Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

“Молдо” лакабын алып жүргөн кыргыз акындары

Автору: Кундуз Апышова / Сүрѳттѳр: интернет / Жарыяланды: 29 декабрь 2021

Мурда кыргыздар “молдоке” деп сабаттуу жана агартуу тармагында чоң салымы бар инсандарга урмат менен кайрылышчу. Бирок совет доорунда молдолорду эски бай-манаптык коомдун жактоочулары деп, кыйла куугунтукка алышкан. Ошого карабастан, карапайым калк арасында алар жогорку даражага ээ болуп, дайым сыйланып келишкен.

%article_title%

Кыргыздын молдо акындары мусулмандардын эркиндиги үчүн күрөшкөн, маданиятын көтөрүүгө умтулган, сабаттуулукка жол ачкан өз доорунун алдыңкы адамдары, улуттук интеллигенциянын алгачкы өкүлдөрү деп сыймыктануу менен айта алабыз. Бүгүнкү макалабызда “молдо” лакабын алып жүргөн акын-ойчул, агартуучулардын айрымдарына токтолуп өтмөкчүбүз.

Молдо Нияз Эрназар уулу

%article_title%

Молдо Нияз Кадамжай районунун Кызыл-Булак кыштагында туулган. Такыба мусулмандардын чөйрөсүндө өскөн бала жаш чагынан эле айылда исламий адабияттарды окуй баштап, кийин Каратегинге барып медреседе окуйт. Андан кийин Кашкарда билим алат. Кийин кайра Фергана өрөөнүнө кайтып, Маргалан медресесинде окуусун улантат. Үч жерде окуу; фарсы, араб, чагатай тилдерин үйрөнүү анын өз мезгилинин өтө илим-билимдүү инсан болуусуна шарт түзгөн.

Ал акын гана эмес, атайын медресе ачып, балдарды окуткан агартуучу, Ислам окуусун таратуучу, Фергана өрөөнүндөгү диний билим берүүнүн уюштуруучусу да болгон. Молдо Нияз жаш балдарды араб тамгасы менен кыргызча окуткан, медресе ачкан.

Анын поэзиясы да, оозеки баяндары да динге барып, бардык нерсе Ислам идеялары менен чечилген. Чыгармаларынын көбү диний мазмунда, өмүр-өлүм, адеп-ахлак, жамандык-жакшылык, бул дүйнө, тиги дүйнө сыяктуу философиялык-этикалык темаларда болгон.

Чыгармасынан үзүндү келтиребиз:

“Бактылуу жан кылыпсың,

Мукамбеттин үммөтүн

Көзгө көркөм кылыпсың

Дин исламдын келбетин”.

Нурмолдо Наркул уулу

%article_title%

Жазгыч жана төкмө акын, ойчул, агартуучу Нурмолдо Ала-Бука районунун, Кош-Терек айылында төрөлгөн. Тогуз жашында кыштактагы мечиттен сабатын жойгон. Аны окуткан молдо баланын зээндүү жана идирек экенин байкап, эки жылдан кийин Намангандагы кыргыз медресесине жиберет. Нурмолдо медреседе окуп жүрүп эле балдарга сабак бере баштаган. Айылдарга мечит курдуруп, балдарды окуткан. Меккеге барып ажы болуп келген.

Нурмолдо ырларын кагазга түшүргөн жана төгүп ырдаган акын эле. Анын "Замана", "Молдо кыргыз медресесиндеги ыр" аттуу чакан эки китеби жарык көргөн. Аллахтын Элчиси Мухаммеддин ﷺ өмүрүнөн таасирленип, “Наадан менен Пайгамбар” чыгармасын жараткан. Совет доорундагы молдолордун, Ислам илимпоздорунун артынан куугунтук жүргүзгөн мезгилде кол жазмалары жоголуп, өзү өлгөндөн кийинки мезгил каарынан чочулаган туугандары, урпактары атайылап жоготкон учурлары да болгон деп айтылат.

Молдо Кылыч Шамыркан уулу

%article_title%

Кыргыздын алгачкы жазгыч акыны Молдо Кылыч Кочкордун Бугучу деген жеринде төрөлгөн. Ал жаш кезинен диний сабаты ачылып, ырларын жазма түрүндө жараткан. Кылыч арабча кат тааныганды адегенде жумгалдык чала молдо Баян дегенден үйрөнөт. Кийинчерээк акын Чүйдөгү Мамбеталы менен Ак Молдодон жана Токмоктогу Закир Халифадан сабак алып, казак, татар тилдеринде чыккан газета-журналдарды окуйт. Молдо Кылыч өзү жашаган учурдагы коомдун зиреги, шарттуу түрдө билимдүүсү, карапайым элдин мүдөөлөшү болгон. Анын “Зилзала” деп аталган чыгармасы 1911-жылы Казан шаарында араб алфавити менен басылып чыккан. Бул жагдай кыргыз элинин тарыхында басмага жарыяланган алгачкы чыгармалардан болгондугун айгинелейт.

Чыгармаларында элди эмгекке, бак-шак тигип, отурук алууга үндөгөн. Паракорлор менен зулумдарды жектеп, орус падышачылыгынын эзүүчүлүк саясатына каршы болгон. Адилет, теңдик заманын көксөгөн. Эл бийлеген манаптардын бузук иштеринин таасиринен, адамдардын динден тайганынан калктын адеп-ахлагынын бузулушун көргөн.

Чыгармасынан үзүндү келтиребиз:

“Буйрук болсо Алладан

Биз да бир күн өлөбүз.

Жакшылык менен жамандык

Жазуубуздан көрөбүз”.

Тоголок Молдо

%article_title%

Тоголок Молдонун өз аты – Абдырахман уулу Байымбет. Акын Ак-Талаа районуна караштуу Күрткө айылында 1860-жылы жайдын алгачкы күндөрү кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Эл оозунда айтылып жүргөндөргө караганда, эртелеп сабатын жоюп, тамга таанып калган кара тору тоголок жүздүү Байымбетти айылдагы келин-кесектер “Тоголок Молдо” деп тергеп алышкан.

9 жашынан Байымбет айылдык молдодон бир аз сабат алып, андан соң айылдагы мусулмандар мектебинде окуган. Эл оозуна алынып, акын гана эмес "Манасты", "Семетей" менен "Сейтекти" айткан.

Тоголок Молдо жаш кезинен эле кичине балдарды тамгага үйрөтүп, эл агартуучулук кылган. Ал өз чыгармаларында козгогон маселелер жаш муундарга тарбия берүү, ата-эненин байлыгына чиренүүчүлүктүн терс кесепеттери сыяктуу азыр да курчтугун жогото элек маселелерди чагылдырган. Акын балдар үчүн жомокторду, ырларды жазган. Санат-насыят ырлары да кыргыз элине мураска калган. Ошондой эле Тоголок Молдо кыргыз тилиндеги алгачкы тамсилдердин автору.

Сиз агартуучулукка салым кошкон кайсы акын молдолорду билесиз?



Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
16 май 2022г.
Багымдат
3:36
Күндүн чыгуу
5:37
Бешим
12:58
Аср
18:08
Шам
20:23
Куптан
21:57