Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Улуу имам Абу Ханифа жөнүндө кызыктуу 15 факт

Автору: Кундуз Апышова / Жарыяланды: 17 февраль 2022

Ислам үммөтүнөн илими менен мусулмандарды нурданткан көптөгөн улуу аалымдар, ойчулдар чыккан. Алардын ичинен улуу имам Абу Ханифаны айтпай кетүүгө болбос. Ал – факих жана мухаддис, Ханафий мазхабынын негиздөөчүсү. Абу Ханифа Ислам укуктук илими (фикх) менен Ислам ишеним негиздерин (акыйда) калктын калың катмарына жеткирүүдө, Ислам маданиятынын өсүп-өнүгүшүнө опол-тоодой салым кошкон.

%article_title%

Имам Азам тууралуу имам Шафий:
“Адамдар фикх илиминде Абу Ханифага көз каранды”
деген.

Ошондой эле имам Ахмад Ханбал минтип айткан:
“Абу Ханифа илимде, такыбаалыкта, акыретке даярданууда жана Аллахтын ыраазычылыгын башка нерселерден жогору коюуда бөлөктөр жете алгыс өзгөчө бийик даражага жеткен”.

Абу Ханифанын өмүр жолу, анын кулк-мүнөзү, такыбаалыгы тууралуу китеп жазсак, бир китепке баарын сыйдыра албайт чыгарбыз. Анткени улуу инсандын өрнөктүү жашоосун бир китепте чагылдыруу аздык кылат. Ошентсе да улуу аалым Абу Ханифанын өмүр жолуна байланыштуу кыскача фактыларды окуп чыгууну сунуштайбыз.

1. Абу Ханифа 699-жылы Ирактын Куфа шаарында төрөлүп, такыбаа жана бардар мусулман үй-бүлөдө чоңойгон. Атасы Сабит шаарда кийим-кече жана кездемелер менен иштеген соодагер киши болгон.

2. Имам Азамдын азан чакырылып коюлган аты Нуман. Нуман – “Жараткандын сыйы”, “жыпар жыттуу гүл өсүмдүгү” деген маанини берет. Бул ысым имамдын өзүнө абдан жарашат. Себеби ал Ислам дүйнөсүнө Жараткандын улуу сыйы катары жаралып, ааламга илимдин жыпар жытын тараткан инсан экендиги талашсыз.

3. Абу Ханифанын чоң атасы Зута Исламды кабыл алгандан кийин улуу сахаба азирети Али (р.а) менен Куфа шаарында жолугат. Ошондо Али (р.а) Зутаны ээрчий келген уулу Сабитти көрүп:

“Алла Таала уулуңузга жана анын болочоктогу урпактарына мол береке, кенен дөөлөт берсин!”
– деп дубасын берген.
Имам Азамдын илими менен атагы дүйнөгө таралышына, элге өрнөк болор бийик даражага жетишине ошол батанын касиети тийгендиги айтылат.

4. Имам 16 жашка толгондо атасы аны ээрчитип ажылыкка жана Пайгамбарыбыздын мечитин зыярат кылууга алып барган. Абу Ханифа өмүрүнүн акырына чейин 55 жолу ажылык кылган.

5. Абу Ханифа жеткинчек курагында эле Куранды толук жатка билген. Куран кыраатын атагы дүйнөгө белгилүү жети устаттын бири Имам Асымдын дал өзүнөн үйрөнгөндүгү айтылат.

6. Бала кезинен атасына жардамдашып, соодагерчилик менен алектенген Абу Ханифа илим алууга да көңүл бурчу. Ал оболу сарв-нахви илимин (грамматика), араб тили жана адабиятын майын чыгара өздөштүргөн. Биротоло илим алуу жолуна түшүүсүнө имам Шаабинин төмөнкү осуяты таасир этет:

“Илим алууну, уламалардын дарстарына катышууну эгерим калтыра көрбөгүн. Мен сенин кыраакы, зээндүү жана аракетчил экениңди көрүп турам”. Бул насааттан кийин Абу Ханифа толугу менен илимге багыт алган.

7. Улуу имам 55 жыл ичинде көптөгөн аалымдарга жолугуп, алардан сабак алган. Ошентип, ал жаш кезинен илимдин артынан сая кууп жүрүп, миңдеген устаздардан сабак алганга жетишет.

Бирок алардын ичинен эң көп Хаммад ибн Сулаймандан илим алган. Хаммад Ирактагы фикх илиминин атактуу өкүлү, көрүнүктүү устаздардан болгон. Абу Ханифа 18 жыл бою анын жанында жүрүп, жакын шакиртине айланат.

8. Абу Ханифа Курани Каримди өтө көп окучу. Ал өмүрүндө Куранды баштан аяк 70 миң жолу хатым кылып, окуп чыккан.

9. Ал дайыма күндүзү орозо кармап, түнү ибадат кылчу. Көп намаз окуп, көп сажда кылгандыгынан улам тизелерин чор баскандыгы тууралуу маалыматтар айтылат. Абу Ханифа 40 жыл бою куптан намазынын даараты менен багымдат намазын окуган.

10. Имам Абу Ханифанын пикири боюнча, фикх илими – адамдын өз укуктары менен милдеттерин билүүсү. Илим амал кылуу үчүн гана керек. Ал минтип айткан:

“Бүт дене мүчөлөр көздүн көрүүсү аркылуу иш-аракет кылганы сыяктуу эле амал да илимге баш иерин биле жүргүн. Наадандык менен аткарылган амалга караганда, аз болсо да илим менен амал кылган артык”.

11. Имам Азам оор басырыктуу, көп сүйлөбөгөн, жакындары менен байланышын үзбөгөн, абдан жакшы аңгемелешип, адамдарды кубанычка бөлөгөн, эч кимдин артынан сүйлөбөгөн адам болгон. Башкалардан сылыктыгы жана жакшы мүнөзү менен айырмаланып турган. Ал элдин бактылуу болуусу үчүн жан үрөп, садака берүүнү өмүр бою уланткан.

12. Абу Ханифа жарашыктуу сакал койгон, келбети келишимдүү, жүзү жылдыздуу, орто бойлуу, үнү уккулуктуу болгон. Жакшы жана таза кийинип, жыпар жыттарды дайыма колдонор эле.

13. Абу Ханифа илимге терең маани бергениндей эле шакирттеринин үстүнөн үйрүлө түшүп, аларга абдан көңүл бурчу. Имам Азамдын Ислам укуктук илимдерин системалаштырган жана Ислам укугунун методикасына чоң ачылыштарды жасаган миндеген шакирттери болгон. Алардын арасынан кырктан ашууну мужтахид даражасына жеткен аалым болушкан.

Абу Ханифа шакирттерин өз теңтушу, досу сыяктуу көрүп, дайым алар менен жылуу мамиледе болгон. Шакирттери үчүн бүткүл дитин, дилин берчү.

14. 767-жылы Аббас халифи Абу Жафар Мансур Абу Ханифага мамлекетке башкы казы болуусун сунуштаган. Имам Азам бийликке келүүдөн баш тарткандыктан, аны зынданга салышат. Күн сайын абактан алып чыгып, 10 балак урдуруп, имамды жазалап турушкан. Абу Ханифа ошол учурдагы бийлик саясатынын зулумдугуна шерик болууну каалабагандыгынан бийликке келүүдөн баш тарткан болчу.

15. Абу Ханифа 70 жаш курагында камакта жаткан жеринде, сажда кылган абалда каза болгон. Анын жаназа намазына 50 миң адам катышкан. Эл көп болгондугуна байланыштуу 6 жолу жаназа намазы окулган. Өзүнүн керээзи боюнча сөөгү Багдаддагы Хайзуран көрүстөнүн коюлган.



Намаз убактылары
28 июнь 2022г.
Багымдат
3:09
Күндүн чыгуу
5:25
Бешим
13:05
Аср
18:25
Шам
20:49
Куптан
22:32
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов