Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Чубак ажы Жалилов: “Шайлоого баруу, татыктуусун шайлоо – аманат”

Автору: Кундуз Апышова / Сүрѳттѳр: интернет / Жарыяланды: 26 ноябрь 2021

28-ноябрь күнү өлкөбүздө Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. Кыргызстанда алгачкы жолу шайлоо аралаш система менен өткөрүлгөнү турат. “Мен шайлоого катышпайм. Менин добушум эмнени чечмек эле” деген сыяктуу ойлор көпчүлүгүбүздө бар. Биз үчүн шайлоонун мааниси кандай? Ойлонуп көрдүңүз беле? Бул макалабызда дин аалымы, кыргыздын мекенчил уулу маркум Чубак ажы Жалиловдун шайлоого катышуунун зарылдыгы тууралуу айткан сөздөрүн жарыяламакчыбыз.

%article_title%

“Добушуң – аманат. Миң сом алып, акчага добуш бергениң – арам. Шайлаганда ниетти түздөп, Аллах Таала үчүн эл-жерге, динге, мамлекетке зыян тийгизбеген, пайда алып келе турганды шайлоо – сага аманат. Досуң, тууганың, жердешиң болгону үчүн же фигурасы жакканы үчүн шайласаң кыяматта жооп бересиң. “Мен барбай эле койдум, мен такыбамын, мечитте отурам” деп барбай койсоң да жооп бересиң. Сен барбай койсоң шайлоо өтө берет. Бирок эртең биздин душманыбыз боло турган, эртең жаман мыйзамдарды кабыл алып, бизди кыйнай турган, ыйманы жок адамдын келип калышына сен барбай коюп себеп болосуң. Баргының... Керек болсо, 2 рекет истихара намазын окуп алып бар. Анан 5 жыл бою ошол депутат уурулук кылса, жаман мыйзам чыгарса сен ошого шерик болосуң. Кыяматта жооп бересиң.

«Ыйык орун бош калбайт» деген сыңары, сен барбасаң сенден башкасы барат. Көр такыбалык кылбай, “саясатка аралашып кеттимби” дебей тандоого барып, татыктуу добушуңду бер. Бул саясатка аралашууң эмес, бул жакшы жашоону, Аллахым ыраазы боло турган жашоону тандаганга умтулууң деп түшүн, берекем! Анын үстүнө ушул партияга, же ушул кишиге добуш бер деп үгүттөгөнүм жок. Анан калса, добушуңду да каалаганга эле бере албайсың. Кудай Таалам акыр кыяматта: “Кимге, эмне үчүн, эмне кылганына бердиң” деген суроону берерин ойлон. Добуш берер күн жөн эле күн эмес, балким, ыйманыңды сынаар күндүр. Тууганыңбы, жек-жаатыңбы, жердешиңби же диндешиңби деген суроого жообуңду аныктап алар күн.

Ардактуу замандаш, республикадагы маанилүү иш-чарага Ата Мекенибиздин, Ата Журтубуздун келечеги, эгемендүү Кыргызстан, адилеттүү, калыс, таза Кыргызстан болуусу үчүн, эч кандай тоскоолдуктарсыз жашоо үчүн ар намыс менен добушуңду бер! Мен жөн гана жаңы муундагы мусулман кандай болуш керектигин колдон келишинче айткым келди. Элибиздин ак шумкары тууруна конуп, элибиздин ооматы ообосун деп тилегим келди.

Пайгамбарыбыз ﷺ:
“Ким мусулмандардын тагдыры үчүн күйүп бышпаса, ага кам көрбөсө бизден эмес”
деп айтат эмеспи
. Сен мусулмансыңбы, анда аракетиңди көр!”

Макала Чубак ажы Жалиловдун “Бактылуулуктун формуласы” китеби жана аудио сабактарынын негизинде даярдалды.



Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
17 август 2022г.
Багымдат
4:23
Күндүн чыгуу
6:10
Бешим
13:06
Аср
17:59
Шам
20:05
Куптан
21:29