Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Халид ибн Валид - Ислам халифатын даңазалаган улуу кол башчы.

Автору: Кундуз Апышова / Сүрѳттѳр: интернет / Жарыяланды: 15 ноябрь 2021

Ислам тарыхы мусулман үммөтүнүн даңкын чыгарган көптөгөн ысымдарды сактап, кийинки муунга өткөрүп келет. Бул улуу инсандар динди жайылтууда зор эмгектерди кылуу менен урпактарга түбөлүк үлгү болуп калышкан.

null

Мындай даражага жеткен момундардын бири – “Аллахтын кылычы” (Сайфуллах) атка конгон Халид ибн Валид (р.а). Ал Мухаммед пайгамбарыбыздын ﷺ белгилүү сахабасы болгон. Халид – мусулмандардын жеңилгис кол башчысы. Ал 40тан ашык салгылашка катышып, баарында жеңишке жетишкен. Халид ибн Валид (р.а) ошол мезгилдеги улуу империяларды талкалап, Ислам халифатына болуп көрбөгөндөй жеңиштерди алып келген. Бул баатырдын даңкы, атагы бир гана араб өлкөлөрүнө эмес, бүткүл дүйнөгө тараган. Анын гениалдуу согуш тактикасы жана стратегиясы бүгүнкү күнгө чейин изилденип келет. Чынында, мындай кол башчысы менен кайсы мамлекет болбосун сыймыктанмак. Аны Чыңгызхан, Наполеон, Македонский менен салыштырышкан, бирок Халид ибн Валид, Аллахтын кылычы (р.а) – жалгыз жана кайталангыс баатыр.

Балалыгы жана жаштыгы

Халид 592-жылы Меккеде төрөлгөн. Анын атасы – Валид ибн Мугира махзум уруусунун башчысы жана курайштардын эң байы эле. Халид атасынын бай болгондугуна карабастан, араб чөлдөрүндөгү оор табигый шартта тарбияланган. Кичинесинен кыйын машыгууларды өткөрүү аркылуу ал ооруну да, коркууну да сезбеген жапайы арстанга айланган.

Жаштыгына карабастан, ат минүү өнөрүн жакшы билген. Ошондой эле Халид согуш жүргүзүүнүн ыкмаларын жана бир нече куралды мыкты өздөштүргөн. Физикалык артыкчылыктар менен бирге анда күчтүү эрк бар болчу.

Халид ибн Валид жахилия доорунда курайш уруусунун мартабалуу, бай адамы эле. Ал армиянын бардык муктаждыктарын, анын ичинде аскерди ат менен камсыздоо жоопкерчилигин алган. Узак жылдар бою Халид курайш армиясын жетектеп, анын аркасы менен аскерлер согуштарда дайым жеңишке жетишчү. Ухуд салгылашуусунун биринде курайш аскерлери тузакка түшөт. Мына ошондо Халид ибн Валиддин айлакердиги менен алар күчтөрүн бир тарапка топтоп, чабуул жасашкан. Ошентип, мусулмандарга көп кыйынчылыктарды алып келүү менен мушриктер ийгиликке жетишкен эле.

Дин үчүн болгон алгачкы согуш

Халид ибн Валид (р.а) хижранын 7-жылы Амр ибн аль-Ас (р.а) менен Мединага көчүп келип, Исламды кабыл алышкан. Бул окуя курайштыктардын айлаларын алты кетирсе, мусулмандар буга абдан сүйүнүшкөн. Ошондо Пайгамбарыбыз ﷺ сахабаларына көз чаптырып мындай деген: “Мекке бизге эң көрүнүктүү инсандарын тартуулады”. Исламды кабыл алган Халид үммөт үчүн кийин көптөгөн ийгиликтерди алып келди.

Мут согушу Халид ибн Валид (р.а) мусулман армиясы тарапта салгылашкан биринчи согуш эле. Бул салгылашта 3 миң аскерден турган мусулмандар өзүнөн 10 эсе көп Византия аскерлерине каршы күрөшүшкөн. Мында көптөгөн Ислам кол башчылары шейит болуп, кол башчылык Халидге (р.а) өткөн. Ал согуш тактикасын туура колдонгундугу жана акылмандыгынын аркасынан аз сандагы мусулмандар жоготуусуз жеңишке жетишкен. “Аллахтын кылычы” наамы Халидге (р.а) ушул согуштан кийин ыйгарылат.

Бул тууралуу Аллахтын элчиси ﷺ: “Аскер башында турган Зайд ибн Харис, Жафар ибн Абу Талиб, Абдулла ибн Равах согуш талаасында шейит болушту. Мындан соң армияны “Аллахтын кылычы” аталган аскер башчы жетектеп, ал бизди жеңишке жеткирди”, - деген.

Белгилүү салгылаштар

Халид (р.а) Меккеге чабуулда мусулман армиясынын бир канатына башчылык кылган. Мекке шаарына берки үч кошуун согушсуз кирип, Халиддин (р.а) армиясы өч алууга суусап турган аскерлер менен күрөшкөн. Бул жерде да ал өз артыкчылыгын көргөзүп, душмандарды качууга аргасыз кылган. Меккени каратуудан кийин пайгамбарыбыз ﷺ Халидге (р.а) мушриктерге тиешелүү буттарды жок кылууну тапшырып, ал бул милдетин ийгиликтүү бүтүрөт. Аллахтын элчиси ﷺ көзү тирүү кезинде эле кол башчы Хунайн согушунда жана Таифте жеңишке жетишкен.

Пайгамбарыбыз ﷺ дүйнөдөн кайткандан кийин араб уруулары массалык түрдө динден чыгып баштайт. Бул көрүнүштүн бүткүл Арабияда жайылышына жалган пайгамбарлардын чыгышы түрткү болгон. Момундардын биринчи халифи Абу Бакр (р.а) аларды акылына келтирүү аракетин кылды, бирок майнап чыккан жок. Адашкандар урууларды Исламдан чыгаруу менен эле чектелбей, Мекке жана Мединаны басып алууну пландашкан.

Мындай оор кырдаалдан чыгуу үчүн халиф динден чыккандарга каршы согуш баштоону чечет. Бул согушта ал өзүнүн улуу кол башчыларына, анын ичинде Халид ибн Валидге (р.а) таянган. Ага душмандын негизги күчтөрүн жок кылуу тапшырылган. Мына ошондуктан Халиддин (р.а) армиясы ар дайым аскерлердин башында турган. Ийгилик анын армиясынан көз каранды экенин, мойнуна жүктөлгөн милдеттин жоопкерчилигин кол башчы мыкты түшүнгөн. Тулайха, Малик ибн Нувайра деген жалган пайгамбарлардын колун талкалап, Халид (р.а) өз миссиясын толук аткарат. Халиддин (р.а) кол башчылык таланты менен жалганчылардын аскерлери жок кылынып, алардын акыркы Нужайра чеби 633-жылдын башында кулаган.

Араб жарым аралында тартип орногондон соң халиф Абу Бакр (р.а) Халид ибн Валидге (р.а) Перс империясына каршы жүрүшкө жетекчилик кылууну буюрат. 2 айдан кийин мусулмандар Евфрат дарыясынын жээгин жана Хира жергесин басып алууга жетишкен. Халиддин (р.а) армиясы 2 жылдан кийни Сирияны көздөй жылат. Бул жортуулда алар Дамаск жана Хомсту басып алышат. Ошентип, бүткүл Сирия мусулмандардын ээлигине өткөн.

Халид ибн Валид (р.а) өмүрүндө жалпы 43 салгылашуу өткөрүп, бирөөсүндө да жеңилген эмес.

Өлүм

Халид ибн Валид (р.а) узакка созулган оорудан улам 58 жашында кайтыш болгон. Ал өлүм алдында жатканда досу зыярат кылып келет. Ошондо Халид ага денесиндеги жараат албаган, тырыгы жок алакандан чоң жер жоктугун көрсөткөн. Досу баатырдын денесиндеги октон, кылычтан жараат алган тактарды, тырыктарды көрүп, Халиддин (р.а) кантип соо калгандыгына таң калат. Мусулман баатыры өмүр бою согушта курман болууга умтулганын, бирок ал үмүтү ишке ашпай жаткандыгына кейийт. Халиддин (р.а) бул арманына досу мындайча жооп берген: “Пайгамбарыбыз ﷺ “Аллахтын кылычы” атаган адам эч качан согушта өлбөйт. Эгер сени салгылашта каапыр өлтүрсө, Аллахтын кылычын каапыр сындырган болот эле. Бирок эч качан мындай болбойт”.

Халид ибн Валид (р.а) ушунча согушта кол башчылык кылып, бардыгында жеңишке жетсе да үйүн байлыкка толтурган эмес. Бул дүйнө менен кош айтышкандан кийин анын артында болгону согуш кийимдери, курал-жарактары, аты жана берилген кулу калган.

Кол башчынын мүрзөсү Сириянын Хомс шаарында жайгашкан. Анын жанында баатырдын ысымынан коюлган мечит бар. Аллах Халид ибн Валидге ыраазы болсун!

Колдонулган материалдар:

1. “Сто великих людей Ислама”. Д. Ат-Турбани

2. https://medinaschool.org/library/lichnosti/spodvizhniki-proroka/halid-ibn-valid

3. https://islam-today.ru/istoria/prorok-muhammad-sly-allh-lyh-wslm-nazyval-ego-sejfulla-mec-allaha/

4. https://islam.global/obshchestvo/istoriya/khalid-ibn-valid-mech-allakha/

5. https://as-salam.ru/news/1573



Намаз убактылары
16 апрель 2024г.
Багымдат
4:36
Күндүн чыгуу
6:19
Бешим
13:02
Аср
17:46
Шам
19:49
Куптан
21:04
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов