Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Пайгамбарыбыздын сүйүктүү жубайы Айша энебиздин 14 өзгөчөлүгү

Жарыяланды: 8 июнь 2022

Аялзатынын Айы, асманда жаркыраган чолпон жылдызы азирети Айша (р.а) энебиз эң илимдүү, зээндүү аял болгон. Айша бинт Абу Бакр (р.а) пайгамбарыбыздан ﷺ 2210 хадис риваят кылган.

%article_title%

Азирети Айша (р.а) башка энелерибизден таптакыр айырмаланып турар эле. Кээ бир аалымдар бул айырмачылыктардын саны 40ка жетерин айтышкан. Бул материалда пайгамбарыбыздын ﷺ сүйүктүү жубайы Айша (р.а) энебиздин өзгөчөлүктөрүн айтып беребиз.

1. Айша (р.а) илими жагынан эч кимди алдыга чыгарган эмес. Кайсы бир маселенин түйүнүн чече албагандар Айша (р.а) энебизге келип кайрылышчу. Кайрылгандар сөзсүз маселенин чечүү жолун таап кетишкен.

2. Меккедеги жылдары Пайгамбарыбыздын ﷺ түшүндө Айша (р.а) көрсөтүлүп, Жебрейил тарабынан жубайы болору сүйүнчүлөнгөн.

3. Аруу энелерибиз арасында бойдок кезинде баш кошуу сыймыгына жеткен бир гана Айша (р.а) энебиз болгон.

4. Атасы азирети Абу Бакр – Аллахтын элчисинин ﷺ эң жакшы көргөн адамы. Жакшылыгы жана улуулугу тизмектелгенде пайгамбарыбыздан кийин эле азирети Абу Бакр (р.а) турат.

5. Пайгамбарыбыздын ﷺ жубайлары арасында Айша (р.а) энебиздин гана атасы да, апасы да мухажир (Меккеден Мединага көчкөндөр) болгон.

6. Азирети Айша (р.а) себепкер болгон окуядан кийин Таямум аяты түшүп, адамдар суу жок жерде даарат алууну үйрөнүшкөн.

7. Аллахтын элчисине ﷺ вахий келгенде, азирети Айша (р.а) гана күбө боло алчу. Пайгамбарыбыз бул тууралуу мындай деген: “Мага вахий Айшадан башка жубайларымдын жанында болгонумда келген эмес”.

8. Пайгамбарыбызга ﷺ белек алып келгиси келген сахаба жакшы кабыл алынат деген ой менен Айшанын (р.а) нөөмөтү келген күнү берүүнү каалачу.

9. Азирети Жебрейилди Дыхя аль-Калбинин (р.а) түспөлүндө бир гана Айша (р.а) энебиз көргөн. Жебрейил ага салам берген.

10. Башка аруу энелерибизге караганда азирети Айшанын (р.а) махры көбүрөок болчу.

11. Пайгамбарыбыз ﷺ жубайларынын арасынан бир гана азирети Айша (р.а) энебиз менен көңүл ачып, жарышка түшкөн. Бул окуя пайгамбарыбыздын ﷺ жашоосунда 2 жолу болгон.

12. Аллахтын элчиси ﷺ Айша (р.а) энебизди бейиште көргөнүн айтып, алаканындагы агы кантип жаркырап тургандыгын сүрөттөгөн.

13. Пайгамбарыбыз ﷺ оорусу күчөгөн акыркы 13 күнүн азирети Айшанын (р.а) жанында өткөргүсү келген. Анын түбөлүк ааламга сапар тартышы Айша (р.а) энебиздин тизесин жазданып жаткан учурда болгон.

14. Аллахтын элчисинин ﷺ сөөгү азирети Айша (р.а) энебиздин нурдуу бөлмөсүндө жерге берилген. Жалпы үммөт кабыл алгандай, ошол жердин топурагы жер жүзүндөгү эң кайырдуу топурак болуп саналат.



Намаз убактылары
11 август 2022г.
Багымдат
4:13
Күндүн чыгуу
6:04
Бешим
13:07
Аср
18:05
Шам
20:14
Куптан
21:40
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов