Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Исламдагы дени сак жашоо образы. 8 негизги эреже

Автору: Кундуз Апышова / Жарыяланды: 20 август 2021

Акыркы убакта дени сак жашоо образы кыймылы барган сайын популярдуулукка ээ болууда. Мындай жашоо образын кармангандар экологиялык таза азыктар менен тамактанып, зыяндууларынан (майлуу, туздуу, куурулган, ачуу) толугу менен баш тартышат. Алар туура тамактануу менен катар гигиеналык эрежелерди сактап, спорт менен машыгып, зыяндуу адаттардан (тамеки чегүү, алкоголь ичүү ж.б) алыс болушат. Дени сак жашоо образы бүгүнкүдөй актуалдуулукка ээ болгонго чейин эле Ислам дүйнөсү эбак эле бул нерсени ийне-жибине чейин айтып, түшүндүргөн.

%article_title%

Эгер адам Исламдын бардык негиздерин карманып, Ыйык Куран жана Пайгамбарыбыздын ﷺ сүннөттөрү менен жашаса, анда ал туура жана дени сак жашоо образына ээ болот.

Бул кандай эрежелер болду экен?

1) Өздүк гигиена. Тамактануу алдында жана бүткөндөн кийин колду жууш керек. Тишти убагы менен тазалап, бат-баттан жуунуп, кийимди жана үй ичин таза кармоо зарыл. Бул тууралуу Пайгамбарыбыздын ﷺ хадистеринде мындайча айтылат:

“Тамак-аштын берекеси – тамактын алдында жана бүткөндөн кийин кол жуу”. (Тирмизи)

“Мисвак колдонгула, анткени ал оозду тазалап, Жаратканды ыраазы кылат”.

“Жумасына бир жолу башын жана бүткүл денесин жууп туруу – ар бир мусулмандын Кудай алдындагы милдети”.

“Кийимиңди жана бут кийимиңди таза карма, эл арасында айырмалангыдай таза жана тыкан бол”.

Ошондой эле, мусулмандар даарат кагазы пайда боло электе эле табигый муктаждыктан кийин суу менен тазаланышкан (истинжа). Албетте, бул тазалануу организмди түрдүү инфекциялардын киришинен коргойт.

2) Даарат. Намазга чейинки тазалануу адамга бир гана руханий жактан эмес, физикалык да көп пайдалары бар. Дененин төмөнкү учтары (кол, бут) жүрөктөн алыс болгондуктан, бул жерлерде кан айлануу жай жүрөрү аныкталган. Даарат маалында кол-бут жуулуп, бул органдарга жакшы массаж болот. Демек, кан айлануу процесси жакшырат, булчуңдар активдүү иштеп баштайт. Ал эми оозду тез-тез чайкап туруу ооз көндөйүн инфекциялардан, ириңдеп кетүүдөн коргойт.

3) Намаздын пайдасы. Албетте, намаздын негизги максаты – Аллах Таалага сыйынуу жана ал аркылуу Ага жакындоо. Ал эми сергек жашоо үчүн да намаздын бир топ пайдасы бар. Намаз убагында дээрлик бардык булчуңдар активдешет, сажда абалында мээнин кан менен камсыздалышы жакшырат. Мындан сырткары, намаз тамак сиңирүүнү ылдамдатат, булчуң жана муун ооруларынан алыс кылат.

Жүрөк кан-тамыр ооруларынан, эрте карылыктан сактоо менен 5 маал намаз күнү бою адамдын сергек жүрүшүн шарттайт.

4) Куран көрсөтмөлөрү жана пайгамбарыбыздын ﷺ сүннөтү боюнча тамактануу. Ыйык Куранда адамдын тең салмактуу тамактануусуна өбөлгө түзгөн азыктар жазылган. Эң салмактуу диетага: эт, балык, сүт, сыр жана мөмө-жемиштер кирет. Бул азыктар боюнча Куранда түз жана кыйыр көрсөтмөлөр берилген.

Адам баласы ченеми менен тамактануу керектиги, ашыкча тоюнуунун зыяндыгы тууралуу Куран аяттарында мындай жазылган: «Жегиле, ичкиле, бирок ысырап кылбагыла. Анткени Аллах Таала ысырап кылуучуларды жакшы көрбөйт» (7:31)

Пайгамбарыбыз ﷺ жана анын сахабалары жөнөкөй тамактанышып, этти, ак унду аз жешкен. Бирок жашылча, дан өсүмдүктөрү, курма, сүт азыктары, бал менен азыктанышкан. Азыркы туура тамактануу боюнча адистер ушул азыктар кирген күнүмдүк рационду сунушташат.

5) Орозонун ден соолукка пайдасы. Рамазан айындагы жана нафил орозо организмди бекемдөө үчүн өтө пайдалуу болуп эсептелет. Жүрөк тамак сиңирүү үчүн кандын 10%ын иштеп чыгат, ошондуктан орозо тутуу жүрөктүн ишин жеңилдетип, эс алуусуна шарт түзөт. Бул маалда боордун иштөөсү да жакшырат. Уулуу заттар адам организминен акырындап чыга баштайт. Мындай процесс денедеги топтолгон майдан арылууга, боор клеткаларынын активдүү иштөөсүнө жардам берет.

Организмдин тазалануусу муундардын иштөөсүн жакшыртып, топтолуп калган туз жана башка зыяндуу заттардан арылтат. Орозо маалында суюктуктун концентрациясын азайтуу бөйрөктүн иштөөсүнө оң таасирин тийгизип, кан басымдын төмөндөшүнө алып келет.

6) Пайгамбарыбыздын ﷺ сүннөтү боюнча туура уйку. Оң каптал менен, колду башка жазданып жатуу – сүннөт. Бул абалда уктоо денени тынчтандырып, тез уктоого шарт түзөрү илимпоздор тарабынан далилденген. Эгер уктай албаган адам бул ыкманы колдонсо, ага эч кандай уктатуучу дары ичүү зарылдыгы жок.

Пайгамбарыбыз ﷺ күндүз бир аз уктаган жана сахабалар бул сүннөткө амал кылышкан. Күндүзгү уйку жүрөк, мээ сыяктуу маанилүү органдардын иштөөсүн жакшыртат.

7) Спорт менен машыгуу. Кайсы бир спорт түрү менен дайыма машыгуу дени сак жашоо образына кирет. Пайгамбарыбыздын ﷺ сүннөтүнө күрөш, ат минүү, жаа атуу, сууда сүзүү кирип, алардын пайдасы жөнүндө айтылат. Ошондой эле Аллахтын Элчиси ﷺ көп баскан жана башкаларды буга үндөгөн.

8) Зыяндуу адаттардан арылуу. Исламда спирт ичимдиктерди ичүүгө тыюу салынган. Алкоголь ашказан жарасы, рак, боор циррозу, жүрөк оорулары сыяктуу көптөгөн дарттарга себепчи боло тургандыгы далилденген.

Ыйык Куранда: “Өзүңөрдү өзүңөр кыйроого таштабагыла” (2:195) делет. Ал эми Аллахтын элчисинин ﷺ мындай сөзү бар: “Өзүңө да, башкага да зыян бербегин”. Демек, мусулман зыян алып келе турган адаттардан баш тартуусу зарыл.

Жыйынтыктап айтканда, Ислам дини дени сак жашоо үчүн бизге көптөгөн кеңештерди берет. Эгер биз динге амал кылып жашасак, сөзсүз, ден соолугубуз чың, бекем болушуна кепилдик бар.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
27 октябрь 2021г.
Багымдат
5:55
Күндүн чыгуу
7:30
Бешим
12:45
Аср
16:19
Шам
18:05
Куптан
19:37