Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Пайгамбарыбыздын ﷺ тамашакөй жубайы Савда бинт Зама тууралуу 12 факт

Жарыяланды: 27 май 2022

Аллах Тааланын сүйүктүү пендесине жубай болуу бактысына жеткен аруу энелерибиз жөнүндө кызыктуу маалыматтарды жарыялоону улантабыз. Бул жолу Пайгамбарыбыздын кайрымдуу, ак көңүл, жумшак мүнөз жубайы Савда энебиз (р.а) тууралуу айтып беребиз.

%article_title%

1. Пайгамбарыбыздын ﷺ 2-жубайы азирети Савда бинт Зама хижраттан 58 жыл мурун, болжол менен 565-жылдары төрөлгөн. Ал Бани Амир уруусунан чыккан.

2. Азирети Савданын (р.а) биринчи күйөөсү Сакран бин Амр (р.а) алгачкы мусулмандардан болгон. Ал күйөөсү менен биргеликте 2-Хабашистан хижратына катышкан. Савда энебиз (р.а) күйөөсү Сакрандан 5 бала төрөгөн.

3. Азирети Савда (р.а) күйөөсү тирүү кезинде түш көрөт. Түшүндө чалкалап жаткан кезде, асмандан түшүп келген толгон Ай аны каптап калат. Күйөөсү мындай дейт: “Ажалым жакындап калды өңдөнөт. Мен көз жумгандан кийин сен Аллахтын элчисине ﷺ турмушка чыгасың”. Ошол күнү күйөөсү сыркоолоп, бир канча күндөн кийин көз жумат.

4. Азирети Хадижа энебиздин (р.а) дүйнөдөн өткөнүнө болжолдуу 2,5 жыл өткөн. Пайгамбарыбыз ﷺ 3 кызы менен жалгыз жашачу. 620-жылы Аллахтын элчиси Рамазан айында Хаула бинт Хакимдин (р.а) сунушу менен 5 баласы бар, 50-55 жаштагы Савдага (р.а) үйлөнгөн.

5. Пайгамбарыбыз ﷺ Савда энебизге (р.а) 400 дирхам махр-калың берген. Курайш уруусу бул баш кошууга абдан таң калган. Себеби азирети Савда (р.а) жашы бир топко барып калган, көп балалуу жесир аял эле.

6. Азирети Савда пайгамбарыбыздын энесинен айрылган кыздарына эне болуп, Аллахтын элчисинин ﷺ түйшүгүн жеңилдеткен. Ал (р.а) сөөктүү, узун бойлуу, жүрөгү назик, дайым күлүмсүрөп жүргөн, тамашакөй, дили таза, оор басырыктуу, баарына ишенимдүү жана өтө берешен аял эле. Баскан-турганы Пайгамбарыбыздын ﷺ купулуна толуп, аны жылмайткан.

7. Пайгамбарыбыз хижрат кылгандан кийин Мадинада Набавий мечитинин түштүк-чыгышына азирети Савда энебиз (р.а) үчүн бир бөлмө курдурган. Бул шыптары кылдан жасалган кийиз менен жабылган, кирпич жана курма шактары менен курулган өтө жупуну бөлмө болгон.

8. Азирети Савда (р.а) Таиф шаарынан алдырган малдын терилерин колдо ыштап, иштеп, аны кайра саттырган. Пайгамбарыбыз ﷺ ага Хайбардан келген үлүштөн жылына 80 васк (10400 кг) курма, 20 васк (2600 кг) арпа бөлүп берген. Бирок Савда энебиз (р.а) бул үлүштү кедей-кембагалдарга таратып жиберчү.

9. Азирети Савда Ухуд согушуна катышып, жарадар болгон жоокерлерди дарылоо иштерине жардам көрсөткөн. Башка аруу энелерибиз менен биргеликте коштошуу ажылыгына да катышкан.

10. Пайгамбарыбыз ﷺ бир күнү: “Бул ажылыгыңар – акыркы ажылык, мындан кийин сыртка чыгууңарга чек коюлат”, - деп айтат. Пайгамбардын буйругуна баш ийген азирети Савда энебиз (р.а): “Мен ажылык да, умра да кылдым. Мындан кийин Аллах Таала буйругандай үйдө отурам”, - деп, Пайгамбарыбыздын ﷺ сөзүн көкүрөгүнө бек сактап, адамзаттын асылы өткөндөн кийин да сыртка чыккан эмес. Дайыма ибадат кылуу менен күн өткөргөн.

11. Азирети Савда (р.а) Айша (р.а) энебизди абдан жакшы көрүп, урматтап сыйлачу. Айша (р.а) энебиз да Савданы (р.а) сыйлап, ал тууралуу мындай деген: “Мен жашоомдо ал-абалы, турмуш-тиричилиги жагынан Савда бинт Замадай сүйкүмдүү аял көрбөдүм. Анын өтө бекем ыйманы бар эле”.

12. Азирети Савда энебиз (р.а) Аллахтын элчиси ﷺ менен 13-14 жыл бактылуу турмуш өткөргөн.



Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
11 август 2022г.
Багымдат
4:13
Күндүн чыгуу
6:04
Бешим
13:07
Аср
18:05
Шам
20:14
Куптан
21:40