Ыйык Рамазан айы Ид аль фитр («фитр» – ооз ачуу дегенди билдирет) деп аталуучу кубанычтын жана жалпы бактылуулуктун күнү болгон Орозо Айт майрамы менен аяктайт. Пенде Аллах Таалага болгон шүгүрүн өлчөмү аныкталган фитр-садакасын таратуу аркылуу билдирет.
Абу Дауд (Ага Аллах ырайым кылсын) Ибн Аббастан риваят кылат:
Ошондуктан фитр-садака – бул милдеттүү (важиб) садака. Анын өлчөмү жана эмнелер менен (курма, буудай ж.б.) берилери Аллахтын Элчисинин ﷺ буйругу менен хижранын экинчи жылында, Рамазан айында орозо кармоо парз болгондон кийин белгиленген.
Азыркы учурда бул садаканын өлчөмү мурдагы эле тартипте эсептелет. Өзгөрүүлөр мурдагы нерселер белгиленген тизмелерди камтып кетсе дагы (мисалга, азыркы учурда фитр-садака көбүнчө акчалай түрдө берилет), садаканы таратуунун максаты түбөлүккө төмөндөгүлөр болуп эсептелет:
Жараткан Аллах Тааланын биздин туткан орозобузду кабыл алуусу жана ал үчүн бизге береке берүүсү үчүн;
Биздин орозо кармообузга берген күч-кубаты үчүн Жараткан Аллах Таалага шүгүр келтирүүбүз үчүн;
Орозонун аяктоосу чыныгы улуу, нурдуу жана бактылуу майрам болуусу үчүн;
Муктаждар (кедейлер, колунда жоктор) башка адамдар менен чогуу элди бириктирген, үммөттү дагы да бекем кылган майрамды майрамдап алуулары үчүн.
Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы фитр-садаканын өлчөмүн 2022-жыл үчүн төмөндөгүдөй өлчөмдө аныктады: