Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Шавваль айынын 6 күндүк орозосу

Жарыяланды: 4 май 2022

Орозо Айт майрамы бүткөн соң Шавваль айында 6 күн орозо кармоо –мустахаб.

%article_title%

Бул орозонун адамзатка чоң тарбиясы бар. Биз бир ай бою жамандан тыйылып, бир канча кошумча ибадаттар менен алек болуп, өзгөрүүнүн туура жолуна түшүп алабыз. Рамазан бүтөрү менен бул аракетибиздин дароо үзүлүп калуусу руханий дүйнөбүзгө жана ден соолугубузга тескери таасир тийгизип коюшу мүмкүн. Рамазан аяктагандан соң да орозонун даамын сезип, Аллахка жакындоонун аракетинде болуубузга Шавваль айындагы орозо түрткү берет.

Рамазан айынан кийин ким ушул күндөрү орозо кармаган болсо, 1 жыл бою орозо кармагандын сообун алат. Аллахтын элчиси минтип айткан:

«Ким Рамазанда орозо тутса, артынан Шавваль айында ага алты күн кошсо, бир жыл орозо туткандай болот»
(Муслим)

Аллах Таала Куранда мындай дейт:

“Ким бир жакшылык кылса, ага андайдан он эсе бар. Ким бир жаманлык кылса, ага ошондой гана жаза берилет. Алар зулум кылынбайт”

(6:160)

Бул аятты Абу Хурайра (ага Аллахтын ыраазычылыгы болсун) мындайча чечмелейт:

“Аллах Таала ар бир жакшы амалдын сообун 10 эсеге көбөйтүп берет. Рамазан айында 30 күндүк орозо – 300 күн орозо кармагандын сообуна ээ кылса, Шавваль айынан дагы 6 күн кошулуп тутулган орозо – 60 күнгө барабар соопко ээ кылат” (Мусулман календары боюнча бир жылда ±360 күн бар).

6 күн орозону катары менен да, тыныгуу менен да кармап бүтүрсө болот. Ошол ай бүткүчө каалаган алты күнүн тутуп берсе жарайт.



Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
28 июнь 2022г.
Багымдат
3:09
Күндүн чыгуу
5:25
Бешим
13:05
Аср
18:25
Шам
20:49
Куптан
22:32