезгилинин түнү узак болгондуктан “Тахажжуд” намазы жана башка түнкү ибадаттар үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк. Түндө 2 рекет намазын окуп жана Аллахка да көп дуба кылыңыз.

Пайгамбарыбыз Мухаммедﷺ :"Түнкү намазды бекем кармангыла, анткени бул адил адамдардын жана Аллахка жакындоонун жолу, туура эмес иштерден жана күнөөдөн калкалоочу"(Ат-Тирмизи)

Ал эми башка бир хадисте: “Парз намаздан кийинки эң жакшы нерсе- түнкү намаз!”,- деп айтылат.

Толук даарат алуу

Суукка карабастан толук даарат алуу менен Аллахтын ыраазылыгына жете аласыз. Бир жолу Пайгамбарыбызﷺ: "Аллах Таала күнөөлөрдү өчүрүп, даражаларды көтөргөн жолду сизге көрсөтүп берейинби?",- деп сурады. Алар ага: "Албетте, оо, Аллахтын Элчиси!" Андан кийин ал мындай деди: "Кыйынчылыкка карабастан, толук кандуу даарат алуу”,- деп жооп берди. (Муслим, № 251).

Эгерде адам кышында жылуу суу менен жылытылган бөлмөдө жуунса, анда ага бул сүннөттүн тиешеси жок. Эгер даарат алууда кыйынчылык жок болсо, сооп табуу максатында атайлап муздак суу менен даарат алып өзүн кыйнабоо керек. Кыйын кырдаалда толук даарат алуу- ыймандын белгиси.

Муктаждарга жардам берүү

Эгерде сизде улгайган коңшуларыңыз болсо, алардын үй жайынын жылуу экендигин текшерип коюңуз. Алар үчүн азык-түлүк сатып алып берүүнү сунуштаңыз, анткени алар үчүн дүкөнгө баруу кыйынга туруп жаткандыр.

Үй-жайсыз адамга жылуу жууркан, кийим же ысык тамак берип коюңуз. Үй-жайсыз калган баш калкалоочу жайларды караштырып, аларды керектүү жерге тапшырып коюнуз.

Пайдалуу билим алуу үчүн кыш мезгилин пайдаланыңыз

Кыштын узак жана тажатма кечтерин сыналгынын же компьютердин алдында пайдасыз нерселер менен өткөрүп албоо үчүн бош убактыңызды пайдалуу нерселерди изилдөөгө жумшаңыз.

Мисалы, сиз Куранды, диний илимдерди кайсы бир чет тилин, же компьютердин жаңы программасын үйрөнүүнү көптөн бери каалап жүрсөңүз, анда бул эңсөөңүздүн орундалышы үчүн ыңгайлуу учур.

Эгер сиз туура ниет менен илим ала турган болсоңуз, бул дагы Аллахка кылган ибадат болуп эсептелинет.

Анткени диний болобу, же дүйнөлүк болобу илим алуу, билимге умтулуу ар бир мусулмандын милдети.

Кыш басуудан жана спорттон баш тартууга себеп болбойт.

Адам ден-соолугуна кам көрүүсү Аллахка абдан жагымдуу амал. Кыямат күнү адамдан анын денесинин ден-соолугу, аны кантип пайдалангандыгы жөнүндө суралаары бекеринен эмес.

Ошондуктан кышында көп убакыт үйдө отуруунун кесепетинен аз кыймылдуулукка кабылып калуудан качыңыз.

Коньки, лыжа тебүү же таза абада үй- бүлөңүз менен тез-тез сейилдөө сыяктуу бул мезгилдин өзгөчө көз ирмемдерин колдон чыгарып албаңыз.

Пайгамбарыбыздынﷺ өзү басканды жакшы көргөндүгү жана башка адамдарга басууну жеңилдетүүчү кеңеш бергендиги мындайча баяндалат: Меккедеги үгүт маалында адамдар пайгамбарыбызгаﷺ басуунун кыйынчылыгы жөнүндө даттана башташат. Анан аларды чакырып: “Силердин ылдам басууңар керек. Чындыгында, ал эрте жетүүгө жана өзүңөрдү жеңил сезүүңөргө себеп болот”,- деп жооп берет. Андан кийин мусулмандар катуу темп менен баса башташты, андан кийин денелеринде

жеңилдик пайда болду.” (Ибн Хиббан).

Демек, жогоруда айтылгандай, Алланын ырайымы менен кыш мезгилин текке кетирбей, пайдалуу убакыт өткөрүп, зеригүүдөн жана үмүтсүздүктөн алыс болуңуз.

%article_title%



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
28 сентябрь 2021г.
Багымдат
5:21
Күндүн чыгуу
6:56
Бешим
12:52
Аср
17:02
Шам
18:52
Куптан
20:24
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов