Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Рамазандан кийин да жакшы иштерди кылууну улантыңыз

Жарыяланды: 30 апрель 2022

Ыйык Рамазан айы – бул тазалануунун жана жаңылануунун мезгили. Ал кургакчылыктан сактай турган булак сыяктуу. Анын суусу менен сугарылган жерде жакшынакай өсүмдүктөр өсүп чыгат, ичкен адам күч-кубат алат.

%article_title%

Бирок көпчүлүк учурда кээ бир мусулмандардын жүрөктөрү адилетсиздиктен, абийирсиздиктен, такыбаалыктын жоктугунан, руханий жакырлыктан жана бузулуудан ушунчалык кургап калган. Аларды кайрадан туура жашоого кайтаруу үчүн мындай булактын бир жутум суусу жетишсиздик кылат.

Ал эми Рамазан айы болсо, адамдарга бузулган жүрөктөрүн, кайрымдуулук, сабырдуулук, боорукерлик, баш ийүү, момундук жана моюн сунуу аркылуу айыктыруу мүмкүнчүлүгүн берет. Адамдар руханий илдеттеринен кутулуу менен туура жашоого кайтышат. Напси кумарын козгоочу жайларга барууну каалагандар - мечиттерге умтулушат; Исламдагы четке кагылган иштерди жасоочулар - муктаждарга жардам беришет, мурда боору таш жана чатакты жакшы көргөн адамдар - боорукер жана ырайымдуу боло башташат.

Тилекке каршы, мындай жаңылануу кээ бир адамдар үчүн утурумдук көнүгүү , эрмек же мода сыяктуу болуп калышы мүмкүн. Бул жакшы башталыш бир ай менен гана чектелип, айдын бүтүүсү менен алар ачка калган адам сыяктуу соргоктукка, абийирсиз иштерге, кумар оюндарына мурункудан беш-бетер жутунушат. Рамазан айында адамдарга толуп, Жараткан Аллах Таалага ибадат кылуучулардын дубасынын берекеси менен нурланып турган мечиттер Ыйык айдын аяктоосу менен ээн калат. Кайрымдуулук, боорукерлик сыяктуу сапаттар бир жылга кайрадан сүргүнгө айдалат.

Таза кездемеге жуккан чаңды жана аны кетире албай жатканыңызды элестетип көрүңүз. Рамазанда тазаланып алган пенде мурдагы башаламан жашоосуна кайрадан кирип, ыпластыкка ушунчалык баткандыктан, аны эч кандай булак менен жууп, кетирүүгө мүмкүн болбой да калат. Мына ушундай абалга туш болуп калбаш үчүн ар бир мусулман өзүнө: «Рамазандан кийин мен кандай адам болом жана эмнелерди кылышым керек?» деген суроону берүүсү зарыл.

Эсиңерде болсун: Рамазан - бул тазалануунун башталышы. Жылдын калган айлары сиздин ниетиңиздин жана ыйманыңыздын канчалык бекем экендигин көрсөтөт.



Намаз убактылары
28 июнь 2022г.
Багымдат
3:09
Күндүн чыгуу
5:25
Бешим
13:05
Аср
18:25
Шам
20:49
Куптан
22:32
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов