Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Пайгамбарыбыз кандай азыктар менен ооз ачкан?

Автору: Марат кызы Ширин / Жарыяланды: 20 апрель 2021

Жаратуучу Аллах ыйман келтиргендерге Рамазан айында орозо кармоону буюрган. Орозо кармаган адам бир нече саат тамак- аш жана суу ичпестен ачка жүрөт. Ошол себептен анын кантип ооз ачканы өтө маанилүү. Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ ооз ачуу үчүн эң сонун азык катары курманы сунуш кылган. Себеби курмада орозо кармагандын организми үчүн зарыл болгон бардык пайдалуу азык заттар бар.

null

Салман ибн Амир риваят кылган хадисте пайгамбарыбыз ﷺмындай деген:

“Эгер араңардан кимдир бирөө ооз ача турган болсо, курма менен ачсын. Эгер курма таппай калса, анда суу менен ачсын. Чындыгында, суу- тазалоочу”. (Тирмизи, 658).

Аллахтын элчисинин ﷺ бул сөзүнөн анын орозону курма менен ачканын билсек болот. Курма таппай калганда суу менен ооз ачкан. Муну башка хадистер дагы тастыктайт.

Пайгамбарыбыз өзү курманы абдан жакшы көргөн, анын “курма жок үй тамак жок үйгө окшош” деген хадиси да кездешет.

Ооз ачууну курма же суу менен баштоонун өзүнчө терең мааниси бар. Курма өтө пайдалуу жемиш гана эмес, өз алдынча тамак- аш катары да эсептелген. Себеби пайгамбарыбыздын ﷺ учурунда жана ага чейин дагы курманы арабдар негизги тамак деп эсептешкен. Анткени курманы жеген адамда тоюп калуу сезими пайда болгон. Андан сырткары, курманы колдонуу ашказандын иштөөсүнө жакшы таасирин берет. Аны ач карын жеген дагы өтө пайдалуу.

Ал эми суу жөнүндө айта турган болсок, ал физикалык жактан гана эмес, руханий жактан дагы тазалануунун булагы болуп саналат. Суу чаңкоону басып, ашказанды сергитет.

Анас (Аллах андан ыраазы болсун):

“Пайгамбарыбыз ﷺ дайыма кечки намаздын алдында бир нече жаңы курма менен ооз ачат эле. Эгер андай жок болсо, анда кургатылган курма менен, ал дагы жок болсо, анда бир нече ууртам суу ичет эле”,- деп айткан (Абу Дауд, 2356; Тирмизи, 696).

Бирок, ар бир эле орозо кармаган адамдын курма менен ооз ачууга мүмкүнчүлүгү боло бербейт. Балким, ошол аймакта курма сейрек кездешиши, же аны сатып алууга каражаты жетишсиз болушу мүмкүн, же болбосо, ооз ачуу учурунда орозо кармаган адам жолдо болуп, курма менен ооз ача албай калышы ыктымал. Мындай учурунда ал пайгамбарыбыздын ﷺ сүннөтүн аткарып, оозду суу менен ачса болот. А эгер суу менен ачууга дагы мүмкүнчүлүк болбосо, анда башка жер- жемиштерди колдонсо болот. Башкысы, азык ачык отко тийбеген болушу шарт.

Ал эми пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ канча өлчөмдөгү курма менен ооз ачканы боюнча Анас (Аллах андан ыраазы болсун) минтип айткан:

“Пайгамбарыбыз ﷺ 3 курма, же ачык отко тийбеген азык менен ооз ачат эле” (Абу Яля, 3305).

Орозо кармаган адам курма же суу менен ооз ачкандан кийин, кечки намазын окуй берсе болот. Намаздан кийин негизги тамакты иче берет. Бирок, эгер орозо кармаган адамдын курсагы катуу ачып, намаз окууга дарамети жетпесе, анда намаздан мурун бир аз тамак ичип алганы жакшы. Себеби ачка адам намаз окуп жатып тамакты ойлошу жана намазга болгон концентрациясы бузулуп калышы мүмкүн.

Курмасыз орозо айынын дасторконун элестетүү мүмкүн эмес. Ал даамдуу гана болбостон, курамында көптөгөн витаминдерди камтыйт. Айрыкча, курма менен ооз ачуу- организмдеги карбонгидраттын ордун тез арада толтурууга, таттууга болгон каалоону басууга жана табитти контролдоого жардам берет.

Курманы кимдерге жегенге болбойт?

Кант диабети менен жабыркагандар оозду курма сыяктуу таттуу жемиш менен ачпоосу керек. Анын ордуна суу же зайтун менен ооз ачуусу кандагы канттын нормалдашуусун жакшыртат.

Курма- ооз ачкандан кийинки десерт

Курманын курамында глюкоза, фруктозадан баштап жөнөкөй карбонгидраттарга чейин кездешет. Ошондой эле, биз көп колдонгон, башка мөмөлөрдө кездешпеген ар кандай аминокислоталар бар. Калий, фосфор, магний, кальций, натрий, темир, цинк, жез жана селен сыяктуу көптөгөн минералдардан тышкары В тобундагы В1, В2, ниацин, В6 витаминдери, А жана С витаминдери, антиоксидант фенол бирикмелери жана каротиноиддерге өтө бай. Ифтардан 1-2 сааттан кийин 2-3 даана курма менен 3 мейиз, же 1 ууч чийки бадам, же болбосо 1 стакан сүт организмдин таттууга болгон муктаждыгын камсыз кылат. Өзгөчө жогорку калориядагы, же курамында шекери бар таттуулардын ордуна курманы колдонуу салмак менен кандагы канттын деңгээлин көзөмөлдөөгө жардам берет. Ошондой эле, курма адамды ток кармап, ачка болуу сезимин жок кылат. Демек, курманы ифтар учурунда гана эмес, сухур учурунда да жесеңиз болот.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
18 сентябрь 2021г.
Багымдат
5:09
Күндүн чыгуу
6:45
Бешим
12:56
Аср
17:17
Шам
19:10
Куптан
20:43