Рамазан айы аяктап, эртең Орозо Айтты майрамдоо алдында турабыз. Исламда Орозо Айт – өтө маанилүү эки күндүн бири. Бул макалада Орозо Айтта кылынчу адептерди сунуштайбыз.
Айт түнү ибадат кылууга маани берүү
Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Кимде-ким Айттын түнүндө жана Шаабан айынын 15-түнүндө ибадат кылса, жүрөктөр өлгөн күнү анын жүрөгү өлбөйт” (Муъжам ибнулт-Ъаробий).
Мисвак колдонуу
Улуу аалым Ибнуль-Мусаййаб (ага Аллах ырайым кылсын) айткан: “Айт күндөрү мисвак колдонуу сүннөт болуп саналат” (Мусаннаф Абдурразак).
Гусул алуу
Имам Наафиъ (ага Аллах ырайым кылсын) айтат: “Азирети Умар (ага Аллахтын ыраазычылыгы болсун) Орозо айт күнү намаз аянтчасына баруудан мурун гусул алат эле” (Муатта Малик).
Атыр себинүү
Жума жана Айт сыяктүү күндөрдө атыр колдонуу эркектерге сүннөт болуу өкүмү бекемделет (Жамъуль-Васааил).
Жакшы кийим кийүү
Имам Наафиъ (ага Аллах ырайым кылсын) айтат: “Азирети Умар (ага Аллахтын ыраазычылыгы болсун) эки айтта эң жакшы кийимдерин киет эле” (Шарху Суннаа).
Айт намаздарынан мурун эч бир нафил намаз окубоо
Азирети Абу Саид Худрий (ага Аллахтын ыраазычылыгы болсун) айтат: Аллахтын элчиси ﷺ Айт намазынан мурун эч бир намаз окубайт эле” (Ибну Маажа).
Айт намаздарына баруудан мурун фитр-садаканы берүү
Азирети ибн Умар (ага Аллахтын ыраазычылыгы болсун) айткан; “Пайгамбарыбыз ﷺ адамдарга Айт намазга чыгуудан мурун фитр-садаканы берүүнү буюрган” (Бухари).
Айт намазга курма жеп баруу
Мүмкүн болсо, Айт намазына жөө баруу
Азирети Саъд (ага Аллахтын ыраазычылыгы болсун) айтат: “Пайгамбарыбыз ﷺ Айт намазына жөө чыгат эле” (Ибну Маажа).