Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Абдуррахман ас-Сумейт - бүткүл үммөткө тете инсан

Автору: Кундуз Апышова / Сүрѳттѳр: интернет / Жарыяланды: 25 декабрь 2021

Ислам тарыхында көзү өтсө да мусулмандарга жол көрсөтүп, өрнөк болчу инсандар көп. Алардын бири – шейх Абдуррахман ас-Сумейт. Мусулмандар арасында ал тууралуу “Бүткүл үммөткө тете инсан”, “Бүгүнкүнүн баатыры” деген сөздөр айтылып жүрөт. Бул жолку макалабызда талыкпас эмгегинин натыйжасында 11 миллион адамды динге алып келген, Африка континентине материалдык жардам берген кувейттик дарыгердин өмүрүн чагылдырып бермекчибиз.

%article_title%

Абдуррахман ас-Сумейт 1947-жылы Кувейтте төрөлгөн. Ал бүткүл жашоосун өзгөрткөн окуяга мектепте окуп жүргөндө кабылат. Бир күнү Абдуррахман күндүн ысыгында коомдук транспортту күтүп турган кедей жумушчуларга көзү түшөт. Муну көргөн ал жакын достору менен бирге акча чогултуп, арзан машине сатып алышат. Ошондон тартып, өзү жумушчуларды бекер ташып баштайт.

Мектепти аяктагандан кийин Сумейт Багдад университетине тапшырып, ал жерде хирургия боюнча билим алган. Окуудан тышкары иштеп, тапкан каражатынын көбүнө Ислам китептерин алып, мечиттерде таркатчу. Университетти бүткөндөн соң Ливерпулга жөнөйт. 1974-жылы Сумейт Ливерпуль университетинин тропикалык оорулар боюнча адистик дипломун алган.

1974-1978-жылдары Монреалдагы башкы ооруканада ички оорулар жана гастроэнтерология бөлүмүндө иштеген. Ошондой эле Абдуррахман Лондондун Падышалык коллежинде боордун залалдуу шишиги боюнча изилдөө жүргүзгөн. Узак мөөнөттүү окуу жана стажировкадан кийин ал туулган жери Кувейтке кайтып келип, бир нече жыл гастроэнтерелог-консультант болуп эмгектенген.

Сумейттин алдында бакыттын бардык эшиктери ачык эле. Мыкты билим жана батыштын алдыңкы медициналык борборлорунда топтогон тажрыйба жаш дарыгер үчүн жаркын келечекти убада кылган. Бирок Абдуррахман ас-Сумейттин жан дүйнөсү башка нерсени каалады. Ал кичинекейинен тарта кайрымдуулук иштерди жасоого кызыкчу. Сумейт Африкага барып, ал жердеги азап-кайгы, кыйынчылыктар менен коштолгон адамдардын жашоосун көргөндө бүткүл өмүрүн эмнеге арнаарын түшүнгөн. Кийинки жашоосун бардарчылыкта эмес, муктаждарга жардам берүү менен өткөрүүнү тандады. Ал мындайча болгон эле.

Кувейт жетекчиси Жабир аль-Ахмаддын жубайынын суранычы менен Абдуррахман Африкага мечит салууга жөнөйт. Малавидеги Ислам принциптерин билбеген мусулмандарды көрүп, анын жүрөгү оозуна тыгылат. Алар жадагалса, толук даарат алууну да билишпейт эле. Ошону менен бирге Сумейтти бул өлкөдөгү христиан миссионерлердин активдүүлүгү таң калтырат. Ал эми ал Африкада Исламга чакыруу дээрлик жок болчу. Кээ бир Малави имамдары Фатиханы туура окуй алышпайт эле. Бул көрүнүшкө кайдигер карабаган Абдуррахман Африка элине Исламды жеткирүү үчүн бүткүл күчүн жумшоону чечет. Жубайы Умм Сухайб анын улуу максатына жетүүгө жардам берген, ар убак колдогон. Жолдошунун колуна кол, бутуна бут болгон. Жубайлар өз долбоорлорун ишке ашыруу үчүн бардык мүлкүн, байлыгын жумшашкан. Ошондой эле алар Африка континентине мечиттерди жана мектептерди салуу үчүн берешен Кувейт элинен жана Перс булуңундагы өлкөлөрдөн садака чогултушкан.

%article_title%

Бул жерде жаш доктор Африканын мусулман “Түз жардам” уюмун негиздейт. Уюм өз ишин баштагандан тарта Сумейт катардагы дарыгер болуп иштеп баштаган. Кичинекей уюм Африканын ар кайсы өлкөлөрүндө филиалдарын ачып, алардын саны кийин 30га жетет. Акырындап “Түз жардам” ишмердүүлүк чөйрөсүн кеңейтти. Уюм 124 оорукана жана диспансерден тышкары, 860 окуу жай, 204 Ислам борбору, 214 аялдар үчүн билим берүүчү борборлор жана 5700 мечит курган. Мындан тышкары кайрымдуулук уюм Кения жана Занзибарда 2 шарият коллежин ачып, Африканын булуң-бурчунан келген мусулман студенттерине медицина, инженерия, технология боюнча жүздөгөн стипендияларды беришкен. Уюм жалпы ишмердүүлүгүндө 4 университет негиздеп, анын аркасы менен 100 миңдеген студенттер билим алууга мүмкүнчүлүк алышты. Ошону менен бирге 9 миллиондон ашык китеп 22 тилге которулуп, басылып чыккан. Доктор Сумейт өзү да бир нече китептердин автору эле.

50 миң жетим бала турак-жай жана тамак-аш менен камсыз болгон. Алардын көбү кийин бул уюмдун жардамы менен мугалим, дарыгер, инженер, саясатчы болуп, өздөрү да башка муктаждарга жардам бере башташты. Шейх Сумейттин уюму айыл-чарба жана ирригациялык долбоорлорго да катышып, 9500 миң кудук курулган.

%article_title%

Абдуррахман ас-Сумейт активдүү коомдук иштерден тышкары, Ислам динин жайылтууда да зор эмгектерди жасаган. Анын уюму түрдүү африкалык тилдерде жазылган 51 млн Куран көчүрмөлөрүн жана 60 млн буклеттерди таркаткан. Мындай иш-аракеттин аркасы менен 11 миллион адам Исламды кабыл алган.

Сумейт Африканы түрө кыдырган. Мындай сапарлар ал үчүн кээде кооптуу болчу. Убакыттын өтүшү менен оор жумуш жана жашоо шарттын начардыгы терс таасирин тийгизип, Сумейт кант диабети, жогорку кан басымы, бир нече тромб жана безгек ооруларына чалдыккан. Жадагалса, анын кедейлер арасындагы сый-урматын көрө албагандар ага кол салып, өлтүргөнгө чейин барышкан.

%article_title%

Абдуррахман ас-Сумейт өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин талыкпай эмгектенген. Африка элинин жаркын келечеги үчүн, ал жерде Исламды жайылтуу үчүн бардык аракетин жумшаган. Ал 2013-жылы жүрөк оорусунан улам бул дүйнө менен кош айтышты. Бирок Абдуррахман ас-Сумейт үммөт үчүн улуу үлгү көрсөтүп кетти. Анын эмгеги мусулмандар арасында эч качан унутулбай, түбөлүк өрнөк болуп калмакчы.



Намаз убактылары
16 май 2022г.
Багымдат
3:36
Күндүн чыгуу
5:37
Бешим
12:58
Аср
18:08
Шам
20:23
Куптан
21:57
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов