Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Сүйлөөнүн 10 адеби

Жарыяланды: 28 февраль 2022

Биз айлана-чөйрөбүзгө сөзүбүз аркылуу оң, же терс таасир этишибиз мүмкүн. Ошондуктан чыныгы мусулман сүйлөө адебин сактап, өзүнө жана башкаларга зыян тийгизип албагыдай болуш керек.

%article_title%

Бул макалада пайгамбарыбыздын ﷺ үлгүлүү жашоосунан алынган сүйлөө адептерин сунуштайбыз.

1) Ашыкча сүйлөөдөн сактануу

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:

“Пайдасыз нерсени таштоо – Исламдын кооздугунан”.

Хинд бин Аби Хаала айтты: “Пайгамбарыбыз ﷺ зарылчылыксыз сүйлөбөйт эле”.

2) Жакшы сөз сүйлөө, болбосо унчукпоо

Аллахтын элчиси ﷺ айткан:

“Ким Аллахка жана Акырет күнүнө ыйман келтирсе, жакшы сөз сүйлөсүн, же унчукпасын”.

3) Шашылбастан, ачык жана таза сүйлөө

Айша (р.а) айтат:

“Пайгамбарыбыздын ﷺ сөзү силердин сүйлөп жатканыңар сыяктуу эмес эле. Ал так жана даана сүйлөйт эле, жанында отургандар аны жаттап алышчу”.

4) Сөздүн тууралыгын ойлонуп, толук түшүнүү менен сүйлөө

5) Орчундуу, мазмундуу сөздү 3 жолу кайталоо

Анас бин Малик (р.а) айтты:

“Пайгамбарыбыз ﷺ адамдар жакшы түшүнүүсү үчүн сөзүн 3 жолу кайталайт эле.

6) Ачууланып жатса, жини тарагандан кийин сүйлөө

7) Чындыкты гана айтып, калп сүйлөөдөн сактануу

Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:

“Силер чындыкты сүйлөгүлө. Анткени чындык жакшылыкка, ал эми жакшылык бейишке алып барат. Жалгандан сактангыла. Анткени жалган күнөөгө, ал эми күнөө тозокко жеткирет.

8) Күнөөкөр жана бузуку адамдарды мактоодон качуу

Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:

“Эгер бузуку адам макталса, Аллах Таала ачууланат жана Арш титирейт”.

9) Оройлуктан жана кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуу

Хинд бин Аби Хаала мындай деген:

“Пайгамбарыбыз ﷺ катуу мүнөз жана кемсинтүүчү адам эмес эле”.

10) Сүйлөөдө жана суроо берүүдө улууларга кезек берүү



Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
28 июнь 2022г.
Багымдат
3:09
Күндүн чыгуу
5:25
Бешим
13:05
Аср
18:25
Шам
20:49
Куптан
22:32