Бүгүн, 26-июнда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргызстан мусумандарынын VII курултайы өттү. Анда Азирети муфтий болуп бир добуштан Ракиев Замир Шейшенбекович шайланды.
Ракиев Замир Шейшенбекович
Туулган жылы: 15.02.1978 ж.
Туулган жери: Нарын облусу, Кочкор району, Шамшы айылы. Улуту: Кыргыз
Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлүү , 1 уул, 2 кыздын атасы.
Билими:
1986-1995 Орто мектеп.
1995 – 1999 Бишкек борбордук мечити, Куран жаттоо медресеси.
1999 – 2000 Египет мамлекети, “Университетке даярдоо курсу ”
2000 – 2003 Аль Азхар Ислам институту.
2003 – 2007 Аль Азхар Ислам университети, «Дин негиздери»
2008 – 2010 Бишкек гуманитардык университети «Чыгыш таануу-Магистр»
Эмгек тажрыйбасы жана ишмердүүлүгү:
2007-2008 Чүй обл, Аламүдүн району, «Абу Бакр Сыддык» медресесинде мугалим.
2008 -2010 Чүй обл, Аламүдүн району, «Абу Бакр Сыддык» медресесинде директор.
2010 – 2011 Нарын облусунун казысы.
2011 -2016 Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары.
2016- 2017 Кыргызстан мусулмандар дин башкармасынын окуу бөлүмүнүн башчысы.
2017-жылдын май айынан тарта Азирети муфтийдин орун басары.