Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Сыноолорду кантип жеңип, Алланын жакшылыгына ээ боло алабыз?

Автору: Сезим Сагынбекова / Жарыяланды: 11 декабрь 2020

Бакара сүрөсүнүн 155-аятында:
“Биз, албетте, силерди коркуу сезими, ачкачылык, мал-мүлк, адамдар аркылуу сынайбыз. Сабырдуулукту сурангылга ... ”,- деп келет.

Ал эми, пайгамбарыбыз Мухаммеддинﷺ:

"Мусулман эркек жана аял денеси, мал-мүлкү жана балдары аркылуу, Аллах менен күнөөсүз абалда жолукканга чейин, ар дайым сыноодон өтөт",- деген хадисин Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган.

Бирок, мусулман адам башына сыноо келгенде, аны жакшылык катары кабыл алууну унутпоосу керек. Себеби хадистердин биринде: "Эгер Аллах кимдир бирөөгө жакшылык кааласа, анда аны сыноолорго дуушар кылат",- деп айтылат. (Бухари)

%article_title%

Мунун негизинде адам башына түшкөн сыноолорду жеңип, бакубат турмуш кечирүүсү үчүн көмөкчү болгон негизги 5 сапат бар:

1. Сабырдуулук

“Аср” сүрөсүндө инсан алсыз болгондуктан шайтан менен напсинин азгырыктарына туруштук бере албай, өзү жасаган иштеринен улам зыян тартаары, ал эми Аллахка ишенгендер, жакшы амалдарды кылгандар, бири бирин сабырдуулукка чакыргандар эч кандай зыян тартпаары айтылган.

“Асрга ант! Албетте, инсан коромжуда. Бирок, ыйман келтиргендер, жакшы амалдарды жасагандар жана актык менен сабырдуулукка бири-бирин насаат кылгандар коромжуда эмес”

2. Аллахка гана ишенүү менен үмүт кылуу

Ар бир мусулман адам кандайдыр бир кыйынчылыкка кабылганда башын жерге салып, Аллахтын ырайымынан үмүт үзбөөгө тийиш. Анткени, Аллахтан үмүт кылуу ыймандын бир бөлүгү жана Аллахтын ырайымынан үмүт үзүү ыймансыздарга тиешелүү сыпат. Аллах Таала айткан: “Анткени, Аллахтын ырайымынан каапыр коом гана үмүт үзөт”. (Юсуф, 87-аят)

3. Өзүн таштап койбой, кыйынчылыкты жеңүүгө аракет кылуу

Аллах үчүн чечилбей турган көйгөй жок. Аллах сыноону берет жана чечүү жолун дагы көрсөтөт.

4. Аллахка ыраазы болуу, берген нематтарына жана сыноолоруна шүгүр келтирүү

Аллах Курандын “Ибрахим” сүрөсүнүн 7- аятында мындай дейт:

“…Эгер берген нематтарыма шүгүр кылсаңар, албетте аларды дагы да арттырамын…”

5. Аллахка ибадат кылуу менен кайрылуу (дуба)

Дуба, физикалык жана руханий илдеттердин шыпаа булагы. Дубада үмүт, жашоого болгон кызыгууну ойготкон Аллахтын мээрими бар. Алла Таала дубанын маанилүүлүгүн Куранда мындай деп билдирген: «Эгерде силер дуба кылбаганда Раббиңердин алдында эмне мааниңер калмак эле…?» (Фуркан, 77).

Сүйүктүү пайгамбарыбызﷺ дубаны жакшылыктардын ачкычы, момундун куралы, диндин тиреги, ибадаттын туу чокусу катары мүнөздөгөн. (Тирмизи, 3368-69)

Сыноонун адамга чоң пайда алып келген артыкчылыктары

Алланын чоң сыйлыктарына жеткирет

Сүйүктүү пайгамбарыбызﷺ:

"Сооптун өлчөмү сыноонун чоңдугуна жараша болот, эгер Аллах Таала кайсы бир адамды сүйсө, анда аны сынайт",- деп эскерткен. (Тирмизи).

Сыноолор адамдын күнөөлөрүн тазалайт

Бул боюнча бир хадисте:

"Мусулмандын башына узакка созулган оору, кайгы, кыйынчылык сыяктуу кандай гана нерсе келбесин, ал тургай тикенек киргизип алган болсо дагы, Аллах анын күнөөлөрүнүн бирин кечирет" (Бухари).

Адамдын ишенимин жана эркин күчтөндүрөт

Кыйынчылыктарды ийгиликтүү жеңүү менен адам ыйманын, адеп-ахлагын бекемдейт.

Боорукердик сезимин өрчүтөт

Жакшы жашоодо жашаган адамдын башына кыйынчылык келгенде башка адамдардын көйгөйлөрүн түшүнө баштайт жана муктаж болгондорго ар тараптан колдоо көрсөтүүгө өтөт.

Сыноолор адамдарды бириктирет

Эгерде сыноо бир нече адамдын же кайсы бир коомдун башына түшкөн болсо, мындай кырдаалда өзүмчүл адамдар дагы ынтымакка келүүсү мүмкүн.

Демек, бул жашообуз үчүн да, акыретибиз үчүн да бейиштегидей жыргал жашоону үмүт кылсак, пайгамбарыбыз Мухаммеддинﷺ үммөтү катары Аллахтын берген сыноолорун татыктуу жеңип өтүп, жеңишке жетишели.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
28 сентябрь 2021г.
Багымдат
5:21
Күндүн чыгуу
6:56
Бешим
12:52
Аср
17:02
Шам
18:52
Куптан
20:24
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов