Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Карыздан кутулуу үчүн пайгамбарыбыз ﷺ сунуштаган дубалар

Автору: Кундуз Апышова / Сүрѳттѳр: интернет / Жарыяланды: 3 ноябрь 2021

Адам башына кыйынчылык түшкөндө өзүн колго алуу менен кудуреттүү Аллахка таянып, дуба кылуу керек. Пайгамбарыбыз ﷺ: «Дуба - момундун куралы, диндин түркүгү жана асман менен жердин нуру», - деди.

%article_title%

Бул макалабызда карыздан кутулуу үчүн кылынган пайгамбарыбыздын ﷺ дубаларын сунуштайбыз.

Абу Ваил (р.а) төмөндөгүчө баяндайт: “Азирети Алиге азат болуу үчүн кожоюнуна төлөм төлөө келишимин түзгөн кул келип: “Төлөмдү төлөй албай калдым, мага жардам бер”, - дейт. Азирети Али: “Сага Аллахтын элчиси ﷺ үйрөткөн дубаны үйрөтөйүнбү? Эгер бул дубаны кылсаң, тоодой карызың болсо да Аллах сага жардам берет. Мындай деп дуба кыл: “Оо, Жараткан Аллах, мага адал нерселерди жетиштүү кыл, арамга кирүүнү оюма да салба. Мага байлык бере көр жана Өзүңдөн башкага муктаж кылба”.

Абу Саид аль-Худри (р.а) мындайча баяндайт: “Аллахтын элчиси ﷺ бир күнү мечитке кирсе, ансардан Абу Умама аттуу бирөө отуруптур. Пайгамбарыбыз ﷺ: “Оо, Абу Умама! Сени намаздан башка убакта мечитте көрүп таң калдым”, - деди. Абу Умама: “Оо, Аллахтын элчиси, кыйынчылыктарым жана карыздарым бар!” – деди. Пайгамбарыбыз ﷺ : “Сага Аллах кыйынчылыктарыңды жоюп, карыздарыңды төлөөдө сага жардам бериши үчүн окула турган келмелерди үйрөтөйүнбү?” – деди. Абу Умама: “Үйрөт, Аллахтын элчиси”, - деп баш ийкеди. Пайгамбарыбыз ﷺ : “Эртели-кеч төмөнкү дубаны оку “Оо, Жараткан Аллах, кыйынчылыктардан, кайгы-капалардан сакта. Алсыздыктан жана жалкоолуктан сакта. Сараңдыктан жана коркоктуктан сакта. Карызга батуудан жана аласасы барлардын каалгамды кагышынан сакта!” – деп үйрөттү.

Абу Умама: “Бул дубаларды окуй баштагандан кийин Алланын жардамы менен кыйынчылыктардан жана карыздардан кутулдум”, - дейт.

Жараткан дубаларыбызды кабыл кылып, мойнубуздагы бардык карыздардан кутулууга жардам берсин

!


Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
19 январь 2022г.
Багымдат
06:48
Күндүн чыгуу
08:28
Бешим
13:12
Аср
16:15
Шам
18:02
Куптан
19:17
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов