Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Балаңызга пайдалуу жайкы лагерлердин тизмесин жазып алыңыз

Жарыяланды: 9 июль 2021

Балаңыз жайкы каникулдагы убактысын кызыктуу жана пайдалуу эс алуу менен өткөрүүсүн каалайсызбы? Төмөндө биз мындай лагерлерди тизмектеп, алар тууралуу толук маалыматтарды жаздык. Өзүңүзгө сактап алыңыз.

%article_title%

1- “Лига Курана” окуу борборунун жайкы лагери

Ысык-Көлдүн Бостери айылында өтө турган 11 жаштан жогору эркек балдарга арналган лагерь.

Шарттары жана программасы:

Жайлуу бөлмөлөр (3, 4 жана 5 керебеттүү бөлмөлөр);

Күнүнө 4 маал тамактануу;

Ысык-Көлдө сүзүү;

Футбол оюндары, волейбол жана башка оюндар;

Эртең мененки машыгуу;

Ыйман жана адеп-ахлак тууралуу интерактивдүү баарлашуу;

Куран окуганды үйрөтүү;

Экскурсия.

Лагерь 19-июлдан 29-июлга чейин болот.

Баасы - 11 000 сом

“Лига Курана” борборуна алдын-ала келип, каттоодон өтүшүңүз керек. Дареги: Гражданская көчөсү, 77.

Байланыш номери: 0 700 050 503

2- “Кыз Куран” курсунун жайкы лагери

“Кыз Куран” курсу тарабынан уюштурулуп жаткан “Ысык-Көлгө саякат” аттуу 10 күндүк жайкы лагерь.

12-20 жаштагы кыздар үчүн.

Шарттары жана программасы:

Тамчы айылындагы “Нуртель” кичи пансионатында бардык шарттары менен 2-3 орундуу бөлмөлөр;

4 маал тамак берилет;

Куран жана диний сабактар өтүлөт;

Көл жээгинде эс алуу жана суу оюндары ойнотулат;

Жылуу атмосферада жаңы достор менен таанышуу;.

Кызыктуу конкурстар уюштурулат.

Дареги: Бишкек шаары, Анкара көчөсү, 28/3

Байланыш номери: 0702 700 595

3- “Танзийл” жана “Байинна” окуу борборунун лагери

Тажрыйбалуу устаздар менен бирге Чолпон-Ата шаарында 8-17 жаштагы кыздарга жана 8-3 жаштагы эркек балдарга 10 күндүк лагерь өткөрүлөт.

Шарттары жана программасы:

Ыйман, адеп темасындагы сабактар үйрөтүлөт;

Үч маал тамак берилет;

Спорттук оюндар ойнотулат;

Тез окуу сабагы кирет;

Балдар, кыздар өзүнчө жайгаштырылат;

Баасы: 8000 сом.

Керектелүүчү документтер:

Ата-эненин паспорт көчүрмөсү;

Ата-энеден тил кат;

Туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

Байланыш номери: 0702 372 003, 0507 026 202

4- “Инсандык Жардам” фондунун лагери

“Инсандык Жардам” фонду 15 жаштан жогору кыздар үчүн уюштурулган бир айлык акысыз лагерге чакырат.

Лагерде жумасына 5 күн араб тили, фыкх, сиро, пайгамбарлар тарыхы, хадис, дуалар үйрөтүлүп, тренингдер өтүлөт.

Орундар чектелүү!

Андыктан чамдаңыздар.

Катталуу 6- июлдан 12-июлга чейин жүргүзүлөт.

Байланыш номери: 0708 992 006

Дареги: Бишкек шаары, 3- линия көчөсү 6.

5- “Эконом” ыйман лагери

15-25-июль арасы Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында “Веселый апельсин” конок үйүндө “Эконом” ыйман лагери өтөт.

Шарттары жана программасы:

Бишкектен, Оштон балдарды алып кетүү, жеткирүү;

4 маал адал тамак берилет;

Спорттук, интеллектуалдык таймаштар өткөрүлөт;

Терапиялык бассейн;

Туз шахтасы;

Жайлоого экскурсия;

Камкор тарбиячылардын жана педиатрдын көзөмөлүндө болушат;

Куран, дуа жаттоо, сиро, араб жана англис тили сабактары өтүлөт.

Эң мыкты катышуучуларды сертификаттар жана акчалай сыйлыктар күтөт.

Баасы: Негизги баасы 6800 сом, ал эми бассейн жана туз шахтасын колдонууну каалагандарга 7500 сомду түзөт.

Байланыш номерлери: 0702 618 518, 0507 818 666, 0557 818 666

Дареги: Бишкек шаары Чүй проспектиси 261



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
18 сентябрь 2021г.
Багымдат
5:09
Күндүн чыгуу
6:45
Бешим
12:56
Аср
17:17
Шам
19:10
Куптан
20:43