2019-жылы түштүк кореялык поп-ырчы жана актер Жей Ким Ислам динин кабыл алгандыгы тууралуу билдирүү жасап, күйөрмандарын таң калтырган эле. Ал жакында умрага барып, бардык мусулмандар үчун дуба кылып келди. Бул материалда Дауд Кимдин динге келүүдөгү жолу тууралуу окуй аласыз
Жей каймана аты менен белгилүү Дауд Ким 1983-жылы 8-апрелде төрөлгөн. Ал бала кезинен эле музыкага кызыгып, көптөгөн музыкалык фестивалдарга катышып жүрчү. Ошентип, бара-бара популярдуулукка ээ болот. 2013-жылы Дауд Ютубда канал ачып, жашоо образын чагылдырган видеолорду жүктөй баштаган. Учурда анын Ютуб каналында 3,32 млн катталуучусу бар. Жей Ким 2019-жылы Исламды кабыл алгандыгын жарыялоо менен көпчүлүк күйөрмандарын күтүүсүз абалга кептеген. Дауд болсо, бул чечим дароо кабыл алынбагандыгын, ал көптөн бери Ислам динине кызыгып келгендигин айтат.
Ким Ислам тууралуу алгач 11-сентябрь (АКШда терракт орун алган) окуясынан кийин уккан. Бирок ошол кезде маалымат каражаттары Исламды терс жагынан чагылдыргандыктан, ал динибизди коркунучтуу деп эсептечү. Анын Исламга болгон мамилеси Индонезияда жүргөндө өзгөрөт. Жакартадагы гастроль учурунда күйөрмандары менен жолугуп, мусулмандардын боорукер жана мээримдүү экендигине көзү жетет.
Дауддун Ислам менен болгон экинчи жолугушуусу ырчы музыкага болгон кызыгуусу өчуп, руханий кризиске батып туурган маалда орун алган. Ошол учурда Youtube каналы аркылуу ал көптөгөн мусулмандар менен таанышып, Ислам динин көбүрөөк биле баштайт.
Дауд Куран окуп, Исламды жакшыраак түшүнүү үчүн Пайгамбарыбыздын өмүр баянын изилдеген. Мечитке көп барып, намаз окуй баштаган. Бул аракеттердин баары бүт нерсенин Жаратуучусу Аллахка болгон ишенимин бекемдеген.
Акыры Дауд Ислам динин кабыл алгандыгын билдирет. Ошондой эле Сеулда шахадат келмесин келтирген видеосун Youtube каналына жарыялайт. Анын аркасынан аялы да Исламга келген.
Жакында эле Дауд Ким умра сапары учурунда тушкөн сүрөттөрүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн.